Алгач сизге кимдер менен иштеше турганыңызды айтып берели. Kloop Media басылмасында редакциянын кызматкерлеринен тышкары, «Ашар» долбоорун ишке ашырган топ бар — дал ушул команда менен баарынан көбүрөк иштейсиз.

Алар кимдер жана эмне жумуш кылат?

«Ашар» Кыргызстандын активдүү жарандарына ар кыл тармактагы турмуштук көйгөлөрүн чечүүгө жардам берет: баланы бакчага киргизүүдөгү коррупция болобу, алыскы аймактардагы коомдук транспорт көйгөйү болобу же ири шаарлардан алыс тургандардын сапатуу билим алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу боюнчабы, ал тургай ар башка деңгээлдеги шайлоо процессиндеги мыйзам бузууларга дагы көзөмөл жүргүзөт.

Дал ушул командага толук жумуш күнү иштей турган контентмейкер издейбиз. Жогоруда өзүңүздөр байкагандай, жумуш кызыктуу жана ар тараптуу, аны менен катар изденүүнү талап кылат.

Биз өлкөдөгү орчундуу маселелер, кызыктуу адамдар жана биздин аткарган жумушубуз тууралуу элестүү баяндап, социалдык тармактарга тарата турган адамды издеп жатабыз.

Сизди кандай деп элестетебиз?

– Соцтармакта өзүңүздү сууда сүзгөн балыктай сезесиз: кайсы бир окуяны жеткирүү үчүн кандай формат туура келерин так билесиз жана тренддерге байкоо салып жүрөсүз.

– СММ-адис катары долбоорлор менен иштегенсиз же болбосо өзүңүз блог алып барасыз, мыкты жазасыз, reels жана shorts тарта аласыз.

– Жоопкерчиликтүү жана ийкемдүүсүз.

– Кыргыз жана орус тилинде мыкты сүйлөйсүз.

– Бишкекте турасыз жана ушул жерде жашап-иштөөгө даярсыз.

Эмне кылуу керек?

– контент-план даярдап, идеяларды сунуштоо;

– «Ашардын» соцтармактагы барактарын алып баруу;

– спикерлер менен макулдашуу жана интервью алуу;

– контент даярдоо: сценарий түзүү, референстерди издөө, видеого тартылуу.

Вакансияга тапшыруу үчун ушул форманы толтуруңуз.

Чамдаңыздар! Билдирме толтуруунун мөөнөтү 2023-жылдын 7-мартына чейин.