Жашы 16дан жогоруларды милдеттүү медициналык камсыздандыруу. Мыйзам долбоору үчүнчү окуудан өттү

Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда жашы 16дан жогору кыргызстандыктарды жана бардык чет өлкөлүктөрдү милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Документте жаңы ченемдерди киргизүү менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна (ММКФ) каражаттардын келип түшүүсү көбөйөрү, бул жарандардын айрым категорияларына акысыз же жеңилдетилген шартта меджардам көрсөтүүгө жол берери айтылат.

Фонддун эсебине ылайык, эгер өлкөдөгү эмгекке жарамдуу курактагы адамдардын 3,7 млну медициналык полис алса, уюмдун бюджети 4,5 млрд сомго толукталат.

Колунда андай камсыздандыруу полиси бар жарандар амбулатордук шарттарда акысыз же чукул меджардам, стационардык жардам, дары-дармек, вакцина жана иммунопрофилактика, ошондой эле Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрү фондусунун каражатынын эсебинен көрсөтүлүүчү кызматтарды ала алышат.

Медициналык камсыздандыруунун баасы 2023-жылы кыргызстандыктар үчүн жылына 1700 сомдон бир аз көбүрөөк болот. Бул жашоо минимунун деңгээлинен алынып, ММКФнын (ФОМС) 2% көрcөткүчүнө жана 12 (айга) көбөйткөндө келип чыккан сумма.

Ал эми чет өлкөлүктөр үчүн бир жылдык медициналык камсыздандыруунун баасы 18 миң сомдон ашат. Бул чет өлкөлүктүн орточо айлык маянасынын 2%га жана айлардын санына көбөйткөндөн кийинки чыккан сумма.

Азыркы мыйзам боюнча, милдеттүү медициналык камсыздандырууну полиси эмгек келишими менен иштегендерге, пенсионерлерлерге жана расмий эч жерде иштебегендерге гана берилет. Бирок аны кааласа башка адамдар дагы алса болот.