Президент өткөн жылы эки судья иштен алынып, 17си тартип жазасына тартылганын билдирди

Сот системасындагы кызматкерлердин күнүнө арналган иш-чара. 

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы эки судья иштен алынып, 17си тартип жоопкерчилигине тартылганын билдирди. Бул тууралуу ал 4-мартта Бишкекте өткөн сот системасындагы кызматкерлердин күнүнө арналган иш-чарада айтты.

Өлкө башчысы сот системасындагы кемчиликтерге токтолуп, мурдагыдай эле каталар, мыйзам жана судьянын этикасын бузуу фактылары болуп жатканын белгиледи.

«Соттор кылмышкерлердин жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалоону, ошондой эле пара талап кылууну көнүмүш адатка айлантып, андай өнөкөттөрдөн арыла албай жатканы абдан өкүндүрөт», — деди ал.

Жапаров сот адилеттигин ишке ашырууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу — эң маанилүү иштердин бири экенин белгилеп, кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

«Сот тутуму өзүнчө бир бийлик бутагы катары укуктук мамлекеттин эң маанилүү түзүүчүлөрүнүн бири болуп саналат. Андыктан сиздер колуңуздардагы мындай эбегейсиз чоң бийлик ресурсун туура, так жана натыйжалуу колдоно билишиңиздер зарыл» — деди ал.

Аны менен катар, өлкө башчысы сот тутумунун кызматкерлеринен ак ниеттүүлүк, принципиалдуулук, чынчылдык жана кынтыксыз жүрүм-турум талап кылынарын кошумчалады.