Сүрөт: ArthurHidden / Freepik

Биз «Клоопто» көптөгөн адамдар катышкан долбоорлор менен иштейбиз, ал үчүн жекече софтту колдонобуз. Мисалы, Кыргызстандагы акыркы жылдары өткөн шайлоолордо иштедик, анда «Клооптун» миңдеген байкоочулары өлкө боюнча мыйзам бузууларды каттап турушкан. Алар менен атайын платформабыз аркылуу аралыктан байланышып, иштешип жаттык.

Биздин кандай долбоорлорубуз бар, биз эмне иш кылабыз? — бизде мамлекеттик сатып алуулар порталындагы бузууларды таап берген автоматташтырылган түзүм иштейт; — жалаң кыргыз тилинде сүйлөгөндөргө англис тилин үйрөтүүчү колдомону иштеп чыкканбыз; — мамлекеттик органдарга дооматтарды даярдоочу автоматташтырылган түзүмдү иштеп чыктык; — ар кандай социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө биздин софтту колдонуп активисттерге жардам беребиз.

Ошондуктан командабызга учурда UX/UI дизайнер издеп жатабыз.

Төп келе турган талапкерге кандай талап коюлат?

– Android, iOS, Web платформаларынын гайдлайндарын билиши керек.

— UI-дизайндын figma же дагы башка шаймандарын мыкты өздөштүргөн болууга тийиш.

— Колдонууга берилген реалдуу долбоорлордо иш тажрыйбасы болушу зарыл.

— Түшүнүктүү, тыкан, көркөм интерфейс дизайнын жасаганды билиши керек, аны портфолиосунда тастыктап берүүсү зарыл.

— Юзабилити принциптеринен түшүнүгү болууга тийиш.

— Кызыгып кирүүгө боло турган прототиптерди иштеп чыгуунун шаймандарын билүүгө тийиш.

— Дизайн жана прототиптештирүү куралдарын билүүсү керек.

Кандай милдеттер коюлат?

– уюлдук/веб колдонмолордун дизайнына жаңы концепцияларды иштеп чыгуу;

— мурда иштелип чыккан колдонмолордун ыңгайлуулугун арттыруу, долбоорлоо жана өнүктүрүү;

— чоң сандагы маалыматты алып чыгуу үчүн дашборддорду түзүү;

— юзабилити жактан алып караганда колдонмолорду пайдалануу маалыматын талдоо;

— программчы жана иштеп чыгуучулар менен өз ара кызматташуу жана талкууларга катышуу талап кылынат.

Биздин сунушубуз кандай?

— ар түрдүү тармактагы кызыктуу, ири долбоорлор менен иштөө;

— туруктуу өнүгүү жана команда ичинде тажрыйба алмашуу.

Шашылыңыз, билдирме 28-февралга чейин гана кабыл алынат.

Резюмени aizirek@kloop.kg дарегине жөнөтүңүз.