Акыркы убактарда көз карандысыз ЖМК абдан эле катуу басымга кабылууда, ал эми 2021-жылы кабыл алынган фейктер жөнүндөгү мыйзам көз карандысыз медиалардын сайтын бөгөттөп, алардын ишин токтотууда күчтүү курал болуп берүүдө.

Бийлик өзүнө керектүү мыйзамдарды колдонуп гана тим болбостон мамлекеттик телеканал жана бийликчил медиалардын жардамы менен журналисттерге чабуулдарды уюштурууда.

Чабуулду түшүнүү үчүн төрт телеканалды — «Ала-Тоо 24» жана ЭлТР каналдарын, ошондой эле бийликчил «Регион ТВ» менен «7-каналдын» берүүлөрүн көрүп чыктык.