Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.

«Азаттыктын» журналисттери Орусиянын саясий жана ишкер чөйрөдөгү таанымал адамдары кыргыз жарандыгын алып жатышканын билдиришүүдө. Ал эми Transparency International уюмунун Орусиядагы кеңсеси кыргыз жарандыгын алууда коррупциялык көрүнүштөр болушу мүмкүндүгүн белгилеп жатат.

Экс-губернатор, «Сколковонун» вице-президенти жана Кремлдин активисти

Журналисттер президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 26-октябрында өлкө жарандыгына кабыл алуу жөнүндө чыгарган жарлыгы менен 300дөн ашык адам Кыргызстандын жарандыгын алганын айтышууда. Алардын арасынан Орусиянын Тверь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Зелениндин аты-жөнү менен толук дал келген ысым чыккан. Зеленин 2003-2011-жылдары Орусиянын Тверь облусун башкарган, ал эми 2007-2008-жылдары Орусия Федерациясынын Мамлекеттик кеңешинин президиумунун мүчөсү болгон.

КР президентинин жарлыгынан скриншот.

Мындан сырткары, кыргыз жарандыгын кремлчи «Наши» кыймылынын экс-спикери Мария Дрокова дагы алганын жазат Baza Телеграм каналы. Ал Америкага каршы көптөгөн акцияларды уюштуруп жүрүп, кийин АКШга жашаганы көчүп кеткени менен белгилүү. Кошмо штатта Дрокова «Day One Ventures» венчурдук фондук негиздеген. 2022-жылдын декабрында The Washington Post гезити Дрокованын фонду санкцияга кабылган орусиялык миллиардерлер менен байланыштуу экенин жазган. Дрокова өзү анын баарын четке кагып, эки айдан кийин кыргыз паспортун алган.

Transparency International уюмунун Орусиядагы кеңсесинин кызматкери кыргыз паспортун «Сколково» фондунун биринчи вице-президенти Кирилл Каем да алганын билдирүүдө. Ал биомедициналык технологиялар кластеринин аткаруучу директорлук кызматын аркалаган. 2022-жылы «Сколково» жана анын туундуу уюмдары Американын санкцияларына түшкөн.

Кирилл Каем. Сүрөт: «РИА Новости»

Кыргыз паспортун алгандардын тизмесинде Орусия өкмөтүнүн Жогорку сот менен Конституциялык соттогу ыйгарым укуктуу өкүлү Михаил Барщевскийдин кызы Наталья Барщевскаянын аты-жөнү менен толук дал келген ысым да бар. Барщевская — адвокат, каржычы жана теле алып баруучу.

Тизмеде акча опузалоого айыпталган Bitzlato криптобиржасынын негиздөөчүлөрүнүн биринин ысымына уйкаш Антон Шкуренко дагы бар. Шкуренко 2023-жылдын февралында Интерполдун суратуусу менен акча опузалоого, акча адалдоого жана маалымат уурдоого шектелип Москвада кармалган.

Мындан сырткары, кыргыз жарандыгын орусиялык ишкер Валерий Задорин уулдары болушу ыктымал Александр жана Михалил алган. Жарлыкта Валерий Задорин убагында Кыргыз СССРинде туулганы жазылган. Ал кымбат балоо алкогол ичимдиктерин саткан «Аромат дүйнөсү» дүкөндөрүнүн ээси. Ал эми уулу Михаил — Орусиянын Федералдык кызматынын жетекчилик кызматтарынын бирин аркалаган Михаил Шекиндин күйөө баласы.

The Moscow Times басылмасы Кыргызстандын президентинин жарандыкка кабыл алуу жөнүндө жарлыгынан 50гө чукул москвалыкты жана Орусиянын башка аймактарынын дагы ошончо жаранын көрүүгө болорун жазат.

Кыргыз паспорту үчүн 30 миң доллар

Transparency International уюмунун Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Илья Шуманов орус элитасы Кыргызстанды өздөрүнүн дүйнө кыдырып саякаттаганга, бизнес жүргүзгөнгө чектөөлөрүн, «дегеле [өз] жашоолорун жеңилдетүү» үчүн укуктук талаа катары колдонуп жатышканын айтат.

«Бул Кыргызстанды экинчи паспорт алууга жардам бере турган укуктук талаалардын бири катары тандашканын билдирет. [...] Мунун Кыргызстан үчүн кандай тобокелдиктери болушу мүмкүн? Ушундай схеманы криминалдык өтмүшү бар адамдар да колдонуп жатышат. Жакында эле Американын бийлиги акча адалдоо менен алектенген Bitzlato криптовалюталык биржасынын ишмердигинин бетин ачкан болчу. Ошол биржанын негиздөөчүлөрүнүн бири кыргызстандын паспортун алуучулардын тизмесинде аталып жатат», — дейт Шуманов.

Ал орусиялыктар кыргыз паспортун алууда коррупция болушу мүмкүн деп дагы эсептейт. Анын айтымында, ортомчулар Кыргызстандын паспортун алып берүү үчүн 5 миңден 30 миң долларга чейин сурашат.

«Менин байкоомдо, Орусия тараптан ушундай ортомчулар пайда болгон. Алар дүрбөлөң жаратып турат. Согушка чейин орусиялыктар Европа жана Кариб өлкөлөрүнөн “алтын паспортту” 100 миң доллардан сатып алып турушкан. Мен билгенден Кыргызстанда ортомчулардын ошондой кызматы Европадагыдан алда канча арзан, 5 миңден 30 миң долларга чейин болууда. Буга документти баштан-аяк даярдап, колуна тапшыруу кирет», — дейт Шуманов.

«Азаттыктын» журналисттери өткөн жылдын ноябрында Фейсбукта орусиялыктарга кыргыз паспортун алуунун жол-жобосун айтып берген теги москвалык Михаил Жуховицкий аттуу финансист жөнүндө дагы жазышты.

«Кыргызстандын президентинин жарандыкка кабыл алуу жөнүндө соңку жарлыгын ачып карагыла. Анда 400 кишинин 50сүнүн аты-жөнү жана туулган жери нукура орусча болуп турат. Тизмеде орусиялык абдан таанымал ишкерлер да бар», — деп жазган Жуховицкий.

Анын схемасына ылайык, орусиялыктар эң башкысы Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин паспортун сатып алуу кажет, андан кийин анын негизинде Евробиримдикке визасыз кире алган аралдардын паспортун жасаса болот.

2023-жылдын февралында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев интернетте орусиялыктар үчүн «Кыргызстандын паспортун алты-жети айдын ичинде 300 мин рубльга алып берүүнү» сунуштаган жарнамалар жүргөнүн билдирген.

Кыргызстандын жана Орусиянын бийлиги бул маалыматтарга азыр эч кандай үн ката элек.А бирок 2022-жылдын тогуз айында Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн Орусиянын 1631 жараны кайрылганы белгилүү.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жарандыкты жалпы же жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алса болот. Биринчисинде чет элдик жаран республиканын паспортун эгер өлкө аймагында акыркы беш жылда туруктуу, үзгүлтүксүз жашаган болсо ала алат. Бул мөөнөт эгер жарандык алуу үчүн арыз берген киши илим, техника, маданият жана спорт жаатында жогорку ийгиликтерге жетишсе же болбосо анын Кыргыз Республикасы кызыкдар болгон кесиби же өлкө экономикасына инвестиция салган салымы болсо үч жылга чейин кыскарат.

Жөнөкөйлөштүрулгөн тартипте Кыргызстандын жарандыгын бир жылдын ичинде алууга болот:

  • эгер ата-энесинин бири Кыргызстандын жараны болсо;
  • эгер арыз ээси мурда Кыргыз ССРинде төрөлсө жана/же мурдагы СССРдин жараны болсо;
  • эгер арыз ээси этникалык кыргыз болсо;
  • эгер арыз ээси Кыргызстандын мурдагы жараны болсо.