Бир цитата: Жапаров олигархтар патентке жамынып салык төлөбөй жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров элге кызмат көрсөткөн бардык соодагерлер орнотуга милдеттендирилген көзөмөл-кассалык машиналар (ККМ) тууралуу кайрадан кеп козгоду. Бул тууралуу ал «Кабар» мамлекеттик басылмасына берген маегинде айтты.

Жапаровдун айтымында, жөнөкөй соодагерлер салыкты жашырбай төлөп, «мамлекетти багып, орточо бай жана олигархтарды байытып келет».


«Дүңүнөн сатуучулар менен олигархтар дүңүнөн сатып, патенттерге жамынып, бир тыйын салык төлөбөй кетип калып жатышат. Биз: “Карапайым соодагерлер, силердин бир жылда саткан товарыңар 8 миллион сомдон ашпаса, патент албай эле койгула. Патентке акчаңарды коротуп эмне кыласыңар. Болгону ККМ колдонгула. ККМди да бекер берели. Силерден болгону сатып алуучуга чек берип тургула деп суранып жатабыз. Дүңүнөн сатуучулардан счет-фактура алгыла. Мамлекет силерден эмес, дүңүнөн сатуучулардан, бай бизнесмендерден салык алалы” деп айтып жатабыз», — деди Жапаров.


Ошондой эле ал, мамлекет «карапайым калкты кыйнабайт», бийликтин милдети чакан бизнести «эртерээк бутуна тургузуу» деп кошумчалады.

«ККМге каршы чыкпаш керек. ККМ колдонуш үчүн бухгалтер жалдашыбыз керек экен, түшүнбөй жатабыз деген шылтоо болбош керек. Бүт дүйнө жүзү эбак эле ККМге өткөн. ККМдин жакшы жери эч ким салыкты жашыра албай калат», — деп кошумчалады Жапаров.

Кыргызстандын ар башка шаарларында ККМге каршы митингдер дээрлик жума сайын өтүп жатат. Акыркы жолу мындай митинг 10-мартта Бишкекте өттү. Ага 200-300гө жакын киши келген.

Соодагерлер президент Садыр Жапаровго кайрылып, ККМди киргизүүгө беш жылдык мораторий киргизүүсүн өтүнүшкөн.