Ысык-Көл: «Хан-Теңири» жаратылыш паркындагы фототузакка түшүп калган ак илбирстердин сүрөттөрү

Ысык-Көл облусундагы «Хан-Теңири» мамлекеттик жаратылыш паркындагы фототузактар ак илбирстерди сүрөткө тартып алды.

Парктагы кызматкерлердин айтымында, камералар ак илбирстин Борбор Азиядагы байырлаган жерлерин аныктоо үчүн орнотулган.

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы «Хан-Теңири» жаратылыш паркы 2016-жылы негизделген. Андан алыс эмес жерде Победа (7439 м) жана Хан-Теңири (6995 м) чокулары жайгашкан. Парктын аймагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн коргоого алынган.

Ак илбирс Кызыл китепке 1997-жылы «жок болуу коркунучунда турган жаныбардын түрү» катары киргизилген. Ал эми өлкөдө ак илбирсти аткандарды 1,5 миллион сом штрафка жыгуу жазасы каралган.

Илбирс Кытай, Монголия, Непал, Тажикстан, Афганистан, Казакстан жана Өзбекстандын аймактарын байырлайт. Айрым маалыматтар боюнча Кыргызстанда алардын саны 300-350гө жеткени айтылып жүрөт, башка булактар биздин өлкөдө 400-450 ак илбирс бар экенин айтат.

2013-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги менен Кыргызстанда алгачкы жолу ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форум өткөн. Анда ак илбирс байырлаган 12 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Бул демилгеден кийин ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык план иштелип чыккан.

Ак илбирсти сактоо боюнча демилгелер көтөрүлгөнүнө карабастан, эксперттер 2040-жылга чейин дүйнө боюнча алардын саны 10%га азаят деп божомолдошууда. Буга көптөгөн факторлор, анын ичинде алар байырлаган чөйрөлөрдүн кыскарышы да себеп болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сүрөт: Чүй облусунун тоолорунда сейрек кездешкен жапайы жаныбарлар фототузакка түшүп калды