Бишкектеги таштанды полигонунда кайра иштетилүүчү материалдарды чогулткан аял. 2021-жылдын жай мезгили. Сүрөт: Кайрат Замирбеков / «Клооп»

«Тазар» командасынын экоактивисттери Аймээрим Турсалиева жана Мунара Молдобаева Кыргызстанда катуу калдыктарды иргеп, кайра иштетүү экологияга пайда келтиргенден тышкары, көп жаражат алып келерин аныкташты. Алар эки ай бою өлкөдөгү кайра иштетүү тармагын иликтеп, маалыматтарды талдап чыгышты.

Изилдөөгө ылайык, таштандыны кайра иштетүүдөн күнүнө дээрлик 10 миллион сом киреше түшөт. Экоактивисттер бул көрсөткүч дагы да өсө берерин белгилешти.

Желимди иштетүүдөн түшкөн миллиондогон киреше

Бишкектеги таштанды төгүүчү жайга күнүнө 1200 тоннага жакын катуу калдыктар төгүлөт. Бирок алардын 480 тоннасы гана кайра иштетүүгө жөнөтүлөт. Жеке ишканалар кайра иштетүүдөн бир күндө орто эсеп менен алганда 9,6 миллион сом киреше табышат.

Активисттердин айтымында, таштандыны көбүнчө жөнөкөй адамдар чогултуп, кабыл алуучу жайларга өткөрүшөт. Аймээрим Турсалиева таштанды чогулткан адамдар ар кандай суммада акча табышарын белгиледи.

«Айрымдары тамеки же арак үчүн чогултат — негизинен үй-жайсыз кишилер. Бул иштен акча таап, үй салып, унаа сатып алгандар да жок эмес», — дейт ал.

Изилдөөнүн авторлору өлкө боюнча 800гө чукул таштанды кабыл алуучу жер бар экенин эсепеп чыгышты. Ошондой эле алар өлкө боюнча желим, металл, макулатура, текстиль, өндүрүштүк жана органикалык калдыктарды кайра иштеп чыккан 40тан ашык завод табышкан.

Айрымдары кайра иштетүү менен гана алектенбестен, өздөрү да жаңы нерселерди өндүрүп чыгарышат. Ал эми кээ бири Кыргызстанда чогулган материалдарды чет өлкөгө сатышат. Негизинен алар пластикти — желим бөтөлкөлөрдү жана полиэтилендин ар кандай түрлөрүн кайра иштетишет.

БУУнун товар соодасынын статистикасы боюнча маалымат базасына (UN Comtrade) ылайык, башка өлкөлөр Кыргызстандан эң көп талап кылган таштанды — майдаланган желим, бөтөлкө жана капкактар.

Кыргызстандын таштандысын кимдер сатып алат?

Изилдөөнүн авторлору Кыргызстан кайра иштетилүүчү заттарды башка өлкөгө (негизинен Кытай жана Орусияга) экспортттогонго караганда көбүрөөк импорттой деген тыянакка келишкен. Бирок 2022-жылы өлкөдө кайра иштетилүүчү заттарды экспорттоо жогорулаган. Негизги сатып алуучу өлкө — Казакстан (38 миллион АКШ даллар).

Ал эми жергиликтүү ишкерлер Кытай 2017-жылы таштандыны, анын ичинде желимди алып кирүүгө тыюу салгандан бери Орусия менен активдүү кызматташа баштаган. Орусия 2022-жылдын тогуз айында Кыргызстандан 3,3 миллион АКШ долларга кайра иштетилүүчү материалдарды сатып алган.

Турсалиева бул тармакта Өзбекстан орус жана казак рыногуна жакшы альтернатива деп эсептейт. Орусиянын заводдору негизинен кайра иштетилген гранулдарды кабыл алса, Ташкен менен Самарканддагы заводдор ал тургай кысылып, таңгакталган желим бөтөлкөлөрдү да сатып алууга даяр.

2012-жылдан бери Өзбекстанга чийки заттарды экспорттоо ар кандай деңгээлде өсүп келет. Бирок акыркы жылдары көрсөткүч жогорулаган. Демек, Орусиядагы санкциялардан улам кандайдыр бир кыйынчылыктар жаралса, материалдарды Өзбекстанга сатса болот.

«Тазардын» изилдөөчүлөрү таштандыны иргеп, туура чогултууну жөнгө салуу, мамлекетти колдоо, таштандыны иргөө жана кайра иштетүү тармагына инвестиция тартуу менен Кыргызстан кайра иштетүүгө жарактуу материалдарды сатуудан чоң киреше таба алат деп эсептешет.

Алар өлкөдө таштандыны иргөө жана кайра иштетүү COVID пандемиясы учурунда да токтобогонун белгилеп, келечекте бул тармак өнүгө турганын кошумчалашты.

«Мурда таштанды төгүүчү жайларда желимдер жайнап жатса, азыр азайды. [Бул тенденция улана берет], анткени, адамдар таштанды акча экенин түшүнө башташты», — дейт активисттердин бири.

Баары таштандыдан акча таба алат. Мисалы, Tazar тиркемесинен таштандыны туура иргегенди гана үйрөнбөстөн, аны акчага өткөрө турчу пункттарды да таба аласыз.

Аймээрим Турсалиева жана Мунара Молдобаеванын «Калдык — жаңы киреше» аталышындагы изилдөөсү «Маалымат мектебинин» колдоосу менен LAMPA Accelerator программасынын алкагында даярдалды. Ментору — Оксана Ставнейчук.