Парламент комитети Салык кодексине түзөтүүнү Акылбек Жапаровсуз талкуулоодон баш тартты

Парламенттин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жыйынга минкабдын башчысы Акылбек Жапаров менен финансы министри Алмаз Бакетаев катышсын деп Салык кодексине түзөтүүлөрдү талкуулоодон баш тартты.

Депутат Камила Талиева минкаб көпчүлүк учурда «өзү четте туруп алып, парламентти коомчулукка бышырып жедиргенге салып берип коёт» деп билдирди. Анын айтымында, коомчулук кодекске киргизилип жаткан түзөтүүлөрдү кызуу талкуулап, депутаттардан жооп талап кылышат.

«Акылбек Үсөнбекович өзү, финансы министри [Алмаз Бакетаев] келиши керек. Эмне үчүн өздөрү качып орун басарларын жөнөтүп жатышат? […] [Минкаб] парламентти коомчулукка салып берип, бышырып жедирип өздөрү четте туруп алып жатышат», — дейт Талиева.

Талиеванын айтканын депутат Акылбек Түмөнбаев да колдоп, ишкерлер өзгөртүүлөргө каршы болуп көчөгө митингге чыгып атканын эске салды. Анын айтымында, минкаб депутаттардын сунуштарын эске албай жана эл өкүлдөрүн түзөтүүлөр талкууланган тегерек столго чакырбай койгон.

Ал эми депутат Элвира Сурабалдиева өкмөт өзүнүн Салык кодекси менен Конституцияны бузуп жатканын кошумчалады. Анын пикиринде, салыктык чендерди коюу укугу өкмөткө эмес, Жогорку Кеңешке берилген.

«[Минкабга] Конституциянын кайсы беренелерин бузганыңарды айтса таарынасыңар. Биз эскертүүлөрдү берсек [анын] 90%ын киргизбейсиңер. Керек болсо, базалык нерселерди да киргизбей жатасыңар [...] Анан албетте, эгер биздин үнүбүздү жеткире албай жатсак, жөнөкөй жарандардын үнүн өкмөт эч качан укпайсыздар», — деди Сурабалдиева.

Жыйынтыгында депуттардын көбү Салык кодексине түзөтүүлөрдү кийинки жыйында талкуулоо чечимине добуш беришти.

ККМ, ЭТТК жана митингдер

2021-жылдын декабрынан тартып жаңы Салык кодекси күчүнө киргенден бери өлкөдө Министрлер кабинети киргизип жаткан жаңы эрежелерге, айрыкча ККМ жана ЭТТКнын киргизилишине каршы ишкерлердин нааразылылык акциялары тынбай келет.

ЭТТК — бул товар жөнүндөгү, жөнөтүүчү, алуучу жана транспорттук каражаты тууралуу маалыматты камтыган өкмөт тарабынан бекитилген электрондук документ. 2023-жылдын 1-январынан тарта ЭТТКны товар жүгүрткөн ишкердикдин бардык субъектилери колдонушу керек. Ал эми ККМди колдонууга жылдык жүгүртүмү 8 млн сомго чейин жеткен бардык ишкерлер милдеттендирилген.

Айрым бизнесмендерде бул системаны колдонууда кыйынчылыктар жаралып, алар система чийки экенине арызданышкан. Ал эми Агроөнөржай комплекси ассоциациясындагылар жаңы жаңы эрежелер азык-түлүктүн баасын кымбаттатып салышы мүмкүндүгүн билдиришкен.

Андан тышкары, Бухгалтерлер ассоциациясынан ЭТТК бухгалтерлердин массалык түрдө жумуштан кетишине себеп болгонун айтышкан. Ассоциациянын өкүлү Эля Аралбаеванын айтымында, ЭТТК бухгалтериянын ишин татаалдаштырат жана ири компаниялар аны толтуруу менен алектенүүчү бухгалтер-операторлорду жалдашат.

Январдын аягында Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков ЭТТКны киргизүүдөн баш тартып же жок дегенде кийинкиге жылдыруу керектигин айткан.

Февралдын аягында, Салык кызматы 2023-жылы ишкерлерде көйгөйлөр болгон үчүн ЭТТКны колдонбогон ишкерлерге айып пул салынбай турганын билдирген.