Бүгүнкү күндө бүткүл Борбордук Азияда деколонизация тууралуу көп айтыла баштады. Деколонизация деген эмне? Анын белгилери кандай жана кайда кездешет? Анын кандай мааниси бар? «Клооп» бул тууралуу «Карнеги» борборунун илимий кызматкери Темур Умаров менен маектешти.

— Темур, саламатсызбы! Орусия Украинанын аймагына бастырып киргенден бери бир жыл өттү. Бир караганда, Украинадагы согуштан кийин КМШ өлкөлөрү деколонизация жана өзүнүн иденттүүлүгү тууралуу көбүрөөк айта баштагандай сезилет.

— Саламатсызбы, Айдай. Ооба, сизге толук кошулам. Мен дагы деколонизация Борбордук Азияга келип жеткенине алгач ирет күбө болуп отурам. Бул толкун биздин өлкөлөрдү аралай чаап бараткансыйт.

— Мурда биздин өлкөдө деколонизация темасы маргиналдык деп саналчу, айтып чыккандарды жемелеп, «убакыт келе элек», «Орусия бизге боордош мамлекет» деп айтып, мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөр Орусиянын колониясы болгонун кабыл алуудан баш тартышчу.

— Менимче бул азыр болушунча көрүнүктүү жана саясий жактан активдүү муун өсүп чыкканы менен байланыштуу. Ошол жаш муун азыр биз талкуулап жаткан жаңы тренддерди көтөрүп чыгууда. Талкуунун көбү соцтармактарда жүрүп жатат, өзүңүздөр билгендей, ал жакта совет доорунда жашаган, деколонизация темасын терең кабыл алган улуу муундун өкүлдөрү азырак. Ошондуктан, бул тема маргиналдык болбой, мейнстримге чыга баштады.

— Байкаганым, 40 жаштан ылдый курактагылар жердин баркын билишет. Алар жашагана аймагын кол тийгис баалуулук деп билишет. Бирок көп жылдар бою советтер союзунун курамында жашаган улуу муундун ичинде, бирөө келип эле, башканын ээлеген аймагын «мыйзамдуу түрдө тартып алса болот» дегендер бар экен.

— Бул чынында эле таң калтырат. Керек болсо Украинадагы согуш айрым бүтүндөй бир үй-бүлөнү эки жаат кылган учурлар бар. Бул дагы кайрадан эле жаш куракка байланыштуу. Жаштыгы, жакшы күндөрү союз мезгилине туш келген адамдар ал доорду жылуу эскеришет. Стабилдүүлүк бар эле, мектеп, институт, аны бүтсөң иштегенге иш даяр эле дешет. Көптөр ар кыл себептерден улам совет мезгилиндеги нюанстардан кабары жок.

Мисалы, ошол кезде Борбордук Азияда, башка советтик өлкөлөрдө массалык репрессиялар болгону тууралуу айтышпайт. Ири масштабдагы жер которууну эскеришпейт.

Биринчиден, бул жерде аман калгандардын диллемасы бар. Башкача айтканда, совет доору тууралуу биз ошол учурдан боору бүтүн чыккандардын эскерүүсүн гана угабыз. Репрессияланган, азап-тозок көргөндөр арабызда жок.

Экинчиден, улуу муундун арасында орусиялык нарративди колдогондор көп болуп жатканы бул маалыматтык керектөөгө дагы байланыштуу. Адамдар кандай маалымат угат, окуйт, көрөт? Тилекке каршы, Борбордук Азияда, ири шаарларда бүгүнкү күнгө чейин орусиялык телеканалдар көрсөтүлөт. Элүү-алтымыштан өткөн адамдар телевизор көрүүнү тандашат, жана маалыматтын негизги булагы деп эсептешет.

Ошондуктан бизде турмуштук тажрыйбасынан улам бөлүнүүдөн тышкары, кабыл алган маалыматка жараша дагы ажырым бар. Ушул эки фактордон улам адамдардын согушка карата мамилесинде, өз өлкөсүнүн тарыхына карата мамилесинде айырмачылыктар оркоюп көрүнүп турат.

— Дагы бир байкаганым, мындай адамдарда эки карама-каршы нерсе айкалышкан. Алар бир жагынан, СССРди, Орусияны сындабаш керек дешет, ошол эле маалда респрессияга кабылган коомдук ишмерлерди, саясатчыларды, маданият өкүлдөрүн сыймык менен эскеришет. Арбагына бата кылып, сый мамиле кылышат. Саясий туткундар массалык көмүлгөн жерге барып куран окушат, тарыхты унутпайлы дешет. Бирок репрессияны талкуулоого караманча каршы…

— Бул абдан татаал суроо экен. Ушул жерде, мен Борбордук Азиядагы деколонизация процессин изилдөө менин багытым эмес экенин баса белгилеп кетишим керек. Ошентсе да, көйгөйлөрдүн түйүнүнө ар башка көз караштан караса болот.

Биринчиден, СССРде колониянын классикалык үлгүсү болгон эмес. Советтер союзу өз каалоосу менен СССР деген ири мамлекеттин курамына кирген өлкөлөрүн федерациясы деген атты жамынып келген. Ошол кезде элдердин достугу, ар бир улуттун тили жана дили бар деп көп айтылчу. Керек болсо, бул кандайдыр бир жол менен кубатталып да турчу.

Биз билгендей, совет доорунда адабий чыгармалар СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн тилине которулчу. Советтик мезгилдин мейнстриминде шарттуу иштеген Борбордук Азиядан чыккан искусство ишмерлери сыяктуу массалар да бар эле. Бул адамдар чындап эле эл көзүндө болчу жана орусча эмес, башка тилде китеп окугуң келсе, мына советтер союзуна кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү турат делчү. Бирок ошол эле учурда, ал кезде орус тили башка улуттарга таңууланып жатканын эч ким айтчу эмес. Билим берүү системасында орус тилине артыкчылык берген басым бар экенин көзгө сайып көрсөтчү эмес. Москвадагы политбюронун курамына майда улуттардын өкүлү кошулбай калды деп кыйкыргандар чыккан эмес. Алар чечим кабыл алууга катышкан эмес, бөлүнгөн бир нече маселени чечүүнү тапшырганы менен, өлкөнүн тагдырына байланышкан маселеге жолотушкан эмес. Мен азыр, өлкөдөгү көйгөлөрдү ачык айтпай жашырган авторитардык өлкө болгон деп дагы айтсам болмок. Ошентип, СССРдин күнү бүткөндө, совет мезгилинде бийликте турган адамдар акырындык менен бийлигин Борбордук Азиядагы көз карандысыз мамлекеттерде легитимдештирип алышкан.

Булардын көз карашынан алып караганда, деколонизация идеясын, советтик бийлик колонизатор болгонун жайылтуу кызыктай эле көрүнүш. Анткени өздөрү Советтер Союзу өстүргөн кадр болуп жатпайбы?! Ушул себептен таң калыштуу, бирине-бири айкалышпаган көрүнүштүн күбөсү болуп отурабыз. Бир жагынан салт-санаасын, улуттук баалуулуктарын ыйык тутушат, экинчи жагынан ошол кездеги көз көрүнө жасалган кылмыштарды, көйгөйлөрдү жектегенден коркуп, оолактап турушат. Азыркыдай массалык деколонизация нарративи жок болчу.

— Биздин тарыхыбызда Борбордук Азияны күч менен багындырган учурлар бар. Өз кезегинде генерал Кауфман сыяктуулар Орто Азияга болгон беш жылдык жүрүш үчүн сыйлыктары алганы белгилүү. Өлкөнүн калкы массалык түрдө өлтүрүлгөн «Үркүн» сыяктуу окуяларды изилдөөгө аракет кылган учурда, Орусиянын Мамдумасынын саясатчылары, орус лидерлери өткөн окуяларды эскерүүдөн өлкөдөгү заманбап орустар жапа чегиши мүмкүн деп эскерткен жагдайлар болгон. Сиздин оюңузча, мындай коркунуч барбы?

— Бул эми Борбор Азия мамлекеттеринин учурдагы Орусия менен мамилесине байланыштуу маселе. Борбор Азия мамлекеттери көз карандысыздыкты Орусиянын колунан сууруп алган эмес, эгемендик деп кан төгүп, бел жооруткан эмес. Бул айтпаса да түшүнүктүү, мага көп эле изилдөөчүлөр кошулса керек деген ойдомун. Владимир Зубоктун «Коллапс» деп аталган китебинде, СССР кантип тараганы кеңири жазылган. Анда Советтер Союзу деген унаа ордунан жылбай калганы айтылат. Аны кармоо, токтотуу же башкаруу мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан көз карандысыздык бизге эч бир массалык кыймылдар жок эле жеткен. Мындан улам, Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринде тезирээк Орусиядан, борбордон куйрук үзүшүбүз керек деген сезим болгон эмес. Абдан оор болмок. Анткени совет доорунда бардыгы борбордон башкарылып турчу. Мен али экономикалык, инфраструктуралык байланышты, темир жол жана учактарды айтканым жок. Москва чынында экономикалык жактан чоң доминант болчу да, Борбор Азия мамлекеттерин жөн кое бермек эмес.

Ошондуктан, Москвадан тез арада кол үзөлү, алыстайлы деген сезим болбогондуктан, Орусия менен жакшы мамиле, ымала кала берген. Өзгөчө азия мамлекеттеринин саясий элитасы муну бекем карманган.

Бүгүнкү күндө Борбор Азия мамлекеттериндеги нечендеген коррупциялык схемалар ачыкка чыгып жатат. «Озадлик» радиосу жакында эле өзбек энергосекторундагы орусиялык олигархтар аралашкан схема боюнча иликтөө жарыялады. Мындай мисалдар абдан көп. Көпчүлүк ушундай көз карандылыктын көзгө көрүнбөгөн жиптери менен чырмалышкан.

Орусияда болсо Борбор Азия мамлекеттерине басым катары колдонуу рычагдары көп. Мисалы алар, силердин тарыхыңардагы кайсы бир колониялдык эпизоддорду чукуп чыкканыңар жакпай турат, ошондуктан кайсы бир азыкты экспорттоону же импорттоону токтотобуз деши мүмкүн. Бул өз кезегинде жакыр өлкөнүн экономикасына олуттуу зыян алып келет. Андыктан Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары өлкөдөгү кезектеги экономикалык кризиске жол бербөө үчүн көп нерсеге көз жумууга аргасыз.

Советтер союзундагы мыйзамсыздыктар, репрессия тууралуу көп айтылбаганы ошондон. Кыргыз адабиятын билбейт экем, бирок өзбекстандык тарых китептеринде совет дооруна бир гана главадан орун берилип, үстүртөн гана баяндалган. Андыктан Орусия менен мамилебиз дагы татаал.

Украинадагы согуш же болбосо Орусия менен мурдагы СССР өлкөлөрүнүнортосундагы кайсы гана конфликт болбосун — 2008-жылы Грузияга кол салуу, 2014-жылы Крымды аннексиялоо — Борбор Азия өлкөлөрүн өткөн мезгилге бир кылчайып, чынында эмне болгону тууралуу ой толготот. . Дүйнөдөн жарым-жартылай болсо да Орусиянын ордун баса турчу өнөктөш издөөгө түртөт. Бул да өз кезегинде абдан татаал процесс, анткени саясий элита менен коомчулуктун оюу дайыма эле бир жерден чыкпайт.

— Анан калса, орусиялык саясатчылардын ар түрдүү масштабдуу натыйжаны айтып коркуткан жайы бар эмеспи. «Орусия жок болсо силерди араптар басып кетет, халифат болуп каласыңар же Кытай өзүнө кошуп алат» деген сыяктуу. Болбосо өлкөлөр көп жылдан бери көз карандысыз жана, мисалы ири аймакты ээлеген Казакстанды кимдир бирөө «жутуп алганын» элестетүү кыйын.

— Чынында эле, айрым орусиялык саясатчылар Борбор Азия тууралуу сүйлөгөндө дипломатиянын эрежелерин бузган учурлар бар. Бүгүнкү күндө региондо импердик деп саналган терминологияны колдонушат. Бул биринчиден, айрым саясатчылардын медианын көзүнө түшүп калайын, мен жөнүндо жаңылык жазылсын деген аракети деп түшүнсөк болот. Алар ички аудиторияга ушинтип жагынгысы/таанылгысы келет.

Экинчиден, Орусиянын өзүндө советтик мезгилде жашоо-турмуш чынында кандай болгону тууралуу кеп-сөз болбогонун айтып турат. Мисалы, Орусияда постколониялдык, СССРдин тарыхын орусиялык эмес, Борбор Азиялык көз караштан чагылдырган адабият жокко эсе. Көпчүлүктө советтер союзу колония мамлекет болгон эмес деген пикир калыптанган. Жогоруда айтып өткөндөй, Советтер Союзу «биз империя эмеспиз» деп келген, бирок кандайдыр бир колониялдык ыкмаларды кеңири колдонгон. Ошондуктан айрым саясатчылар өздөрүн Борбор Азия мамлекеттерине субъект катары эмес, объект катары мамиле жасоого укуктуу деп ойлошот.

— Мындай мамилени «Единая Россиянын» депутаты айтса макул десе болот, бирок өзүн либералдуу саясатчы катары көрсөткөндөр деле айтып жатпайбы. Тигил же бул маселеде либералдуу болгону менен, Борбор Азия, Кавказ же дагы башка өлкөлөргө келгенде таптакыр башкача сүйлөшөт.

— Мен бул маселени терең изилдебегендиктен, орусиялык либералдар тууралуу кескин бир нерсе деп айтуу кыйын. Менимче орусиялык саясатчылардын арасында деле бийликке өзгөчө ынтызар болгондор бар. Балким ошондуктан алар, ички аудитория кабыл албаган, орус коомчулугу колдобой турган идеяларды айтыштан коркот. Анткени Путинден кийин кандай жол менен болсо да бийликке барам деп максат кылат. Мисалы, бийликти көздөгөн орус саясатчысы «Крым биздики эмес же Крымды кайра бериш керек» деп айтканын элестетсеңиз. Анткени жалпы масса андай деп ойлобойт да.

— Балким мен жаңылып жаткандырмын, бирок көпчүлүк мурдагы колониялар деколонизация процессин басып өтүштү. Колонизатор мамлекеттер алардын алдындагы күнөөсүн мойнуна алды, алар деле кезинде империя болушкан. Бул багыттан алганда, Орусия эмнеге өзүн колонизатор деп кабыл албай жатат? Өзүн империя деп тааныган соң, колонизатор деп кабыл алганы туура го?

— Бул жерде жооп бирөө эле — азыр орус мамлекетин Советтер Союзун калыбына келтириш керек деген адамдар башкарып жатат. Бир гана СССРди эмес, орус империясын кайра тургузгусу келет алардын.

— Деколонизация процессинде эне тилдин ролу канчалык? Расмий документтерде, жолугушууларда өлкөнүн эне тили колдонулушу деколонизацияга таасирин тийгизеби?

— Албетте, тил деколонизация процессинин негизги компоненти. Өзүнүн эне тили бар болсо, өлкөгө да, улутка дагы субъект катары мамиле жасалат. Менимче Борбор Азиянын өзүндө деле бул кадимки көрүнүш. Азыр орус тили четке сүрүлүп өзүбүздүн тилдер — кыргыз, казак, өзбек тилдери биринчи планга чыкты. Бул табигый процессти токтотуу мүмкүн эмес. Муну улутчулдуктун белгиси катары кабыл алуу туура эмес. Анткени тил — бул сүйлөшүү куралы. Биз дагы бүткүл адамзат сыяктуу жеңил баарлашууга, бири-бирибизди жакшы түшүнүүгө умтулабыз. Анткени Кыргызстанда кыргыз тилинин популярдуу болуп жатканы кадыресе көрүнүш.

Ал эми орусиялык көз караштан алганда, бул — улутчулдук. Анткени Орусиянын бийлик башында убакытты токтотуп тургусу келген, орус тилин сыкканда гана жок кылына турган вакуумда жашагысы келген адамдар отурат. Бирок бул андай эмес — коом, тил башкача өнүгөт.

— Кыргызстанда орусиялык пропаганда күчтүү, өлкөдө Орусиянын каналдарын трансляция үчүн бюджеттен акча бөлүнөт. Сиздин оюңузча, орусиялык пропаганда улуттардын иденттүүлүгүн аныктоого жана деколонизацияга тоскоол болобу?

— Орусиянын пропагандасы улуттардын өзүн таануусуна гана эмес, адамзаттын жашоосуна тоскоол болот. Ал пропаганда психикага терс таасирин тийгизет. Ушул учурдагы согушту даңазалоо, агрессия менен жек көрүүнү кубаттоо… Эгер дагы деле кимдир бирөө орус каналдарын көрүп жаткан болсо, саламаттыгыңыз үчүн токтотуңуз.

Орус каналдарынын көрсөтүлүшү өлкөнүн ички нарративдерин жайылтууга тоскоол болот. Бул Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери үчүн чоң маселе болууга тийиш. Анткени, мамлекеттик телеканалдар атаандаштыкка туруштук берип, өлкөнүн ички саясатын алдыга жылдыруусу керек.

Сиз экөөбүз телеканалдар тууралуу кеп салып жатканыбыздын өзү өкүнүчтүү. Идеалдуу дүйнөдө бардык телеканалдар көз карандысыз болушу керек. Адамдар орус каналдары кызыктуу болгону үчүн көрүп жаткан жери жок — аргасыздан. Орусия миллиардаган акча төлөп, телеканалдар аркылуу пропагандасын жайылтууда.

— Чындап келсе, Орус падышачылыгы учурунда Кыргызстанга, Казакстанга, Өзбекстанга орустар, украиндер күч менен көчүрүлгөн. Совет доорунда болсо биздин аймактардан бүтүндөй айылдарды көчүрүп жиберген учурлар бар. Мына ошентип биздин өлкөлөр көп улуттуу жана көп маданияттуу мамлекеттерге айланган. Мындай шартта деколонизациянын зарылчылыгы барбы?

— Мен коомчулук өз тагдырын өзү чечиши керек деген идеяны карманам. Менимче деколонизация акыркы 30 жылдан бери келе жатат жана улана берет. Ага таасир этүү деле мүмкүн эмес, адамдарда муундан муун алмашкан сайын тарыхтын жаңы барактары ачыла берет. Улам кийинки кризистен кийин мурдагы совет өлкөлөрүндө деколонизация тууралуу сөздөр көбөйөт. Орусияга башкача көз караш менен карай башташат. Азыркы кылып жаткан түрүшумдук окуяларды жектешет, буга убакыт гана керек.

Бул процессти токтотуучу негизги институт — Борбор Азия мамлекетинин жетекчилери. Алар дагы деле советтик мезгил менен коштошо албагандар, алар массалык кыймылдан кийин бийликке келгендер эмес.

Бул багыттан алганда, Кыргызстан өзгөчө мамлекет. Анткени сиздердин президент советтик адам эмес, СССРдин Борбордук комитетинен келген чиновник эмес. Анын сүйлөгөнүнөн эле көрүнүп турат. Эл алдында 90% кыргыз тилинде сүйлөйт. Ал кабыл алып жаткан чечимдерге бир топ суроо жаралып жатат, албетте. Мен азыр анын саясий ориентациясы тууралуу эмес, аны инсан катары сүрөттөп жатам.

Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин лидерлери болсо совет доорунда карьера жасагандар. Алардан прогрессивдүү кадамдарды күтүү же Борбор Азиянын тарыхындагы колония мезгили тууралуу ачык айтат деп күтүү да кыйын.

Андыктан аймактын тургундарынын жарымын түзгөн 30 жаштагы атуулдарда мүмкүнчүлүк көп жана ушуларга ишеним чоң. Алар твиттерде, ютубда отурушат жана талкуунун баштемасын аныкташат.

Деколонизация керек жана өтө маанилүү. Анткени ал бизге субъект деген өзөк берет. Өзүбүздү кимдир бирөө башкарган объект эмес, ички жана тышкы саясатка таасир эте алган автор чечим кабыл ала турган мамлекет деп билебиз. Эч ким бизге буйрук берип, кантип басышты, кандай курулуш курушту көрсөтпөйт.

Азыр дүйнө коомунда Борбор Азия деген түшүнүк калыптанып, мурдагыдай Орусиянын бир региону же Чыгыш Европа деп атабай калды. Бул дагы өз кезегинде, деколонизация тууралуу сөздөр маргиналдыктан чыгып мейнстримге киргени менен байланыштуу.