Вера Андрианова атайын «Клооп» үчүн тарткан иллюстрация

Бишкек шаарындагы медициналык институттун (азыр Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы) мурдагы бүтүрүүчүлөрү 80-жылдардын аягы, 90-жылдардын башында окутуучулардан сексуалдык ыдык көргөнүн «Клоопко» айтып беришти. Бул аралыкта алардын көпчүлүгү окуу жайда башынан өткөргөн окуяларды эч кимге айтпай жашырып келишкен. Себеби уялышкан, Кыргызстандын аттуу-баштуу дарыгерлери менен чырдашуудан коркушкан.

Каармандардын суранычы менен аты-жөнү өзгөртүлдү. Алар макалада сексуалдык ыдык көрсөткөн мугалимдердин ысымдарын дагы атабай эл койгула деп суранышты.

«Биз үчүн мугалим деген ким болгонун элестетип көрсөңүз? Биз аларды көзүбүздү жалдыратып тиктеп, кудайга сыйынгандай эле сыйынчыбуз. Биз аларга чын жүрөктөн ишенет элек», — деп сөз баштады Бегимай.

Бегимай 1987-жылы мектепти алтын медаль менен аяктап, Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна (КМИ) тапшырган. Дароо эле курстун старостасы болуп, студенттик уюштуруу иштерине активдүү аралаша баштаган. Ага окуусу дагы жакчу, көпчүлүгү мугалимдик менен дарыгерлик кесипти айкалыштырган окутуучуларына болсо суктануу менен карачу.

Ал мединститутка тапшырып, балалык кыялын орундаткан — ошол кезде ал теңдүүлөрдүн көпчүлүгү дарыгер болууну кыялданчу. Анда бул кесип өтө сыйлуу жана престиждүү болчу.

Бирок кыялды орундатуу оңой болгон эмес — институтка өтүш үчүн көптөгөн оор сынактарды тапшыруу керек болчу. «Клооптун» дагы башка маектеши Айсулуу, абитуриенттерди электен өткөрүү тартиби өтө катуу болгонун жана студенттер институтка тапшыруу жана аны аяктоо мүмкүнчүлүгү үчүн тынымсыз күрөшкөнүн эстейт. Ал ошол учурда КМИ жабык элиталык ЖОЖ деп атайт.

«Эгер сени сынакка киргизбесе, бардык окуган жылдарын жана бул ЖОЖго тапшыруу үчүн, абитуриенттердин алдыңкысы болуу үчүн кылган аракетиңдин баары текке кетет», — дейт ал. Мындай шарт КММИнин студенттерин (айрыкча студент кыздарды) мугалимдерге өтө көз каранды болгон акыбалга алып келет.

Түн бир оокумда кофе сунуштаган «легенда»

Совет мезгилинде студенттерди айыл чарба жумуштарына көп жөнөтүшчү. Бегимайдын группасы да алардын катарында болгон — 1987-жылы группасы менен Чүй облусундагы айылдардын бирине жүзүм талаасына иштөөгө барган. Жүзгө чукул студентти эки кабаттуу керебеттери бар барак тибиндеги жыгач үйлөргө жайгаштырганын эскерет ал — кийинки бир ай бою ал жер студенттердин үйү болуп калган.

«Ал жердин шарты катаал болчу — дисциплина, буйруктар. Бизди катарга тизип, “жаткыла!”, “тургула!” [деп буйрук беришер эле] — өзүнчө эле аскердик колонна сыяктуу. Биз бири-бирибизди такыр эле тааныбайбыз — Кудай ай, бала эле болчубуз! — дейт Бегимай. Бирок көп жакшы нерселер да болгонун кошумчалайт. — Жаштык да. Биз ал жерде гитарада да ойночубуз, иштечүбүз дагы, кандайдыр нормаларды да тапшырчу элек. Биз менен окутуучулар да бара турган…»

Салкын түндөрдүн биринде кыз ийнине бирөө колун койгондо ойгонуп кетет. Көзүн ачса жанында окутуучулардын бири турат — «кыздардын баары жактырып жүргөн, келишимдүү жана интеллигент [агай]». Бегимай чочуп кетет — бир жаман окуя болуп, мугалим аны курстун старостасы деп ойготуп жатат деп ойлойт. Бирок агайы кызга эч нерсени түшүндүрбөстөн, артыман бас деп, кандайдыр имаратка киргизип, өзү кетип калат.

Имараттын ичинде кадимки «расмий» советтик маанай өкүм сүрүп турган болот: чоң тегерек стол, аны айланта тизилген отургучтар, шкаф, Лениндин бюсту. Имараттын ичинде аны башка окутуучу— Бегимай өзү сүрөттөгөндөй, дээрлик «легенда» [деп саналган мугалим] күтүп турган болот.

Ал шкафтан тамак-аш алып чыгып, кызга сунуштай баштайт. «Биз, студенттер, ал жерде ачка жүрчүбүз, мында болсо печенье менен кофе пайда боло калды, а мен болсо, ал кезде өмүрүмдө кофе ичип көрө элек болчумун. Ошондо гана мен эч кандай кырсык болбогонун: эч ким каза болбогонун, кулап түшүп же жоголуп кетпегенин түшүндүм», — деп эстеп айтып берди Бегимай.

«Легендарлуу» окутуучу студентти отряд, студенттердин нааразычылыгы тууралуу сөзгө тартып алаксытат, бирок кыз дароо кызыктай бир нерсе болуп жатканын байкайт — профессор улам ага жакындоого аракет кыла берет, кыз артка жыла берет.

«Бир аздан соң биз куушуп ойноп жатканыбызды түшүнүп, титиреп-калчылдай баштадым. [Агай болсо]: “Эмнеден коркуп жатасың?” “Эмне болду?” деп жатты. Мен болсо мени ээрчитип келген мугалим качан кирет экен деп күттүм. Ал ошончодон бери эшиктин астында туруп, окуя кандайча өнүгүшүн күтүп турган сыяктанат. Мен стулдарды койгулап, сый мамилени унутуп эле катуу сүйлөй баштадым», — Бегимай бул окуяны эстегенде азыркыга чейин титиреп кетерин жашырган жок.

«Легенда менен куушмай» көпкө созулган эмес, бирок анда Бегимайга бүтпөстөй узак сезилген. Акыры сыртта турган жаш мугалим ызы-чуудан улам ичкери келген.

«Мен ага “сениби айбан!” дегендей жек көрүү менен карадым. Албетте, бул ыдык экенин, ал эмне менен бүтүшү мүмкүн экенин түшүнүп турдум. Бирок мен кантип реакция кылышты билбейт болчумун. Азыр 50гө чыктым, күчтүүмүн, эрктүүмүн, укуктарымды билем жана өзүмдү, башка медиктерди, бейтаптарды коргой алам. Бирок ал кезде — такыр башкача болчу», — дейт аял.

Кийинчерээк башка студенттерден мындай кырдаалга башкалар да кабылып келгенин уккан. Көрсө, окутуучулар студенттерди көп эле жолу киного же кафеге чакырып жүрүшчү экен. Мындай окуялар айрыкча зачёт учурунда көп боло турган.

Вера Андрианова атайын «Клооп» үчүн тарткан иллюстрация

Секс же болбосо беш өлүктү союу

1991-жылы Динара бешинчи курста окуп калган. Ал төрөп калганына байланыштуу сабактардын бир бөлүгүн калтырууга туура келген — ал калтырган ар бир тема боюнча реферат жазып чыгып, аларды жакташ үчүн соттук-медициналык экспертиза кафедрасынын окутуучусунун алдына барган. Студент кыздардын арасында анын ыдык көрсөтүүгө жакындыгы тууралуу сөздөр буга чейин эле айтылып жүргөн, бирок Динара бул ага тийешелүү эмес деп үмүт кылып жүргөн — анткени анын колунда нике шакеги бар болчу.

«Ал шекгимди деле көргөн, бирок кайыл болчу – деп эстейт Динара. — Кийин мага зачёт коюп бериш үчүн, кайсы күнү кечки тамактанууга кафеге барган ыңгайлуу болот деп сурап баштады. Мындайча айтканда, ал мени ушундай шарт менен сынакка киргизмек». Бул ачык эле секске кыйытуу болчу.

Динара баш тартат. Ошондо мугалим ага өлүкканага барып, ар бир калтырган сабагы үчүн — бир убакта беш өлүктү союп чыгууну [экспертиза кылганды] тапшырган.

Кыз бул — басым экенин жана мугалим эч кандай зачёт койбой турганын түшүнгөн. Ошондо ал мугалимдин бир дагы сунушуна макул болбой, зачёт алыш үчүн «баардык тааныш-билишин салганга» туура келгенин эстейт.

Динара ошол кезде студент кыздардын арасында анонимдүү сурамжылоо жүргүзүшкөнүн айтат, анда баардыгы соттук медициналык кафедрасында академиялык эрежелерге ылайык зачёт алуу мүмкүн эместигин жазышкан. «Экзамен го мейли, ал жерде кандай болбосун комиссия бар. Бирок зачёт алыш такыр мүмкүн эмес, төшөк аркылуу эле болбосо» — дейт ал.

Ал соттук медицина сабагынан берген мугалимдин жүрүм-турумун эркек балдар деле билишчү дейт — КМИни аяктаган Динаранын жолдошу дагы, кезинде группалаш кыздарды ыдык көрсөтүүдөн коргоого аракет кылышканын айтып берген.

«Клооптун» журналисти менен маектешкен окуу жайдын дагы эки бүтүрүүчүсү дал ушул мугалимди мындай окуя байланыштырып айтып беришти.

1980-жылдардын аягында ушул эле агай Гүлнаранын группасына сабак бере баштаган — Москвага диссертациясын коргоо үчүн кеткен башка мугалимдин ордуна. Гүлнаранын группасында окуган кыздар жаңы келген мугалимдин «өзгөчөлүктөрү» жөнүндө угуп эле жүрүшкөн, бирок алгач кырсыктын белгилери байкалган эмес.

Бирок бир нече сабак өтүлгөндөн кийин, мугалим студент кыздардын жообуна канааттанбай жатканын айтып, «кайра тапшыруу үчүн» келгиле дей баштаган — анан калса, университеттен тышкары жактарга чакырган. Анын чакыруусуна эч ким барган эмес — ошентип студенттердин «карыз сабактары» топтоло баштаган. Акырында алар окутуучулардын бирине — Гүлнаранын курбусунун тууганына арызданышкан. Ал айым мугалимди студент кыздарга баа коюп берүүгө көндүргөн.

«Мен зачёт алыш үчүн бирөөгө кайрылып көргөн эмесмин, бирок мында кайрылууга туура келди, — дейт Гүлнара. — Чынында, [окуусунан] артта калбаш үчүн ушундай абалга моюн сунууга аргасыз болгон кыздарга боорум ооруйт, өкүнүчтүү. Ал акырын эле: “Болду, баланчанчы күнү, түкүнчө жерге келесиң” деп айтып койчу. Анан ага эмне керек экени түшүнүктүү болчу. Бул канчасына тиешелүү болгонун билбейм. Азыр ошол киши тирүү, ден соолугу чың, ал тургай туугандарым менен жакын катташат. Кудай ай, мен аны көргөндө ушундай жипкирдим!».

«Каршылык көрсөтүүгө баарынын эле күчү жетпейт»

Айсулуу Медициналык академияда 90-жылдардын башында окуган. Ал ошол кезде КМИде жүрүм-туруму кооптуу мугалимдер иштеген бир канча кафедра болгонун, студент кыздар алардын ыдык көрсөтүүсүнө туш болуудан коркуп жүрүшкөнүн эстейт. Айсулуунун берген баасы боюнча, мындай мугалимдер бардык курстарга сабак берчү — биринчи курстар да, ординатурада окугандар да кабылышчу.

«Жеке мага улгайып эле калган киши [сексуалдык мамиле курууну] сунуштаган. Менин оюмча, ординатор болуп калганымда ал киши атамдан дагы улуу болчу. Ал мага чалып, аны менен Ысык-Көлгө барып келүүнү сунуштаган, ошондо гана жумушка орноштурууга жардам берем деп айткан», — деп эстеп отурду ал. Кийин кыз катуу жооп кайтаргандан кийин гана мындай нерсе кайталанган эмес.

Бирок группалашы, мындан дагы жапайы окуяга кабылганын айтып отурду Айсулуу. Экинчи курста окуп жүргөндө ал студент улуу эле профессорго сынак тапшырган, бирок кыздын жооптору профессорду канааттандырган эмес. Анан ал сынакты кайрадан тапшыруу үчүн убакытты белгилеп, кызга келе турган даректи берген. Ал дарек профессордун батири болуп чыккан.

«Студент кыз айтылган дарекке барганда гана профессордун батирине келгенин билген, — дейт Айсулуу. — Үйгө кирет, кирсе столдун үстүндө коньяк, таттуулар турган болот. Мындай адамдардан, өзгөчө улгайган кишиден мындайды эч ким күтпөсө керек. Ал чоң атасындай куракта болчу. Кыз нес болуп калган, ал эми профессор ачык эле сексуалдык ыдык көрсөтүп, анын кийимдерин чечип баштаган».

Студент кыз каршылык көрсөтүп кыйкыра баштаган. Стол аңтарылып кеткенде чыккан катуу добуштан киши чочуп кеткен. Же ачуусу келгенби, айтор кызды батирден кубалап чыккан, эшиктен түртүп жибергенде кулап, тизеси жарылган.

«Каршылык көрсөтүүгө анын күчү жеткен, бирок баары эле андай эмес да. Кимдир бирөө жөн эле эс-учунан танып кулайт, дагы башкасы — ыйлап эле отуруп бериши мүмкүн. Менин оюмча зомбулук көрсөткөндөр ушуну билет жана андан пайдаланышат», — дейт Айсулуу. Анын айтымында, КМАда окутуучулар студент кыздарга ыдык көрсөткөн окуялар ошол жылдары аз эмес болчу. Анын группалаштарынын бири ушунун айынан бир жылдык академиялык өргүү алууга аргасыз болгон.

Вера Андрианова атайын «Клооп» үчүн тарткан иллюстрация

«Жолугушууга келсең бүт группага зачёт коюп берем»

Айжан Мединститутка 1992-жылы тапшырган. Ал дагы мугалимдердин жол берилгис сунуштары менен бир канча жолу бет келгенин айтат.

Окутуучулардын бири үчүнчү курстун студенттерин «зачёт тапшырыш» үчүн саунага чакырган. Андан баш тарткандан кийин, студент кыздарга башка окутуучуга арыздануу гана жардам берген. Ал кесиптешин уяткарып, ал тургай жакадан алганын эскерет Айжан: «Карачы, булардын дагы ата-энеси бар! Сенин дагы кызың бар да, туурабы! Эмнеге бул кыздарды кыйнап жатасың? Зачётунду коюп бер!» – дейт ал.

Жаш балдар хирургиясы кафедрасынын башка мугалими туура эмес сунушун салыштырмалуу жымсалдап угузганы менен, бирок Айжандын бүт группасы күбө болгон. Сунушта кадимкидей шантаж бар болчу.

Бул 8-марттын алды болчу. Кыздын группалаштары кичи сессияны жабуу үчүн сынак тапшырууга даярданып жүрүшкөн. Бирок мугалимдин башка планы чыгып калган — ал эгер Айжан аны менен «киного барса» бардык группага зачёт коюп берүүнү сунуштаган.

«Ал эмне жөнүндө айтып жатканын жакшы түшүнүп турдук. Бул мага ыңгайсыздык гана жаратпастан — мен үчүн такыр жапайычылыктай сезилген», — деп эстейт ал.

Кызды окутуучунун сунушу гана эмес группалаштарынын буга катары реакциясы таң калдырган — эркек балдар группага зачёт коюп берем дегени үчүн мугалим менен жолугушууга барып кел деп көндүрө башташкан.

«Ошол группалаштарымдын басымдуу бөлүгү азыр кафедраларда иштеп жүрүшөт. Көпчүлүгү хирург, белгилүү невролог болуп чыгышты. Алар деле өздөрүн ошол кездеги окутуучулардай алып жүрүшөт болуш керек деп ойлоп калам. Алар эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнүп турса деле, барып кел деп кысташты», — дейт ал. Анын айтымында, ошол кезде ага бир гана группанын старостасы колдоо көрсөтүп, мугалимди кызды жайына кой деп көндүргөн.

Окутуучулардын ыдык көрсөтүшүнө жабык эшик артында өткөн «калтырган сабактарын кайра тапшыруу» системасыны жол берген. Айжан окутуучулар кайра тапшырууну көбүнесе өздөрүнүн кабинетине, кечкиге белгилеше турганын айтат.

«Адатта алар “бештен кийин кел” дешчү. Ал эми бул убакытта баары [окуу жайдан] тарап кетишчү, мугалимдер дагы. Алардан бирөө калат, ага студент сабактарды кайра тапшырууга келет, ал болсо кызды кабинетине алып кирет. Эшиктин артында эмне болуп жатканын эч ким билбейт», — деп эстеди каарманыбыз.

Ошондуктан Айжан кайра тапшыруу жана зачётко курбулары менен барууга аракет кылчу, окутуучу аларды бөлмөгө бирден киргиле дегенине карабай ээрчишип киришчү.

Жазанын жоктугу жана жымжырттык

Динара КМАнын ичиндеги мындай жат көрүнүштөргө эркек мугалимдердин студенттерге үстөдөмдүк кылууга гана эмес, бир нерсе болсо эч кандай жазаланбашын билгени да себеп болгон деп эсептейт.

«Алар эч ким, эч нерсени далилдей албасын билишчү. Кыздар бул туралуу айтуудан коркушчу — кудай анын бетин ары кылсын, ата-энелери, бир тууган байкелери билип калсачы [деп коркушчу]. Мисалы, менин үч байкем бар, мен дагы эч кимге айткан эмесмин», — дейт ал.

Анын айтымында, айрым окутуучулар кыздар канчалык аракет кылышпасын атайы эле сынактардан кулатып коюшчу. «Эгер [балдар] жакшы жооп беришсе кадимкидей эле өтүп кетишчү. Эгер кыздар кафеге же мончого чакырышканда, окутуучулар айткандай “кежирленсе” зачёттон өтпөй калышчу», — дейт Динара.

Ал студенттик күндөрдө жатаканада жашаганын, мугалимдер менен жыныстык катнашка барууга аргасыз болгон кыздарды жеке тааный турганын айтат.

«Эгер кыз татынакай болсо, аны коргой турган туугандары жок болсо — бул кыздар үчүн көйгөй болчу. Айрыкча аймактардан келген кыздар кыйналышчу. Биз алар менен чогуу ыйлачубуз. Бир кызды билем — ал өз жанын кыюуга аракет кылган. Аны зачётту же экзаменди ушундай ыкма менен тапшырууга мажбурлашкан. Кийин ал туталанып ыйлап, кыйналып жүргөн. Кийин зорго өзүнө келген», — деп айтып берди аял.

Айсулуу эркек мугалимдер үстөмдүгүнөн пайдаланып жаш кыздарды өздөрүнүн сексуалдык муктаждыктарын канааттандырууга пайдалануу мүмкүнчүлүгүн коё беришчү эмес деп кошумчалады. «Алар муну кыздарды зордуктоо деп эмес, болгону убакытты жакшы өткөрүп жатабыз деп эсептешчү», — деп кыжырданды Динара.

Анын айтымында, окутуучулардын студенттерге карата жасаган мындай жол берилгис аракеттерине каршы күрөшүү үчүн ал учурда секс темасынын табу болгону да тоскоолдук кылган — ыдык көргөнү тууралуу даттанып чыгуу уят деп эсептелген. «Клооп» маектешкен башка аялдар дагы ошол учурда сексуалдык ыдык деген тема «болбогонун» ырасташат.

Бегимай КМАда окуган убакыттын ичинде болгону бир кыз окутуучулардын сексуалдык ыдык көрсөткөнү тууралуу айтып чыгууга аракет кылганын айтат. Ал кыздын жолдошу укук коргоо органдарынын кызматкери болгон, бирок Бегимай «медицинанын тиреги, таяк менен жүргөн, мыкты лекцияларды окуган кары» деп сүрөттөгөн профессорду бул токтото алган эмес.

Бирок ызы-чууну басып коюшкан: «Агай кыз аны туура эмес түшүнүп алганын, студентке жакшылык каалаганын айтып кутулган».

Керек болсо азыр, андан бери 30 жыл өтсө да «Клооп» маектешкен аялдар алардын — окутуучуларынан жана өзүнүн атын ачык айткысы келбейт. «Азыр алардын [мугалимдердин] көпчүлүгү оорудан же карылыгы жетип каза болгон. Көпчүлүгү [окутуучулардын] ушунчалык улгайып калгандыктан, [алардын ыдык көрсөткөнүн] уккандар карыны аяшат, бизди эмес. Биздин коомдо “буга өздөрү жол беришкен” деп бизди сөз кылышат», — деп түшүндүрүп берди Айжан.

Бегимайдын айтымында, мугалимдерин жазага тартууну же алардын беделин түшүрүүнү каалабайт.

«Мен ыдык көрсөтүүгө болгон мүмкүнчүлүктүн баарын жок кылып, кыздарда кайрыла турган, коргоп кала турган жолдор болсо дейм, эреже киргизилсе деп аракет кылам», — деп түшүндүрдү ал.

«Бул теманы көз жаздымда калтырууга жол бербейм»

КММАнын тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча проректору Гүлсүнкан Жунушалиева окуу жайда 1998-жылдан бери иштейт. Анын айтымында, бул аралыкта харассмент боюнча бир дагы стдент кыздан даттануу келип түшкөн эмес. Бирок Жунушалиева 80-90-жылдары

КМИде болгон ыдык көрсөтүү тууралуу айткан аялдарга ишенет жана алар эмне үчүн бул тууралуу ачык айта албай калганын да түшүнөрүн айтат.

«Ошол кезде өзүн коргоого мүмкүнчүлүк болбогонуна ишенем. Анткени комсомол деген, советтик кишинин моралдык образы, “бизде андай жок” деген [ишеним] бар болчу. Балким ошон үчүн уяты жок эркек окутуучулар буга кыянаттык кылышкан болушу мүмкүн», — деп айтты ал.

Жунушалиева азыр КММАда аялдарга жана кыздарга карата ыдык жана зомбулук көрсөтүү темалары боюнча лекциялар жана куратордук сааттар өткөрүлүп тураарын айтып берди. Академияда анонимдүү куту бар. Ага каалаган студент даттануусун калтыра алат, ал эми айрым аудиторияларда видеокөзөмөл да коюлганын айтты проректор.

Анын айтымында, КММАда окутуучу менен студенттин ортосундагы мамиленин эрежеси жазылган жана окутуучунун этикасы менен бардык педогогдор тааныш. Эгер ыдык көрсөтүү боюнча даттануу келип түшө турган болсо, аны Жунушалиева өзү жетектеген этика боюнча комитет карап чыгат.

«Реакция дароо болот. Албетте, териштирүү болот жана албетте биринчи кезекте мындай кырдаалга туш болгон студентибиздин укугун жана намысын коргойбуз. — Бирок албетте бул болсо [далилденсе] — эгер жаздырып алуу, скриншоттор же дагы башка нерселер болсо [...] Эгер бизде ушундай маалымат болсо, анда аны менен катуу иш алып барабыз. Жөн гана жумуштан бошотуу эмес. Бул теманы жаап же көз жаздымда калтырууга жол бербейм». Ошондой эле ал студент кыздарды ыдык көрсөтүү болгон учурда унчукпай койбой, жардам сурап «баардык коңгуроолорду кагууга» чакырды.

P.S.

«Бул тема ушунчалык жанга батып, тажатып бүткөндүктөн, териштирип, медицина чөйрөсүн зомбулуктун бардык түрүнөн бошоткум келет», — мындай билдирүүнү февралдын аягында ординатор Перизат Анарбекова айтып чыкты. Ал Фейсбук барагына #meetoomed хэштеги менен билдирүүлөрдүн топтомун жарыялаган. Анда кыргыз медицинасында иштеген аялдар менен эркек кишилердин бир нече анонимдүү окуялары — жумуш берүүчүлөр, бейтаптар жана окутуучулар тарабынан болгон ыдык тууралуу чыгарган.

«[Кээ бир окутуучулар] жолугушууга чакырышат, а биздин андан баш тартсак төмөн баа коюп же сабак учурунда учурунда кемсинте башташат, — деп айтылат анын бирөөсүндө. — Алардын аттарын КММАдагы ар бир эле кыз билет».


Редактору:
Дмитрий Мотинов

Эгер сиз дагы Кыргызстандын жогорку окуу жайларында харассмент же зомбулуктан жабыркап, бул тууралуу айтып бергиңиз келсе lex@kloop.kg электрондук дарегине жазыңыз.