«Клооп Медиа» коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу астында Ош шаарындагы бир жумалык жазгы онлайн журналистика мектебине кабыл алууну баштады.

Эгер сиз журналистикага кызыгып, бирок билим алууга шартыңыз болбой жүргөн болсо — анда бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз!

«Клооп Медианын» журналистика мектеби акысыз өткөрүлөт.

Бизден эмнени үйрөнөсүз?

Биздин мектепте мультимедиалык журналистиканы үйрөнөсүз. Атап айтканда текст жазууну, мобилдик телефондон сүрөткө тартууну, видеорепортаждарды даярдоону өздөштүрүп, медиа сабаттуулукка үйрөнө аласыз.

Анан да акыркы учурда соцтармактарда ар түрдүү фейк маалыматтар көбөйгөнү баарыбызга маалым. Биздин мектепте сиз маалыматты тактап, аны текшергенди өздөштүрөсүз. Мындан сырткары сизге соцтармактарда контент жаратууну үйрөтөбүз.

Эң маанилүүсү, биздин гана мектепте сиз окуунун экинчи жумасынан тарта респонденттерден интервью алып, жаңылык жаза аласыз. Идеяңызды сунуштап, социалдык көйгөйлөрдөн тартып саясий темада чоң материалдарды даярдасаңыз болот.

Мунун баарын сизге бир жумалык теориялык тренингде үйрөтөбүз.

Ал эми практикада сиз жаңылыктарды жазуудан тышкары, мобилдик телефондон фотосүрөт тартып, видео репортаждарды даярдоону өздөштүрө аласыз. Ошондой эле СММ адисибиз менен биргеликте ТикТок платформасына жана Инстаграмга контент жаратасыз.

«Клооп Медианын» Ош шаарындагы жазгы журналистика мектеби 10-апрелде башталып 14-апрелге чейин уланат. Андан кийин сиз бир айлык практикага катыша аласыз.

Мектепте кимдер тренинг өтөт?

Айбике Адилет кызы — «Клооптун» Оштогу бюросунун редактору. Ал журналистиканын негиздерин, макала жазууну, медиасабаттуулукту жана фактчекингди үйрөтөт. Ошондой эле физикалык жана санариптик коопсуздук боюнча билими менен бөлүшөт. Айбике өзү «Клооптун» 2019-жылдагы онлайн журналистика мектебинин бүтүрүүчүсү. Ал 2020-жылдан бери редакцияда иштейт. Адилет кызы өлкөнүн түштүк аймагындагы маселелерди, айрыкча Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды жеринен чагылдырып келет. Анын чек арадан даярдаган материалдары 2020-2021-жылдары «Ачык Кыргызстан» сынагында жеңүүчү болгон.

Айжамал Түгөлбай кызы — «Клооптун» Оштогу видео продюсери. Ал редакциядагы видео форматтар жана сторителлинг тууралуу сабак берет. Түгөлбай кызы бир катар басылмаларда иштеген тажрыйбалуу адис. Ошондой эле ал «MediaCamp» жана «Умтулуу» сынактарынын 2020-жылдагы жеңүүчүлөрүнүн бири. Ал эми 2022-жылы «Школа данных» уюштурган сынакта биринчи орунду алган.

Бекболсун Кайыпов — «Клооптун» Оштогу бюросунун оператору. Ал сүрөт жана видеонун негиздери боюнча тренер. Кайыпов өзү кепшн-видео, сүрөт баяндарды тартып, монтаждайт. Ал редакцияда бир нече жылдан бери иштеп келет. Кайыпов да айрыкча Баткендеги чек ара жаңжалдарында жеринде болуп, сүрөт-видеого тартып, түз эфирлерди алып барат.

Зара Садыгалиева — «Клооптун» СММ бөлүмүнүн башчысы. Ал басылманын бардык соцтармактардагы баракчаларына уникалдуу контент жаратат. Анын ТикТоктогу видеолору миллиондоп көрүлөт, ал эми Инстаграм үчүн жасаган карточкалары кеңири тарайт. Заранын эмгеги менен «Клооптун» аудиториясы бир нече эсеге өстү. Мындан сырткары ал School Cabar’дын соцтармактардагы марафонунда жеңүүчү болгон.

Мектепке кимдер катыша алат?

Журналистика мектебине өлкөнүн бардык жашоочулары катыша алат, бирок тренинг жана практика Ош шаарында өтөөрүн эске алыңыз. Баткен жана Жалал-Абаддан келип окуган 5 катышуучуга жатакана берилет.

Мектепке катышуу үчүн билдирме толтуруп, бизге жөнөтүшүңүз керек. Катышуучулардын жаш курагы боюнча чектөө коюлбайт.

Билдирмени мыкты толтуруп, өзүнүн мотивациясын так түшүндүрө алган 15 катышуучу журналистика мектебине кабыл алынат.

Кошумча суроолоруңуз болсо 0772 300 336 номуруна чалсаңыз болот.

Билдирмелер 1-апрель саат 18:00гө чейин кабыл алынат.