Мамлекет аялдар өзүн коопсуз сезиши үчүн дагы көп иш жасашы керек — Бекешев

Депутат Дастан Бекешев аялдарды эл аралык күнү менен куттуктап, бул күн бир эле гүл, таттуу-тарапа жана башкаларды тартуулоо эле эмес, эркектер менен аялдардын ортосундагы теңдик үчүн күрөшүү күнү экенин дагы эске салды.

Бекешевдин айтымында, бийлик аялдар 8-мартты жана башка күндөрдү коопсуз жана кубанычтуу сезимдер менен тосушу үчүн дагы көптөгөн иштерди жасашы керек.

Айрыкча, бир да аял билимсиз калбашы керек, бир да укук коргоо орган кызматкери аялдарга зомбулук болгон учурда кылмышты жаап-жашырганы үчүн жазасыз калбашы керек деп эсептейт эл өкүлү.

Мындан тышкары, Бекешев аялдар «жолдошуна ишенип» үйдө отурушу керек деген баалуулуктарды пропаганда кылууга тыюу салып, аялдарга бизнес ачууга жеңилдетилген насыяларды берүү керектигин айтат. Ал аялдар иштеп, балдарынын жөлөк пулун көбөйтүп алышы үчүн акысыз бала бакчаларды ачып, жалгыз бой энелерди сөз менен гана эмес, каржы жагынан дагы колдоо керек деп эсептейт.

«Аялдардын эл аралык күнү менен. Кудай буйруп, мамлекеттин башындагы эркектер 8-мартты гүл берүүгө себеп болгон күн катары кабыл албай калган күнгө жетели», — деп жазды Бекешев.

Үй-бүлөлүк зомбулук жана фемицид

2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунду ээлеп, Борбор Азия чөлкөмүндө аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылган.

Ошондой эле, Amnesty International 2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгонун белгилеген. Уюмдун баяндамасында жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылбаганы айтылган.

Ал эми ИИМ 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук 10 минден ашуун учуру катталганын билдирген.

Үй-бүлөлүк агрессорду реалдуу жазага тартуу өтө кыйын — көпчүлүк иштер административдик жоопкерчилик катары кабыл алынып, айыпкер айып төлөө жана коомдук жумуштарды аткаруу менен кутулуп кетет. Ал эми зөөкүр жазага тартылбашын жакшы билгендиктен зомбулугун уланта берет.

Дайыма болуп турган үй-бүлөлүк зомбулук аялдардын күйөөлөрү, жарандык никедеги чогу жашаган адамдары же мурдагы өнөктөштөрү тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келет. Адам өлтүрүүнүн бул түрү фемицид деп аталат.