Бишкектин Kairos кавер-тобу Орусиянын телешоусунда суперфиналга чыгып, жарым млн рубль утту

Бишкектин Kairos деп аталган кавер-тобу Орусиядагы «Битва каверов» шоусунун суперфиналына чыгып, жарым миллион рубль утту. Шоунун бетачары 24-мартта СТС телеканалында өткөн.

Биринчи турда музыканттар америкалык реп аткаруучу Эминемдин стилинде Артур Пирожковдун «Зацепила меня» ырына кавер аткарышкан. Аларга судьялардын көбү добуш берген.

Экинчи баскычта Kairos Жеймс Браундун стилинде «Потеряли пацана» ырын, ал эми финалда ырчы Miyagi’нин стилине салып Ирина Аллегрованын «Младший лейнант» чыгармасын аткарып, көрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгүнүн добушуна ээ болушкан.

Ошентип алар шоунун жеңүүчүлөрү аталып, 500 миң рубль байгени утуп, андан сырткары, шоунун баш байгеге 5 млн рубль коюлган суперфиналына катышуу мүмкүнчүлүгүн алышкан.«Битва каверов» — Орусиянын СТС телеканалындагы вокалдык шоу. Ага Орусиянын, Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын ар башка 40 шаарынан келген 40 музыкалык коллективи катышып жатат.