УКМК: Жалал-Абадда стоматологиялык клиникалардын жарымынан көбү мыйзамсыз иштеп келген

Жалал-Абад облусундагы жеке менчик 122 стоматологиялык клиниканын 78и лизенциясы жок иштеп келген. УКМКнын басма сөз кызматы, азыркы тапта алардын ишмердиги токтотулганын билдирди.

УКМКнын маалыматына ылайык, лицензиянын жоктугунан тышкары санитардык коопсуздуктун көп сандаган бузуулары аныкталган: санитария, гигиена, медициналык калдыктарды жок кылуу шарттары ж.б. Буга кошумча аталган стоматологиялык клиникаларда медициналык билими жок адамдар иштегени ачыкталган.

Ошондой эле атайын кызмат клиникалар юридикалык жак катары каттоодон өтпөгөнүн, юстиция жана салык органдарында катталбаганын, көрсөтүлгөн кызматтан түшкөн кирешенин реалдуу көрсөткүчтөрүн жашырганын аныктаган.

«Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун 2021-2022-жылдарга карата маалыматына ылайык, облуста калк арасында В жана С формасындагы вирустук гепатиттин жайылуу тенденциясы байкалган. Алсак, 2021-жылы облуста инфекциянын 1308 учуру аныкталса, 2022-жылы бул көрсөткүч 1979 учурга көбөйгөн. Ошол эле учурда стоматологиялык кызмат кан аркылуу жугуучу вирустук оорулардын таралышынын мүмкүн болуучу факторлорунун бири катары каралат», — деп билдиришти УКМКдан.

Учурда бул клиникалардын ишмердүүлүгү боюнча, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жана Салык кызматынын жана башка ведомстволордун кызматкерлеринен атайын комиссия түзүлдү.

Гепатит — бул ден соолукка бир катар көйгөй жаратып жана өлүмгө алып келүүчү боордун сезгенүүсү.

Өз ичинен ал А, В, С, D жана Е болуп беш түргө бөлүнөт. Гепатиттин А жана Е түрү оорунун жеңил формасы болуп саналат. Башкача айтканда, илдеттин бул түрү өнөкөткө айланып кетпейт. Ал эми гепатиттин В, С, D түрлөрү адамда билинбей пайда болуп, көп убакыт дарылоону талап кылат. Ошондой эле анын өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар.

Мамэпидкөзөмөлдүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2021-жылы вирустук гепатиттин 2090 учуру катталган, ал эми 2020-жылы 4805 учур катталган.

Кыргызстанда өткөн жылдын соңунан тарта гепатиттин Б түрүнө каршы акысыз эмдөө башталган.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт:Unsplash/Caroline LM.