Оштун тургуну УКМКнын спецназдары тарабынан «сабалганын» билдирди

Ош облусунун тургуну Мамиржон Ташматов УКМКнын спецназы тарабынан сабалганын айтып, айыптуулар үч жылдан бери жазага тартылбаганына даттанды. Бул тууралуу ал 22-мартта 24.kg басылмасына билдирди.

Анын айтымында, окуя 2020-жылы 31-декабрда болгон. Ташматов ошол күнү үйүнө кайтып келе жатып, топтолуп турган кишилерди жолуктурган.

«Көрсө аталган көчөдөгү үйлөрдүн биринде спецназ тинтүү иштерин жүргүзүп жаткан экен. Мен да баарына окшоп эле, чогулган элдин арасында тургам. Анан бир спецназ кызматкери мени үйгө алып кирип кетти. Ал жерде маскачан кызматкерлер мени автомат менен сабап, жаагымды сындырышып, тишимди түшүрүшкөн. Мени эмне үчүн сабап жаткандарын түшүнгөн эмесмин», — деди жабырлануучу.

Ал сабалгандан кийин Ош гарнизонунун аскердик прокуратурасына арыз менен кайрылган. Бирок 2022-жылы мартта тергөөчүлөр шектүүлөрдү таба албай койгондуктан бул иш боюнча тергөө токтотулган.

Ташматов президент Садыр Жапаровго, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге аны ур-токмокко алгандарды жоопкерчиликке тартып, ошондой эле ага моралдык жана материалдык компенсация төлөп берүү өтүнүчү менен кайрылуу жасаган.