Мишель Йео аялдын ролун мыкты аткарганы үчүн «Оскар» алган биринчи азиялык болду

Теги кытай, жашы алтымышка таяган малайзиялык актриса Мишель Йео «Баары дароо бардык жерде» («Всё везде и сразу») фильминде жараткан ролу үчүн «Эң мыкты аялдын ролу» номинациясында «Оскар» сыйлыгын алды. Ал аталган сыйлык тапшырылгандан берки 95 жыл ичиндеги бул наамга татыган биринчи азиялык аял болуп калды.

«Көрүнүшү мага окшогон кыздар жана балдарга, бул сыйлык кыялдар орундала турганынын далили жана мүмкүнчүлүктөрдүн маягы болсун. Анан дагы… [Кымбаттуу] аялдар, максатыңа жетүү үчүн “жашың өтүп калды” деп айтууга жол бербегиле. Багынбагыла», — деди Йео сахнада турганда жана бул сыйлыкты 84 жаштагы апасына арнады.

Йеого статуэтканы «Оскар» сыйлыгын алган биринчи кара терилүү актриса Хэлли Берри тапшырды.

«Баары дароо бардык жерде» («Всё везде и сразу») тасмасы АКШда жашаган, жашоосу жакшы болбой жаткан иммигранттардын окуясын баяндайт. Бирок алар башка ааламдарга саякаттоо мүмкүнчүлүгү пайда болгондо баары өзгөрөт. Бул тасмадагы ролу үчүн Йео буга чейин «Алтын глобус», АКШ актёрлорунун гильдиясынын сыйлыгын жана Сатурн сыйлыгын алган.

Тасма «Оскардын» эң мыкты тасма, мыкты режиссура жана оригиналдуу сценарий номинацияларын да жеңди. Фильм «Оскарда» алган номинацияларынын саны боюнча алдыга чыкты — тасма Киноакадемиянын 11 категориясына көрсөтүлүп, жетисин жеңип алды.

Буга чейин «Оскар» сыйлыгын жеңүүчүлөр көбүнесе ак терилүү эркек кишилер деп айтылып, уюштуруучуларга кине коюлган. Социалдык түйүндөрдө #OscarsSoMale жана #OscarsSoWhite хештегдери менен нааразычылык акциялары да жүргөн. Deutsche Welle басылмасы «Оскардын» тарыхында сыйлыкка аялдардын талапкерлиги көрсөтүлгөн 28% гана наминация болгонун жазган.

60 жаштагы Мишель Йео актрисалык карьерасын 1980-жылдары баштап, 60тан ашык тасмага тартылган. Тасмалардын эң таанымалдары: «Аңдыган жолборс, жашынган ажыдаар» («Крадущийся тигр, затаившийся дракон»), «Гейшанын эскерүүлөрү» («Мемуары гейши»), «Мумия: ажыдаарлар императорунун мүрзөсү» («Мумия: гробница императора драконов»), «Галлактика сакчылары. 2-бөлүк» («Стражи Галактики. Часть 2»), «Укмуш бай азиялыктар» («Безумно богатые азиаты») жана «Шан-Чи жана он шакек уламышы» («Шан-Чи и легенда десяти колец»).