Өзгөчөлүккө умтулуу. Секонд-хенд дүкөндөрүнөн кийинген бишкектик жаштар

Акыркы жылдары жаштардын арасында секонд-хендден шоппинг кылуу популярдуу болууда. Айрым учурда балдар жана кыздар өзгөчө кийимдерди издеп дүкөндөргө турларды уюштурушат.

Кээ бири үчүн — бул өзүн көрсөтүүнүн жана өз стилин табуунун жолу. Сехонд хенддердин айланасында бизнес кургандары да бар — чет элдиктерге винтаждык табылгаларды сатышат.

Биз секонд-хенддерди жашоосунун бир бөлүгүнө айланткан жаштарды кепке тарттык.