Сүрөт: Айдай Эркебаева/Kloop

8-мартта Бишкекте Аялдардын укугу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата жылда өтүүчү жөө жүрүш өттү, ага 500гө чукул киши катышты. Жүрүштүн катышуучулары эксплуатациядан, бийликтин өкүм зордугунан бошотуу, сөз эркиндигин камсыздоо жана зомбулукту токтотуу чакырыктары менен чыгышты. «Клооп» жүрүштүн манифестинин толук текстин жарыялайт:

Биригүү эркиндиги үчүн!

8-мартта дүйнө жүзү боюнча миңдеген аялзаты аялдардын жана кыздардын укуктары үчүн, зордук-зомбулукка, сексизмге жана патриархатка каршы демонстрация жана митингдерге чыгышат. Бул жылы аялдардын эркиндигине жетишүүдөгү тилектештик марштын башкы темасы болду.

Сөз эркиндиги үчүн!

Бийлик күчүнө айланган коомдогу патриархат аялдарга барган сайын басым жасап, бизден эң баалуу нерсени — сөз жана тандоо эркиндигин тартып алууда. Кыймыл, сөз жана пикир эркиндиги — бул ар бир аялдын ажырагыс укугу. Биздин укугубуздун тебеленүүсүнө жок деп айт! Бишкекте жыл сайын өтүүчү тынчтык жөө жүрүшүнө кошул же өз шаарыңда жүрүш уюштур!

Зомбулуктан кутуулуу үчүн!

Кыргызстан — Борбор Азияда аялдар үчүн эң кооптуу өлкө.Сот адилеттигинин деңгээли төмөн. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук окуялары катталган. Алардын 2,5%да гана күнөөлүүлөр жоопко тартылган.

Коомдук жайларда, окуу жайларында жана транспортто аялдарга карата ыдык көрсөтүү көбөйүүдө. Жыл сайын 9 миңге жакын бойго жетпеген кыз никеге тургузулат. Ала качуунун саны азайганына карабастан сотко 4%га жетпеген гана фактысы жетет.

Милиция менен соттор аялдарга каршы кылмыштарга көз жумуп, натыйжасыз иштеп жатышат.

Эксплуатациядан кутулуу үчүн!

Эркектер менен аялдардын эмгек акыларынын айырмасы 30%ды түзөт. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигинен аялдар балдар менен отурууга же үйдөн иштеп кош жүктү көтөрүүгө аргасыз болууда. Балдардын эс алуусу жана билим алуусу үчүн жеткиликтүү мекемелердин жоктугу жаш адистердин жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн азайтат, анткени алар «алдын ала» ишке алынбайт. Мунун баары алардын финансылык бакубаттуулугуна жана карьералык өсүшүнө таасирин тийгизет.

Гендердик теңдик боюнча мыйзам иштебейт. Бүгүнкү күндө министрлердин арасында эки эле аял бар, 7 облуста, 40 райондо, 32 кичи шаарда жана 453 айыл өкмөтүндө бир дагы аял жетекчи жок. Мыйзамда белгиленген гендердик квотага карабастан депутат аялдардын саны 21%ды гана түзөт. Ошол эле учурда 2021-жылы аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитетке отчёт берүүдө Кыргызстан квота боюнча мыйзамды бузбайт деп убада берген.

Бийликтин ээн баштыгына каршы!

Аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо боюнча иш алып барган коомдук бирикмелердин жана фонддордун ишмердүүлүгү тынч чогулуштарга тыюу салуу, бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорлору, активисттерди мыйзамсыз камоо жана массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү менен чектелет.

Аялдар талаптарын айтып көчөгө чыгайын десе тыюу салынып жатса кантип өз укуктары үчүн күрөшүшмөк эле? Аялдардын маршы аялдардын укуктары, сөз эркиндиги жана тынч чогулуштар укугу үчүн!

Биздин талаптар:

  • Зомбулукту токтотуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын киргизүү;
  • Үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу;
  • Ар бир райондо мамлекет тарабынан каржыланган кризистик борборлорду ачуу;
  • Аялдардын социалдык жана эмгек укуктарынын кепилдиктерин камсыз кылуу;
  • Балдарды багуу үчүн татыктуу алименттерди өндүрүүнүн иштеген механизмин киргизүү;
  • Ар бир райондук ооруканада сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу;
  • Аялдар, мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдар үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү билим берүүнү камсыз кылуу;
  • Аялдардын саясий укуктарын камсыз кылуу;
  • Сөз эркиндигине, чогулуштарга жана уюмдарга кол салууларды токтотуу;
  • Аялдарга карата соттук ээнбаштыкты токтотуу.