Материалдын түп нускасын «Азаттык» сайтынан окуй аласыз.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун өзбек кызматынын («Озодлик» радиосу) журналисттери Өзбекстандын энергетика тармагындагы каатчылыктын себептерин жана ага Орусиянын катыштыгын иликтешти.

Анда тармактагы коррупция, орусиялык бизнесмендер, анын ичинде президент Владимир Путиндин жакын адамы делген Геннадий Тимченко менен байланышкан жемкорлук, Өзбекстанды каатчылыкка кептеген жашыруун келишимдер тууралуу айтылат.

Журналисттер талдаган миңдеген барак документтерде жашыруун отчеттор, коммерциялык келишимдер, ички кат алышуулар жана ар кандай юрисдикциялардагы офшордук компаниялар тууралуу корпоративдик маалыматтар бар.

Иликтөөчүлөр Кипр, Сингапур, Кытай жана Британияда катталган офшордук компаниялар менен келишимдерди түзүү негизинен Мирзиёевдин жарлыгы менен ишке ашканын документтерге таянып далилдешкен.

«Озодлик» радиосу 2020-жылдын январында Мирзиёевдин администрациясы үчүн даярдалган ведомстволор аралык жашыруун отчеттун корутундусун алган. Анда президенттин энергетикалык долбоорунун алкагында түзүлгөн миллиарддаган доллар келишим өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна шек келтирип, газ тартыштыгына алып келиши мүмкүн деген тыянак чыгарылган.

Бул жашыруун отчет журналисттер Англиядагы Ольстер университетинин профессору Кристиан Ласлетт менен бирге талдап чыккан көп документтердин бири.

Мындан тышкары, иликтөөдө орус-өзбек инсайдердик тармагын башкаргандардын бири - Өзбекстандын атайын кызматынын мурдагы жетекчилери менен бизнес байланыштары бар, коомчулукка белгисиз самарканддык ишкер Бахтияр Фазилов экени айтылат. Ал Мирзиёевдин энергетикалык программасына катышкан негизги курулуш жана тоо-кен компанияларын көзөмөлдөйт.

Журналисттер Өзбекстандын ири газ кампасынын башкаруусу орусиялык компанияга өткөрүлүп берилгенин такташкан. Анын номиналдык ээси АКШ менен Евробиримдиктин санкцияларына кабылган Геннадий Тимченконун ишенимдүү адамы экени билинди.

Өзбекстандын бийлиги «аномалдуу» деп мүнөздөгөн быйылкы суук өлкөнүн энергетика системасын кризиске кептеди. Кыштын катаал күндөрү Өзбекстанда он миңдеген үй-жай жана социалдык объектилер газсыз, жылуулуксуз калып, иске ууланып каза болгондор көбөйдү.

Акыркы алты жылда энергетика тармагына миллиарддаган доллар бөлгөн президент Мирзиёевдин өкмөтү 2 триллионго жакын газ кору бар өлкөнүн калкын эмнеге суукка жана караңгы жашоого кептегенине түшүндүрмө бере элек.

«Озодликтин» иликтөөсүнө Ташкент азырынча үн каткан жок.