Депутат Коргонбай уулу кайгуул кызматкери менен соодалашып жаткан компанияга тиешеси жок экенин айтты

Социалдык тармактарда депутат Жусупбек Коргонбай уулунун Ош шаардык Кайгуул милициясынын нөөмөт бөлүмүнүн башчысы Болот Нурматовдон кен казган компанияны сатып алып жатканы айтылган 21-мартта тараган видео талкуу жаратты.

Депутат компанияга эч кандай тиешеси жок экенин айтууда. Ал эми Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура бул боюнча «Клооптун» суроолоруна материал даярдалган маалда жооп беришкен жок.

Эмне болду?

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Болот Нурматов жана Шайымбек Алимбаев менен кол алышып жатат. Соцтармактагы видеонун скриншоту. 

21-мартта социалдык тармактарда Коргонбай уулу Нурматов менен 520 миң АКШ долларга келишим түзүп жатканы тартылган видео тарады. Тасмада Коргонбай уулу Нурматовдон Кадамжай районунда көмүр казуу менен алектенген «Ысман-Тоо» ишканасын сатып алып жатканын айткан.

Нурматов видео «чыгып» кетпесин деп тынчсызданганда депутат тасманы «өзү үчүн» тартып жатканын айтып ишендирген.

Дагы бир видеодо Коргонбай уулу «Уу-Таш» ишканасынын 33% үлүшүн «өзүнө» Шайымбек Алимбаев деген кишиден 100 миң АКШ долларга сатып алып жатканын айткан.

«Миң доллар аванс бердим, туурабы? Калганын 4-июль күнү толук каттоодон өткөргөндөн кийин беребиз. Баары ыраазычылык менен болду. Коркутуп үркүтүү болгон жок, туурабы?» — деп ал Алимбаев менен кол алышкан.

Видео жарыяланган күнү, 21-мартта, ошол эле Ютуб каналда Ноокат районунун Үч-Бай айылынын тургуну Нурила Эргешова жолдошу Шабданбек Алимбаев 2017-жылы негиздеген «Уу-Таш» ишканасын соттошуп, ала албай жүргөнүн айткан видеосу чыкты. Ал жолдошу каза болгондо Болот Нурматов көмүр кенин «жасалма жол менен өзүнө өткөрүп алганын» билдирди.

«Үч жылдан бери соттошуп, 19 жолу соттон жеңип, эми карьерди өзүбүзгө өткөрүп алдык десек, Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу жетимдердин акысы экенин билип туруп, Болот Нурматов экөө өз алдынча келишим түзүп, карьерди иштетип жатышат», — деди ал.

Эргешова бул боюнча сотко арызданганын айтып, иш Жогорку сотко жеткенде үч ирет кароодон баш тартып коюшканын билдирди. Ал ишти кароодо «депутаттын таасири болуп жатат» деп эсептейт.

Ошол эле видеодо «Уу-Таш» компаниясын сатты делген Шайымбек Алимбаев — маркум Шабданбектин агасы — Коргонбай уулу ага эки миң доллардан башка «бир да тыйын бербей жүргөнүн» билдирди.

Конституциянын 78-беренесинде Жогорку Кеңештин депутатына ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынган. Эл өкүлдөрү ишмердүүлүгүн мамлекеттик же муниципалдык башка кызмат менен да айкалыштыра албайт.

Ушундай эле тыюу укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлерге да тиешелүү. Мыйзамга ылайык, аларга эксперттик, илимий, окутуучулук, дене тарбиялык-спорттук же чыгармачылык иштен тышкары ишкердик менен алектенүүсүнө тыюу салынган.

Коргонбай уулу эмне дейт?

Ал эми депутат Жусуп Коргонбай уулу «Клоопко» бул окуя 2022-жылы болгонун айтты. Депутаттын айтымында, ал ортомчу катары компанияны «инвестор инилерине» алып берген.

«Мурдагы ээлери ноокаттыктар болчу, көп жылдан бери соттошуп, урушуп жүрүшкөн, элдин баары билет. Инвестор инилер мени депутат дешип, гарант катары соодалашып так бүтүрүп берүүнү суранышты. Мен гарант катары көмүр казууга лицензиясы бар “Ысман-Тоонун” 100% үлүшүн алып бергем. “Уу-Таштын” лицензиясы жок. Бирок көп жылдан бери оозеки айтып жүрүшкөндүктөн, аларга да ортого түшүп бергем. Бирок алар акчаларын алып, кайра туура эмес маалымат таратып жүрүшөт», — деди ал.

Депутат аталган компаниялардын бирине да тиешеси жок экенин айтып, кен казган жерге «барган да эмесмин, көргөн да эмесмин» деп айыптоолорду четке какты.

Ал эми Ош шаардык Кайгуул милициясынан видеодогу адам Болот Нурматов экенин тастыктап, ал нөөмөт бөлүмүнүн башчысы болуп «бир жарым жылдан бери, ал эми кайгуул милициясында көп жылдан бери» иштеп келе жатканын билдирди.

Мекемеден бул иш боюнча комментарий алуу үчүн ИИМге кайрылууну сунушташты. Ал эми Нурматовдун телефон номерин «таба албай» жатышканын айтып, беришкен жок.

Жогорку соттон «Уу-Таш» компаниясы боюнча иш бир нече сотто каралганын «Клоопко» тастыкташты. Бирок толук маалымат алуу үчүн атайын кат жөнөтүүнү талап кылышты.

Ал эми Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура депутат менен Кайгуул милиция кызматкеринин компанияны соодалашып жатканы боюнча комментарий беришкен жок.

«Ысман-Тоо» жоопкерчилиги чектелген коому 2022-жылы Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өткөн. Ишкана көмүр өндүрүү менен алектенет, жетекчиси катары Исламбек Асанбеков көрсөтүлгөн. Негиздөөчүлөрүнүн бири — Багыш Жоромаматов.

Ал эми «Уу-Таш» жоопкерчилиги чектелген коому 2018-жылы Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өткөн. Ишкана акиташ жана гипс өндүрүү менен алектенет, жетекчиси деп Шабданбек Алимбаев көрсөтүлгөн.