Грузиядагы ири нааразылыктардан соң чет элдик тыңчы жөнүндөгү мыйзам артка чакыртылды

Грузия парламентинен «Чет элдик таасирдин ачык-айкындыгы жөнүндөгү» мыйзам долбоору артка чакыртылып алынды. Бул тууралуу «Грузин кыялы» партиясы, «Элдин күчү» коомдук кыймылы жана парламенттик көпчүлүктүн биргелешкен билдирүүсүндө айтылды. Анда депутаттар «мыйзам долбоору коомчулукта ача пикир жаратканын» байкаганы белгиленет.

«Калптын казаны мыйзам долбоорун жаман көрсөтүп, калктын белгилүү бир бөлүгүн адаштырды. Мыйзам долбооруна “орусиянын мыйзамы” деген жалган атты жабыштырып, биринчи окууда кабыл алынып жатканда коомчулукка европалык курстан чыгуу катары көрсөтүлдү. Мындан тышкары, радикалдык күчтөр жаштардын бир бөлүгүн мыйзамсыз кадамдарга тартып кетти. Укук коргоо органдарынын каарман кызматкерлерине рахмат, зомбулукка чыдамкайлык менен жана бийик деңгээлде каршы турушту», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошентсе да, алардын көтөрүп чыккан демилгесинен толук баш тартуу ниети жок. Мыйзам долбоорунун авторлору эл менен жолугуп, «эмне үчүн мыйзам долбоору кабыл алынганын» түшүндүрүп берүүгө бел байлап жатышат.

«Толкундоолор басаңдагандан кийин мыйзам долбоору эмне үчүн кабыл алынганын жана эмне үчүн биздин өлкөдө чет элдик таасирдин ачык-айкындыгын камсыздоо маанилүү экенин коомчулука жакшылап түшүндүрүп беребиз. Бул үчүн биз калк менен жолугушууларды баштап, иштин ар бир деталы боюнча чындыкты коомчулуктун калың катмарына жеткиребиз», — дешти алар, Грузия «Европаны көздөй кыймылын татыктуу улантат» деп кошумчалашты.

«Грузин демократиясына түн түшкөн учур»

7-мартта грузиялык депутаттар Орусиянын чет элдик агент мыйзамынын көчүрмөсү деп аталган «Чет элдик таасирдин ачык-айкындыгы жөнүндөгү» мыйзамды биринчи окууда кабыл алышкан. Мыйзам долбооруна ылайык, коммерциялык эмес кирешесинин 20%дан ашыгын чет өлкөдөн алган бардык медиалар менен өкмөттүк эмес уюмдар чет өлкөлүк таасири бар агенттердин реестрине катталышы керек.

Бул көптөгөн өкмөттүк эмес уюмдарды, ошондой эле өлкөдөгү батыштан грант алгандардын барына коркунуч туудурат. Буларга мисалы, чет өлкөдө билим алууга стипендия алгандар же айыл чарба техникасын каржылоо боюнча сынакты жеңгендерге тийиштүү болуп калат. Башкача айтканда, эгер мыйзам долбоору кабыл алынып калса, анда саясаттан алыс адамдар деле өздөрүн чет элдик агент деп атоого туура келет.

Мыйзамды кабыл алууга каршы айтылган негизги аргументтердин бири бул, азыркы тапта Грузияда бар өкмөттүк эмес уюмдардын бюджети ансыз деле ачык-айкын — каржы министрлигинде өлкөдө КЭУ деп катталгандардын кирешеси жана алардын бардык булагы тууралуу отчёттору бар.

Мыйзамдын оппоненттери долбоор кабыл алынса өкмөттүк эмес уюмдардын сигментациясына жол берет деп эсептешет. Алгач чет элдик агент деген ярлыкты алып жүрүүнү таңуулап, кийин басым кылуунун башка механизмдерин колдонушат дешет алар.

7-марттагы добуш берүү массалык нааразычылык жаратты. Тбилисинин көчөлөрүнө парламенттин чечими менен макул эмес миңдеген адамдар чыгып, митинг 8-март күнү да уланды. Ошол эле күнү кечинде шаардын борборунда буга чейин күндүзгүдөй эле бийликтин талаштуу мыйзам долбоорун кабыл алуу ниетине нааразы болгон оппозициянын миңдеген тарапташы чогулду. Акциянын катышуучулары парламенттен биринчи окууда кабыл алган документти артка чакыртып алууну жана ошол күнү кечинде кармалган демонстранттарды бошотууну талап кылышты.

Митингге чыккандардын бир бөлүгү парламенттин имаратынын тосмосун талкалоого аракет кылышкан. Полиция көздөн жаш агызуучу газ жана суу аткычтарды колдонуп митингчилерди парламенттен жана аянттан алыстаткан. Бирок андан бир канча убакыт өткөндөн кийин адамдар кайрадан имаратты көздөй багыт алып, ал эми спецназ кайрадан нааразы болуп чыккандарды кубалып жана кармай баштаган.

7-мартта нааразы болуп чыккандарды өлкө президентти Салом Зурабишвили колдогон: ал мыйзам долбоорун колдогон депутаттар конституцияны бузганын билдирип жана эгер мыйзам долбоору анын үстөлүнө келсе вето коюну убадалаган.

Бирок парламентарийлер мындан кийин деле президенттин ветосун жеңип мыйзамды кабыл алышы мүмкүн, мындай механизмдер грузиялык конституцияда каралган.

Грузиянын ИИМнин расмий маалыматы боюнча, кагылышуунун биринчи күнүндө 66 адам, 8-мартта дагы 10 адам кармалган, ошондой эле бир канча шектүүлөр изделүүдө.

Митингчилер менен болгон кагылышууда 50гө чукул полиция жабыркаган. Ал эми жабыркаган демонстранттардын так санын Грузиянын ИИМи айткан жок.