Биз — «Ашар» командасы өзү жашаган аймактын таза суу маселесин чечүүнү каалаган активисттерге колдоо уюштуруп жатабыз.

Сиздерге маселени чечүүнүн жолдорун сунуштай алабыз: мамлекеттик органдарга сурам даярдоодо, видео кайрылуу жаздырууда, айыл өкмөтү менен байланышууда көмөк көрсөтөбүз. Же болбосо, маселени оң жагына чечүүгө кол сунуучу тилектештерден турган команда топтоого жардам беребиз.

Аны менен катар, кеп-кеңеш айтып, зарыл болгон контакттарды издешип, колубуздан келген жардамды көрсөтүүгө даярбыз.

Бирок, биз болгону жардам беребиз, мында башкы каарман — сиз жана чөйрөңүзгө өзгөртүү киргизем деген каалооңуз. Биз биргелешип мамлекеттен тикелей функцияларын аткарууну талап кыла алабыз. Кээде, айыл өкмөтүнө тажабай улам телефон чалуу менен көп жыл чечилбеген маселени чечүүгө болот. Ушундай майда, бирок маанилүү кадамдар менен өлкөбүздө позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасасак болот.

Эмне кылуу керек?

«Суу көйгөйү жөнүндө билдирүү» баскысын басып, электрондук почта аркылуу кирип өзүңүз жашаган аймак тууралуу маалыматты толтурасыз. Андан соң «Текшерүү» баскычын басуу менен, сиздин аймакта суу менен камсыздоо боюнча кандай долбоорлор ишке ашырылганын, пландалганын жана ушул тапта жүрүп жатканын көрүүгө болот. А балким, сиздин айыл бир дагы долбоорго кирбеген болуп жүрбөсүн?

Билдирмени толук толтуруп, бизге жөнөткөнүңүздөн кийин сиз менен байланышабыз. Байланышта болуп, долбоорго көз салып туруу үчүн телеграмдагы тайпага кошулсаңыз болот (шилтеме форманын ичинде)

Координаторлорго байланышуу:

WhatsApp: http://wa.me/996709888848 http://wa.me/996702008771

Telegram: https://t.me/gulzarm https://t.me/salamatshakirov