«Эр Төштүк» кенже эпосу боюнча алгачкы энциклопедия жарык көрдү

28-февралда улуттук «Манас» академиясында «Эр Төштүк» энциклопедиясынын бет ачары болду. Бул тууралуу академиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, энциклопедияга кенже эпосто камтылган 1000ден ашык түшүнүк киргизилди. Анда кыргыз элинин дүйнѳ таанымы, тарыхы, психологиясы, жашоо образы жана маданияты камтылды.

«Манас» академиясынан бул жыйнак кыргыз фольклорунун тарыхында кенже эпос боюнча басылып чыккан алгачкы көлөмдүү эмгек экенин белгилешти.

«“Эр Төштүк” эпосунун мазмуну архаикалык, мифтик-жомоктук мотивдерге бай. Ушул өңүттөн алып караганда эпос энциклопедия аркылуу идеясын, мазмунун кеңири жайылтууга мүмкүнчүлүк алды»,— деп белгиледи академиянын президенти Талантаалы Бакчиев.

Энциклопедиянын тиражы миң экземплярды түздү.