14-мартта иликтөөчү журналист, блогер Ыдырыс Исаков мамлекеттик ЖМК жана аларга коротулган бюджеттин акчасы тууралуу видео жарыялады. Анда ал «мамлекеттик телеканалдардын кереги барбы, аларды каржылоо зарылбы» деген суроону койду.

Исаковдун материалы социалдык тармактарда талкууга жем таштады. Айрымдары, анын ичинде мамлекеттик ЖМКнын журналисттери, Исаковду сындап чыкса, кээ бири «мамлекеттик телеканалдарды жаап салуу» керек деген оюн айтышты. «Клооп» буга байланыштуу айрым пикирлерди чогултту.

Видео эмне жөнүндө?

Ыдырыс Исаков берүүнүн аталышын «Бука баккан озот, журналист баккан тозот. Журналисттерди эмнеге багабыз?» деп атаган. Ал мамлекеттик телеканалдарды «элдин башына жүк болуп жаткан тармак» катары баалады.

Журналисттин эсептөөлөрүнө ылайык, УТРК жана ЭлТРде 1039 адам иштейт, ал эми аларга мамлекеттик бюджеттен жылына «болжолдуу» 500 миллиондон ашык сом жумшалат. Исаков мамтелеканалдагы «бекерчи журналистерди багууга караганда» өлкөдөгү бала бакча, жол жана таза суу көйгөйүн чечүү артыкчылыктуу деп эсептейт.

«УТРКнын бийликти мактаган маалыматтарын көрүү бизге зарылбы? УТРК жаңылыктарды чыгарбай калса эле, Кыргызстан кулак, мурун кескендей маалыматсыз абалга түшүп калабы? Же кыргызстандыктардын бейпил жашоосуна ЭлТР эмне кызмат кылып берип жатат?» — деп суроо салды ал.

Журналист эки ири телеканалдан тышкары Пирамида, 5-канал жана алардан башка облустарда жети телеканал бар экенин эске салды. Анын айтымында, облустагы телеканалдарды каржылоого дагы мамлекеттик бюджеттен чоң каражат коротулат.

Исаков УТРК менен ЭлТРге жумшаган каражатка бир жылда дээрлик 20 бала бакча куруу мүмкүн экенин айтат.

Ошондой эле ал интернет заманында мамлекеттик телеканалдардын социалдык тармактарда эркин медиаларга же жалгыз иштеген блогерлерге караганда аз катталуучусу бар экенин кошумчалады.

Исаковду сындап чыккандар

Исаковдун материалынан кийин ошол эле күнү соцтармактын айрым колдонуучулары аны сындаган постторду жазышты. Ал эми буга чейин мамлекеттик 5-каналда жана NewTV телеканалында иштеп келген Исмат Ибрагим 15-мартта буга чейин жарыялаган «Фокус» аталышындагы автордук программасын кайрадан бөлүшкөн. Анда көз карандысыз ЖМКнын «чыныгы миссиясы» тууралуу кеп кылган.

Ал видеонун алдына «Исаковго окшогон букалар кайсы акырдан жем жеп семирип, буйтап, булкунуп жатканын сиз да көрүп, билип алыңыз» деп жазды.

Ибрагим көз карандысыз ЖМКны колдогон «Интерньюс» уюму каражатын «маалыматтык манипуляциясын ишке ашыра турган, аларга кызмат кыла турган долбоорлого гана жумшап келет» деп айыптаган. Бирок ал айткан божомолдорун эч кандай далил менен ырастаган эмес.

Учурда Исмат Ибрагим «Дүйнө кыдыр» автордук берүүсүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу 7-каналдын колдоосу менен жасап, аталган каналдын эфиринде көрсөтүп келет.

Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Улан Жумаков Исаков «мамтелеканалдарды жаманатты кылып, шыбап жатат» деген пикирде. Ал Исаковдон «бөтөн мамлекеттен канча доллар алып жатканыңды айт» деп талап кылды.

«Ошондой эле АКШ башка өлкөлөрдөгү ЖМКга жана сага окшогондорго канча акча бөлүп жатканын да көрсөтүп бер, кел, чынчыл бололу баштаганыңа жараша, жооп күтөбүз. АКШнын мамлекеттик бюджети ЖМК үчүн канча доллар бөлүп берет экен? Сен ата мекенге кандай патриотсуң, бул жерде кимдин кызыкчылыгын сүрөмөлөп, жайылтып жатасың, кайсы акчага жашап жатасың, ошону аныктап алышың керек, эгер америкалык айлыкка болсо, ошондой деп эле айт, түшүнөбүз», — деди ал.

Ал эми мамлекеттик «Ала-Тоо 24» каналындагы «Президент Жапаров» берүүсүнүн алып баруучусу Айжигит Матраимов мамлекеттик ЖМКга «жапырт асылуу күч алды» деп эсептейт. Анын пикиринде, мамлекеттик ЖМК салык төлөөчүлөрдүн эсебинен айлык алат деген бири-бирине окшош маалыматтар бир беткей жайылтылып жатат.

«Бир блогердин популисттик маанайда жасаган блогун шылтоо кылып маалыматтык манипулация жасай берсе болобу? Же булардын адамды “букага”, малга салыштырып жасаган материалына “аа, биз ушундай турбайбызбы” деп отура беришибиз керекпи?» — деди ал.

Айжигит Матраимовдун фейсбук барагынын скриншоту.

Нарын облустук медиа борборунун жетекчиси Каныкей Жунусова Исаковдун мамлекеттик телеканалдарга иштеген кесиптештерине «асылганына» нааразы.

«Телевидениенин ишин ютуб менен баалоонун өзү туура эмес. Телевидениедеги маалыматты эл телевизордон көрөт. Аймактардагы ТВларды сындаптыр, биздин ар бирибиздин өз аудиториябыз бар. Айылда асманды тиктеп, таңдан кечке телефон чукуп бош отурган эч ким жок. Кечке ютуб тиктеп отурбайт. Ошон үчүн негизги программалар кечкиге коюлат, карапайым эл иштен келип, малын жайлап анан жайбаракат отуруп телевизор көрөт», — деп жазган ал.

Ал эми ЭлТРдин продюссери Зульфия Кожоева Исаковдун мамлекеттик телеканалдар тууралуу материалынан «пастыкты, көралбастыкты жана текеберликти» байкаганын билдирди.

«Билесиңби, сенин ар качанда эле биздин каналга асыла беришиңде бир мандем бар, ал да болсо “мышык сары майга колу жетпей “пуф” сасык” дегендей эле ичи тардык, көралбастык, жалпак тил менен айтканда "алам" болуу. Мен ар бир кесиптешим менен сыймыктанам, ар бири мамлекеттин бүтүндүгү үчүн жан далбастап иштеп аткандары үчүн сыймыктанам. Таразага салып алчу — эл, баасын берчү да — эл, сен эмес», — деп нааразы болду ал.

Ошондой эле ал «мамлекеттик канал — бул элдин эртеңи, тарыхы, маңызы» деп эсептейт. Ал мамлекеттин жакшы жагын көрсөтүп, ЭлТРде иштеп келе жатканына шүгүр айтырын кошумчалады.

«Жеке өз камын көрбөй эл ичинде эл менен жашап жатканыма да жаратканга миң мертебе ыраазымын. Сага окшоп доллар менен багылбаганыма да өзүмчө ыраазы болуп кетем. Мамлекеттин жаманын эмес жакшысын көрсөтүп, идеология, элдин бүтүндүгү, экономиканын реалдуу өсүү темпи жөнүндө элге туура багыт берип, мамлекеттик реформаларга жардам берип, элдин калың катмарына ЭлТР аркылуу баяндап берип жатканым үчүн шүгүр айтам», — деп белгиледи ал.

Башка көз карандысыз журналист, активисттер кандай пикирде?

Ыдырыс Исаковдун пикирин иликтөөчү журналист, «МедиаХабдын» негиздөөчүсү Али Токтакунов дагы колдойт. Ал 15-мартта фейсбук барагына пост жазып, мамлекеттик телеканалдарда иштеген журналисттерден «манипуляция кылышпасын» деп талап кылуу керектигин белгиледи.

«Бири-бирине коёндой окшош тексттерди копи-паст кылгандар маммедиа журналисттери. Фейк, тролль фабрикалардын алы жетпей калганда ушинтип журналисттерди колдонуп, “мына, сизди эл колдоп атпайбы” деп президентке жагынып алдап, “мына, президентти колдоп атышат” деп элдин көзүнө топурак чачуу аракети. Бул бир чети эле», — дейт ал.

Ал эми иликтөөчү журналист Арген Бактыбек уулу буга чейин эле бийлик мамлекеттик телеканалдарды жаап, анын ордуна маморгандардын басма сөз кызматына «көбүрөөк көңүл бурса жакшы болмок» деп билдирген. Ал мындай пикирин 15-февралда фейсбук барагына жазган.

«Эгемендүүлүктү алгандан бери мамлекеттик маалымат каражаттары өзүнүн чабалдыгын көрсөтүштү. Жөн эле мамлекеттик органдардын басма сөз кызматын күчөтсө жакшы болмок. Мисалы, азыр ӨКМдин басма сөз кызматы абдан ыкчам иштеп жатат. Түркиядан [жер титирөөдөн кийин] дээрлик дароо маалымат алабыз», — дейт ал.

Аны менен катар, Бактыбек уулу азыркы тапта өлкөдө «Орусиянын стилиндеги мамлекеттин үгүт машинасын түзүү долбоору ишке ашырылып» жатат деген пикирде.

«Сүрөттөгүлөр мамлекеттик пропаганданын жүздөрү. Эстеп калгыла. Баарыбызга керек болот. Балким, алар Соловьев менен Скабееванын кыргызча аналогдору. Аларды эми көп көрө баштайсыңар. Аягы кандай болорун көрөбүз эми. Мамлекет “дакансашниктер” деп аталгандардын кол чабуулары астында бардык көз карандысыз ЖМКнын көзүн тазалашы ыктымал. Андан кийин ЭлТР менен КТРКга көйгөйүңөрдү айтып кайрыла аларыңар күмөн. Ал жердегилер адаттагыдай президентти жана анын айланасындагыларды мактоо менен алек болушат», — деп эсептейт ал.

Арген Бактыбек уулунун фейсбук барагынын скриншоту.

Мамлекеттик ЖМКга сарпталган каражат

«ПолитКлиниканын» дата-журналисттери өткөн жылдын декабрь айында мамлекеттик маалымат каражаттарына канча каражат сарпталып жатканын изилдеген.

Маалыматка ылайык, жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарына республикалык бюджеттен 700 миллион сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул каражат телеканалдар, гезитти жана радиодон турган 28 медианы каржылоого жумшалат.

Анын ичине бүтүндөй Кыргызстанга уктуруучу ЖМКлар жана облустук каналдар, гезиттер кирет. Ошондой эле «МИР» эл аралык каналын ретрансляциялоого да бюджеттен акча жумшалат.

Каржы министрлиги жана Маданият министрлигинин берген маалыматына караганда, 2007-жылдан бери ЖМКларга республикалык бюджеттен 10 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Анын 6,6 миллиард сому УТРКга туура келет. Бул жалпыга маалымдоо каражаттарына бюджеттен бөлүнгөн акчанын 64%дан ашыгын түзөт.

Ал эми 2022-жылы мамлекеттик маалымат каражаттарын каржылоого бюджеттен рекорддук сумма — 923 миллион сом — бөлүнгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Миллиарддык маалымат. Өкмөт мамлекеттик маалымат каражаттарына асман чапчыган акчаларды коротот