Улуттук статистикалык комитет БУУнун Аялдар түзүмүнүн колдоосу менен «Туруктуу өнүгүүнүн максаттары жана Кыргызстандагы гендер» аттуу колдонмо жарыялады. Анда изилдөөчүлөр үй-бүлөлүк зомбулук өсүп жатканын, анда жабырлануучулар аялдар экенин, ошондой эле экономика, саясат жана үй жумуштарын жасоодо аялдар менен эркектердин ортосунда тең салмактуулук сакталбай жатканын баяндашты.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун өсүшү
Маалыматка ылайык, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны алты жыл ичинде дээрлик үч эсеге өскөн. Авторлор 2015-жыл менен 2021-жылга карата маалыматты салыштырган. Жабыркагандардын басымдуу бөлүгү — 96% — аялдар.
Корутундуда 2021-жылы катталган 10 151 үй-бүлөлүк зомбулуктун 256 учурунда гана (2,5%) кылмыш иши козголгон. 2021-жылы кризисттик борборлорго 15 696 адам кайрылган. Анын 12 559ун аялдар түзгөн. Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү үй-бүлөлүк зомбулук боюнча болгон.
Үй жумуштарын аткаруудагы дисбаланс
Отчётко ылайык, Кыргызстандын аялдары айлык төлөнбөгөн үй жумуштарына эркектерге салыштырмалуу 5 эсе көп убакыт коротушат. Бул аялдардын жумуш издөөсүнө болгон негизги тоскоолдук экенин изилдөөчүлөр баса белгилешет.
«Жумушка жарамдуу аялдардын 63,4% үй жумуштарын жасаш үчүн иштебей турганын көрсөтүштү. Ал арада иштеген аялдар иштеген эркектерге салыштырмалуу үй иштерине 6,5 эсе көп убактысын коротушат. Жыйынтыгында, аялдарда бош убактысы эркектерге караганда 1,4 эсе аз болуп калат», — деп айтылат отчётто.
Изилдөөчүлөр Кыргызстанда аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээли 42,4%дан ашпай турганын аныкташкан.
«Жумушсуз аялдардын деңгээли ишсиз эркектердин деңгээлине караганда 1,3 эсе көп», — деп көрсөтүлгөн отчётто.
Эркектер менен аялдардын иш менен камсыз болуусунун ортосундагы ажырым 25 жаштан 34 жашка чейинки куракта байкалат. Бул ошол жаш курактагы топко кирген аялдардын бала төрөгөнү менен шартталат.
Теңсиздик аялдар менен эрекектерге эмгек акы төлөөдө да сакталат. Аялдардын орточо маянасы эркектердин орточо айлык акысына караганда 25%га аз.
Жетектөөчү кызматтардагы дисбаланс
«Аялдардын чечим кабыл алууга катышуусу дагы деле төмөн бойдон калууда», — деп айтылат отчётто.
Мындай көрсөткүч шайлоо мыйзамындагы аялдардын квотасы жөнүндө ченемге карабай болуп келет.
«Жылдан жылга Кыргызстанда аял депутаттардын саны кыскарып келатат», — деп белгилешти изилдөөчүлөр.
Отчётко ылайык, 2021-жылы Жогорку Кеңештеги аялдарын үлүшү 20,5%ды гана түзгөн. Мамлекеттик кызматтарда да эркектердин үстөмдүк кылуу тенденциясы (59,3%) сакталууда, эң чоң гендердик теңсиздик саясий жана атайын кызматтардын деңгээлинде болуда. Мында аялдардын үлүшү 24,2%ды гана түзөт.
Ошол эле кезде отчётто өлкөдө жетектөөчү кызматтарда аялдардын үлүшү өсүп жатканы — 2021-жылы 42,9% өскөнү айтылат. Жетектөөчү аялдардын эң көп саны ишкер аялдардын арасында болууда.