Доре куймасы — «Кумтөр» алтын кенинде даярдалган продукт. Сүрөт:: «Азаттык».

Урматтуу окурмандар, текстке өзгөртүүлөр киргизилди.

Баштапкы үлгүдө «Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, Кыргызстан өткөн жылы 2 905 кг алтын экспорттогон» деп жазылган. Бирок андай эмес. Статкомдун маалыматына ылайык, өткөн жылы Кыргызстан 290,5 кг алтын саткан. Кытайга 2020 кг эмес, 202 кг, Түркияга 834 кг эмес 83,4 кг, ал эми Бириккен Араб Эмираттарына 49 кг эмес, 4,9 кг алтын экспорттогон. Маалыматты так эмес бергенибиз үчүн кечирим сурайбыз.

Кыргыз бийлиги Швейцарияга ири көлөмдө алтын сатылганын кайрадан жашырды. Улуттук статистика комитети февраль айындагы отчётунда Кыргызстан 2022-жылы үч гана өлкөгө 290,5 кг алтын экспорттогону көрсөтүлгөн. Баалуу металлдын басымдуу бөлүгү Кытайга (Гонконг) — 202 кг, Түркияга — 83,4 кг жана Бириккен Араб Эмираттарына — 4,9 кг сатылганы айтылат.

Анткен менен Factcheck.kg басылмасынын журналисттери соода статистикасынын эл аралык маалымат базасынан жана Швейцариянын бажы кызматынан таптакыр башка маалыматтарды табышты.

Швейцарияга сатылган алтын

Trade Map’тын маалыматына ылайык, 2022-жылы Кыргызстан Швейцарияга 1 513 кг баалуу металл экспорттогон.

Trade Map сайтынан скриншот.

Бул маалыматты Швейцариянын Федералдык бажы жана чек ара коопсуздугу, тышкы соода башкармалыгынын маалымат базасы да тастыктайт.

Швейцариянын Федералдык бажы жана чек ара коопсуздугу, тышкы соода башкармалыгынын сайтынан скриншот.

Улуттук статкомдун пикири

Материал жарыялангандан кийин Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү «Клооптун» журналисти менен байланышты. Алар комитет азырынча алтын экспорттоо боюнча алдын ала гана маалымат бергенин билдирди — мекемеден бул боюнча аныкталган акыркы маалыматты жайында берүүнү убадалады.

Кыргызстанда «белгисиз өлкөгө» сатылып кеткен алтындын тегерегинде чыр буга чейин да чыккан. Улуттук статком 19 тоннадан ашык алтынды сатып алган тарап жөнүндө маалыматты жашырып койгон. Президент Садыр Жапаров маалыматтын жашыруун экенин «коопсуздук максатында» деп түшүндүргөн.

Улуттук банктан алтын «Европа өлкөлөрүнүн бирине» сатылганын ырастап, 2021-жылы накталай доллар керек болуп, ал үчүн эл аралык резервдеги алтынды сатуу чечими кабыл алынган деп белгилешкен.

Бирок соцтүйүндүн колдонуучулары жана журналисттер алтын сатылган өлкө Швейцария экенин аныкташкан. Парламенттеги бир катар депутаттар алтындын сатылышын жана өлкөнүн башкы алтын өндүрүүчү ишканасы «Кумтөрдүн» ишин текшерүү үчүн атайын комиссия түзүүнү талап кылышкан. Кийинчерээк комиссия түзүлүп, депутаттар кенге барып, алтын өндүрүлгөн фабрикада болуп кайтышкан.

Садыр Жапаров депутаттык комиссия тууралуу комментарий берип жатып, «Кыргызстандын тарыхында чогулбаган көлөмдөгү алтын бүгүнкү күндө чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат» деп билдирген.

28-февралда Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева банкта 46,7 тонна алтын бар экенин айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бийлик Швейцария Кыргызстандан 1,1 млрд долларга алтын сатып алганын жашырып койгон