«Манас» эпосунун каармандарынын Midjourney нейротүйүнү чагылдырган таасирдүү сүрөттөрү

Орусияда жашаган кыргызстандык юрист Дариха Разакова Фейсбук барагына «Манас» эпосу боюнча Midjourney нейротүйүнү жасаган иллюстрацияларды жарыялады. Бул нейротүйүн берилген тапшырма боюнча сүрөттөрдү жасаган бүгүнкү күндөгү эң эле заманбап курал болуп эсептелет.

Разакова комментарийде бул иллюстрацияларды нейротүйүндөгү сүрөттөргө кызыккан досторунан алганын айткан.

Жасалма интеллект аркылуу сүрттөрдү жараткан авторлор ким экени жана нейротүйүнгө кандай тапшырма берилгени белгисиз бойдон калды. Бирок эпостун каармандары деталдуу жана реалдуу чагылдырылган. Айрымдарынын көздөрү көк, чачтары кызгылт түстө — бул азыркы илимпоздордун Эне-Сайлык кыргыздардын өң-келбети тууралуу жоромолдоруна кайсыл бир деңгээлде дал келет.

Эпостогу аялдардын портрети делген сүрөттөр дагы жакшы чыккан.

Сүрөттөр топтомунда эпостун каармандарынын ысымдары жок, бирок алар өтө таасирдүү чагылдырылган.

Разакова нейротүйүндөр жараткан сүрөттөр улуттун кадыр-баркын көтөрүүгө аздык кыларын жазган. Юрист ал үчүн «Эртугрул» сыяктуу тарбиялык мааниси терең, музыкасын филармониянын композиторлору, сценарийин тарыхчылар менен психологдор жазган сериал тартуу керек деген пикирде. Ал бул сүрөттөр болсо ийгиликтүү жасалган эсептейт.

«Манас» — кыргыздардын ири эпосу. Ал адамзатынын маданий мурастарынын тизмесине жана «дүйнөдө эң ири эпос» катары Гиннес китебине кирген. Ал үч бөлүктөн турат: «Манас», «Семетей» жана «Сейтек». Анда кыргыз элинин эгемендиги, эркиндиги үчүн күрөшүп, ыйык Ала-Тоону душмандардан бошоткон Манас баатырдын эрдиги баяндалат.

Айрым окумуштуулардын пикринде, «Манас» эпосунда XV-XVI кылымдардагы окуялар баяндалган. Биринчи жолу эпос XVI кылымга таандык «Мажму ат-Таварих» эмгегинде эскерилет. Анда Манас Токтомуш жана Анка-төрө менен бирге аракеттенген тарыхый инсан катары көрсөтүлгөн.