Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков 8-февралда фейсбукка пост жазып, «ПолитКлиника» медиасын «такталбаган калп маалымат таратты» деп айыптады. Орунбековдун постуна тиркелген ЭлТР каналынын «Атайын репортажында» «басылма кечирим сурабаса, сотко кайрылабыз» деп айтылган.

Ал эми «ПолитКлиниканын» негиздөөчүсү Дилбар Алимова «Клоопко» маек куруп, бийлик өкүлүнүн билдирүүсүн «басылманын ишин дискредитациялоо аракети» деп баалады.

Эмне болду?

3-февралда «ПолитКлиника» басылмасы «Детектор» берүүсүндө ЭлТР мамлекеттик каналынын журналисттеринин «Садыр Жапаровдун убагында электр тармагына бир сом да карыз алынган эмес» деген бүтүмүн ачык булактар аркылуу анализдеп көргөн.

«ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп» деген аталыштагы видеодо «ПолитКлиниканын» журналисттери Кыргызстандын Финансы министрлиги акыркы бир жарым жыл аралыгында өлкөгө дээрлик 466 млн доллар өлчөмүндө насыя алынганы тууралуу маалымат таратканын белгилешкен.

Анда алынган каражат бир катар ички маселелерди чечүүгө жумшаларын, анын ичинде энергетика тармагын реформалоо дагы бар экенин айтышкан.

Ошондой эле, «Детектордо» бийлик Таластагы Киров суу сактагычына «Бала-Саруу» чакан ГЭСин куруу үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 22,9 млн сом каражат алары тууралуу өкмөт маалымат таратканы айтылган.

Насыя алынганы тууралуу дагы бир далил катары, «ПолитКлиника» 2022-жылы ноябрда Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү үчүн «Евразиялык туруктуулук жана өнүктүрүү фонду» 110 миллион доллар кредит бергенин айткан.

«Детектордо» 1-февраль күнү өлкөнүн Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңеште кезектеги насыяны ратификациялап берүү үчүн келгени белгиленип, Дүйнөлүк Банктан бөлүнгөн каражаттын жарымы насыя экени айтылган.

«ПолитКлиниканын» журналисттери ЭлТРдин сюжетинде «эксперт» катары спортчу Актан Ажымамбетов сөз сүйлөгөнүн да көз жаздымда калтырган эмес. Ошол эле учурда, Ажымамбетов буга чейин УТРКда, ЭлТРде жана Регион каналында саясат талдоочу катары тааныштырылып келгенин эскертип өтүшкөн.

Ошентип «ПолитКлиника» мамканалдын сюжети «толугу менен жалган маалыматтан турат жана манипуляция» деген жыйынтык чыгарган.

Орунбековдун позициясы жана ЭлТРдин атайын репортажы 

Бул берүүгө жооп катары ЭлТР каналы «Атайын репортаж» даярдаган. Ал эми Дайырбек Орунбеков ошол сюжетти жарыялап, «президенттин ишмердүүлүгүнө байланышкан жалган маалыматтарга ыкчам көңүл бурабыз жана аныгын тактап бергенге даярбыз» деп жазган.

Орунбеков «ПолитКлиника» такталбаган калп маалыматтарды таратты деп эсептейт.

«Бир жактуу жалган маалымат таратып, коомчулукка туура эмес беришкен. Муну маалыматтык манипуляция, чындыкка дал келбеген карандай калп, өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле жана максаттуу каралоо деп эсептейбиз», — деп жазды Орунбеков.

Ал эми ЭлТРдин журналисти даярдаган атайын репортаж: «Садыр Жапаров президенттик мөөнөтүнүн эки жыл аралыгында эч кандай кредит алган эмес, бул факт», — деп башталат.

Анда «ПолитКлиника» айткан 466 млн доллар кредит Жапаровдун президенттик мөөнөтүнө эч кандай тиешеси жок деп айтылат. Ал эми маалыматты финансы министрлигинин бөлүм башчысы Муратбек Масадыков «тастыктап», бул «мурдагы президенттердин убагында кол коюлган келишимдердин негизинде алынган» деп айткан.

Ал эми «Бала-Саруу» ГЭСин курууга бөлүнгөн каражатты Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду эмес, ички бюджеттен бөлүнгөн дешет алар. Бул маалыматты болсо Энергетика министрлигинин өкүлү Бектур Төрөкулов аттуу адам «тастыктаган».

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү үчүн алынган каражат 2017-жылы ратификациядан өткөн, «азырынча кыргыз тарапка өтө элек» дейт, ошол эле Төрөкулов. Таалайбек Ибраевдин парламенттеги сүйлөгөн сөзү боюнча болсо, каражат колго тие элек деген жүйө келтирилген.

Аны менен катар, видеодо аталган мекемелердин жана ЭлТРдин өкүлү Орунбеков менен бирге олтурганын көрүүгө болот. Орунбеков жолугушууга Дилбар Алимованы дагы чакырышканын, ал келбей койгонун жазган.

«Тилекке каршы, алар чакыруубузга келген жок [...] Маалымат жарыялап жатканда эки тарапка орун берилет. “Политклиника” медиасы Энергетика министрлигине, Каржы министрлигине дагы кайрылып маалыматты тактаган эмес», — деп жазды ал.

«ПолитКлиника» эмне дейт?

«ПолитКлиниканын» негиздөөчүсү Дилбар Алимова «Клоопко» комментарий берип, «Детектордогу» маалыматтар «фактылардын, далилдердин негизинде жазылган» деп билдирди.

«Факты жок болсо, жазмак эмеспиз, биз ачык булактарга таянганбыз. Сотко берем дегени боюнча, коркпойбуз, далилдерибиз бар. Кечирим дагы сурабайбыз. Бизди жолугууга чакырып, “силердин жазганыңар калп экенин түшүндүрүп беребиз” деп жатат. Биз эмне үчүн Дайырбек Орунбековго барышыбыз керек? Ал сот эмес да», — дейт ал.

Ошондой эле, Алимова Орунбеков байланышка чыкканда бийликтин расмий позициясына орун берүү үчүн студияга чакырганын айтат.

«Биз интервью алалы, бийликтин расмий позициясына орун берели деп студияга чакырдык. Дарегибизди сурап алган, бирок келген жок. Бийликтин бул кадамын фактыларга чычалоо жана “ПолитКлиниканын” материалын дискредитациялоо аракети катары бааласак болот», — дейт журналист.

Чынында кандай болгон?

ЭлТР каналы «ПолитКлиника» басылмасына жооп кылып даярдаган «Атайын репортажда» алып баруучу дагы, эксперт катары сүйлөгөн Муратбек Масадыков дагы өлкөгө келген насыялар боюнча макулдашууларга мурдагы президенттердин учурунда кол коюлган деп айтып жатат.

А чынында, 2022-жылдын апрель айында Финансы министрлигинен 2020-жылдын октябрь айынан бери эл аралык өнөктөштөр менен 758,3 млн доллар өлчөмүндөгү каражат алуу боюнча макулдашууга кол коюлганын кабарлашкан. Анын ичинен 291,5 млн доллар — грант, 466,8 млн доллары — насыя.

Ошондо, Финансы министрлигинин бөлүм башчысы Муратбек Масадыков өзү эмгектенген мекеменин билдирүүсүн төгүндөп жатабы?

Алып баруучу «Бала-Саруу» чакан ГЭСин куруу үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 22,9 млн сом бөлгөнү жалган маалымат, бул каражат ички бюджеттен бөлүнгөн деп айтууда.

Финансы министрлигинин маалыматына таянсак, чынында эле энергетика секторун каржылоо жана 2022-жылдын жылытуу мезгилине даярдыктын алкагында, электр энергиясын импорттоого, ошондой эле Ош, Бишкек шаарларынын жылуулук борборлору үчүн жылуулук булактарын сатып алууга, андан тышкары Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун объектилерин курууга багытталган иш-чараларды аткарууга, «Бала-Саруу» чакан ГЭСинин курулушуна 10 567,5 млн сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүнгөн.

Ошентсе да, бул Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен чакан ГЭСтин курулушуна каражат алуу тууралуу келишим жетишилгенин жокко чыгарбайт. Бул макулдашуу Садыр Жапаровдун президенттиги учурунда болуп жатат.

Аны менен катар, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду жакын арада эле, 2022-жылдан тартып аты аталган фонд кайра жаралуучу энергия булактарын өндүрүү боюнча үч долбоорду каржылап жатканын билдирген. Ал эми «Бала-Саруу» ГЭСи жана дагы башка 185 МВт өлчөмүндөгү долбоорлор ушул тапта каралып жатат.