Аманбек Асранкулов атындагы көркөм сүрөт музейи

Ош шаарындагы Аман Асранкулов атындагы көркөм сүрөт музейинин жетекчиси Алимбек Назеков Сүрөтчүлөр союзу «музейди ликвидациялоо» чечимин кабыл алганын айтып чыкты. Ал эми союздун өкүлү Жакшыбек Жунушев 10-мартта «Клоопко» музей «кайра куруудан өтүп жатканын», экспонаттар союздун Оштогу филиалынын фондуна өткөрүлүп берилерин билдирди.

Эмне болду?

Алимбек Назеков

Сүрөт музейдин жетекчиси Алимбек Назеков «Клоопко» маек берип, аталган музей 26 жыл мурда Сүрөтчүлөр союзунун филиалы болуп түзүлгөнүн, ал эми эки жылдан бери расмий түрдө Аман Асранкуловдун атын алып иштеп келе жатканын билдирди.

Назековдун айтымында, Сүрөтчүлөр союзунун жетекчилиги мекемени «“камсыздай албайбыз, шарт жок” деген жүйөө менен ликвидациялоо» чечимин чыгарды.

Аны менен катар ал, Ош шаарында Сүрөтчүлөр союзунун 4 объектиси жана жер тилкелери бар экенин айтып, кээ бир имараттарды союздун мүчөлөрү менчиктеп алганын, ал эми имараттардын орду союздун балансында турганын белгиледи.

«Сүрөтчүлөр союзу “үй курган компанияларга сатабыз” деген сөз чыгарганда [мүчөлөр] бизге “биз сүйлөштүк, ушул жерди бизге саткыла” деп келе башташты. Биз “сатпайбыз, элдин чечими менен боло турган нерсе” деп, үч объектке тең “кызыл китеп” жасаттык. Андан соң тигилердин максаты аткарылбай, бизден кынтык издеп ачык сотко бере башташты. Ошентип, 2018-жылдан бери соттошуп келе жатабыз», — деди музейдин жетекчиси Назеков.

Ошондой эле ал, жетекчилик «жеңилине качып» чечим чыгарып жатканын, чынында соңку эки жылда мекеме өзүн-өзү каржылык жактан камсыздап келе жатканын айтты.

«Эл музей кура албай жатса, биз ушунча тарыхы бар музейди жок кылып койгонубуз туура эмес. Бул музейде көзү өтүп кеткен сүрөтчүлөрдүн канчалаган эмгектери турат. Аны жапканга биз макул болбой жатабыз. Музей [союзга] өткөндөн кийин ликвидация болот да, каякка барат эле? Бүт бардык экспонаттарды ар жакка бөлүштүрүп кетишет», — деди жетекчи.

Жетекчи өзү иштеген 4 жылдын ичинде музейге кошумча төрт бөлмө курулуп, бирок алардын курулушу толугу менен бүтө электигин белгиледи. Учурда музейдин жамааты демөөрчү издеп, шарттарды жакшыртууга аракет кылып жатышканын кошумчалады.

«2005-2007-жылдар аралыгында Ош облусунун администрациясы музейге 2 миллион сом каржы бөлүп берген. Андан сырткары долбоордон 400 миң сом каражат утуп алганбыз. Бизде өнүгүү жүрүп жатат, биз бирөөдөн бир тыйын сураган жокпуз. Биздин долбоорго ылайык, музей жаңыдан жасалып бүтсө, астында сүрөт галереясы, экинчи кабатында музейдин экспонаттары орун алат», — деп билдирди Алимбек Назеков.

Сөзүнүн аягында ал музейди жаап салууга каршы экенин айтып, президент Садыр Жапаровго музейге колдоо көрсөтүүнү өтүнүп кат жолдоп, колдоо күтүп жатканын билдирди.

Сүрөтчүлөр союзу эмне дейт?

Жакшыбек Жунушев. Сүрөт: Sputnik Кыргызстан

Аталган маселе боюнча Сүрөтчүлөр союзунун өкүлү Жакшыбек Жунушев 10-мартта «Клоопко» комментарий берип, музейдин имараты Сүрөтчүлөр союзуна караштуу болгонуна байланыштуу мекеменин өзүндө имарат тартыштыгы жаралып жатканын айтты.

«Негизи бул музей Сүрөтчүлөр союзунун Оштогу филиалынын имаратында түзүлгөн. Музей саат 10дон кечки 5ке чейин иштеп, андан соң күзөткө жабылат. Биз аны музейге бекитип берчү болсок, филиал өзү имарат орду жок калып жатат. Себеби, ал жерде көпчүлүк сүрөтчүлөр [союз] түзүлгөндөн баштап келе жатат. Ал эми музей бир кездери грант алыш үчүн эле түзүлгөн болчу, негизи анын турган орду биздин филиалга туура келбейт», — деп билдирди Жунушев.

Ошондой эле Жунушев мүлктөрдү приватизациялоо маалында союздун филиалынын айрым мүчөлөрү менчиктеп алган жеке устаканалар бар экенин ырастап, бирок музейдин имараты жана башка жер тилкелер союздун балансында экенин белгиледи.

«Ал эми Сүрөтчүлөр союзу “үй курган компанияларга жер тилкелерин сатат” деген маалымат туура эмес. Биз эч качан өзүбүздүн мүлктү курулуш компаниясына сатпайбыз, ал биздин союздун менчиги. Сот боюнча, убагында Назеков музейдин жетекчиси катары туура эмес сандар көрсөтүлгөн документке кол койгон экен. Бир заказ алганбы, айтор, ошол жердеги Асадулла Жолдошев деген сүрөтчү экөө “туура эмес документтер менен иштеп жүрөт” деп соттошуп жатышат. Ал иштин союздун жер тилкелери менен тиешеси жок, аны бизден эч ким ала албайт», — деп билдирди ал.

Аны менен катар союздун өкүлү музей толугу менен ликвидацияланбайт экенин, ага атайын эки көргөзмө залы бөлүнүп берилерин жана экспонаттар союздун Оштогу филиалынын фондуна өткөрүлүп берилерин кошумчалады.

«Музейдин директору “ликвидация” деп жазыптыр, бирок андай эмес. Биз музейди филиалдын балансына “көргөзмө зал” деп өткөрүп берип жатабыз, бул негизи “кайра куруу” деп айтылган. Андан сырткары, музейге президент кийлигише албайт, анткени ал жеке Сүрөтчүлөр союзунун мүлкү болуп эсептелет», — деди ал.

Жунушев мындай кадамдын эң башкы максаты аймактагы филиалдын сүрөтчүлөрүнүн ишмердүүлүүгүн улантышына шарт түзүү экенин баса белгиледи.