Кыргызстанда көз карандысыз ЖМКга каршы пропаганда болуп жаткандай. Чабуулдар телевидение, социалдык тармактар аркылуу жана биринен сала бири кабыл алынып жаткан сөз эркиндигин чектөөчү мыйзамдар аркылуу жүрүүдө.

Биз «Азаттыктын» айланасындагы сот иштери боюнча юрист Нурбек Сыдыков менен, «ПолитКлиникага» карата басым боюнча басылманын редактору Дилбар Алимова менен маектештик. Ал эми көз карандысыз медиларды жабуу талабы менен чыккан фейктер тууралуу журналист Асел Сооронбаева айтып берди.