Ышы жана жол тыгыны жок Бишкек. Калаа мэри кандай убадаларды берди?

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардагы бардык отканаларды газга өткөрүүнү, шаарды экологиялык коомдук транспорт менен камсыздоону, жолдо тыгындардан арылууну, бала бакча, чуркоочу жана веложолдорду курууну жана башаламан курулуштарды иретке келтирүүнү убада кылды. Бул убаданын баарын Абдыкадыров өзүнүн пресс-конференциясында берди. Эмесе мэр элестеткен келечектеги Бишкек жөнүндө маалыматка көңүл буруңуз.

Ыштан арылабыз

Көмүр жаккан отканалар болбойт. Мэрдин айтымында, Бишкекте 47 откана иштейт, алардын 22си көмүр менен иштейт. Абдыкадыров 2023-жылы ошол 22 откананы газга өткөрүүнү убадалады. Бул үчүн 220 млн сом керектелет. «Биз өзүбүздүн, балдарыбыздын жана жалпы эле келечегибизден акча аябашыбыз керек», — деди мэр.

Кара-Кеченин көмүрүн чектөө. Абдыкадыров ЖЭБде жана жеке турак жайларда Кара-Кеченин көмүрүн жагууга тыюу салып, анын ордуна Казакстандан көмүр сатып алып турууну каалайт. Андан тышкары, мэр карапайым керектөөчүлөргө отундун баасынын айырмасын төлөп берүүнү убада кылды. Анын айтымында, бул ыш көйгөйүн 40%га чейин чечет.

Жаңы конуштарды газдаштыруу. Мэр быйыл беш жаңы конушка газ өткөрүүнү, ал эми 2025-жылга барып көгүлтүр от менен Бишкектин бардык конуштарын камсыздоону убадалады.

Жылуулук насостору. Калаа мэри энергиялык үнөмдүү жылуулук насосторун орнотууну сунуштап жатат, ал көмүргө караганда арзан түшөт.

1 500 жаңы автобус. Жыл аягына чейин Бишкекке газ менен жүргөн 1 500 жаңы автобус келет. Мэрдин айтымында, коомдук транспорт көйгөйү «толугу менен чечилет». Макулдашууларга ылайык, автобустардын 30%ы сатып алынат, калган 70%ы — лизингге алынат.

Мэр башка дагы кандай убадаларды берди?

Шаардык кызматтар үчүн жаңы техника. Быйыл мэрия «Тазалык» жана «Бишкек жашыл чарба» ишканалары үчүн 74 атайын техника алып жатат.

Бардык көрсөткүчтөр ашыгы менен аткарылды. Салык 145%га чогултулду, башка жыйымдар 120%дан ашык аткарылды. Бишкек өлкөнүн ички дүң продукциясынын 40%ын берет — 367 млрд сом.

Мындан ары бир дагы мыйзамсыз курулуш болбойт. Абдыкадыров мындан ары Бишкекте мыйзамсыз курулуштарга жол берилбесин убада кылды. Анын айтымында, курулуш компаниялар көбүрөөк пайда көрүү үчүн нормаларды бузууга барышат. Анткен менен мэр эгер үй бардык сейсмикалык талаптарга жооп берсе, курулушту мыйзамдаштыруу маселеси каралат дейт. Себеби бул үйлөрдө эч күнөөсү жок адамдар жашайт деп эсептейт мэр.

Бирок калаа башчысы шаарда курулуштардын сапаты башка өлкөлөрдүкүнө караганда «кыйла жакшы» экенин кошумчалады. Анын пикиринде, шаардагы үйлөрдүн көбү 8-9 магнитудага жеткен жер тирөөгө туруштук берет, бирок туруштук бере албагандары дагы бар. А бирок мэр баарын текшерүүнү убадалады.

Жаңы жол айрылыштарын куруу. Кытай грантынын 134 млн долларына көчөлөрдүн кесилиштеринде төрт транспорттук жол айрылыштары курулат. Алар төмөнкү көчөлөрдө курулат:

  • Лев Толстой жана Фучик көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Лев Толстой жана Жаш Гвардия бульвары (бульвар Матыев көчөсүнө чейин өткөрүлөт).

Андан тышкары, Анкара жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрө курулат, ошондой эле Айтматов жана Сүйүмбаев көчөлөрүнөн Лев Толстойго чыккан жол түйүнү курулат.

Мэрдин айтымында, жылдын аягына чейин ушул төрт долбоордун жок эле дегенде экөө ишке ашса — «бул жакшы».

Мектеп, бала бакчаларды куруу. Мэр быйыл жаңы конуштарда кеминде 12 бала бакча жана бир мектеп курулат дейт.

Өзөн сууларын жээктей заманбап эс алуу жайлары, вело жана чуркоочу тилкелер курулат. Абдыкадыров Аламүдүн, Ала-Арча өзөн сууларынын жана ЧЧКнын (Чоң чүй каналы) жээгине шаардыктар үчүн эс алуу жайларын курууну убадалады. Мындан тышкары, ал заманбап вело жана чуркоочу тилкелер куруларын айтты.

Мэр 2023-жылы унаа жолдоруна эмес, тротуарларга көбүрөөк көңүл буруларын кошумчалады. Ошондой эле ал тротуарлардын санын 3-4 эсеге көбөйтүп, алардын сапатын жакшыртууну каалайт.