Иллюстрация: Алина Печенкина «Клооп» үчүн

2022-жылдын башында өкмөт өлкөдө минералдык жер семирткичтер тартыш экенин айтып, Өзбекстандан селитра алып келүүнү тапшырган. Бирок дыйкандар мамлекет койгон баа кымбат экенин айтышып, селитра сатып сатып алуудан баш тартышкан. Чындыгында базарда тартыштык деле болгон эмес. Натыйжада өзбек селитрасынын аз гана бөлүгү чоң арзандатуу менен сатылган. Бул сатып алууда кыргыз өлкөсү 180 млн сомдон ашык акчадан айрылган. «Клооп» бул келишимде дагы кандай алешемдиктер болгонун карап көрдү.

Айыл чарба министрлиги жардамга келатат

Аммиак селитрасы — айыл-чарбада колдонулуучу азот жер семирткичтеринин негизгиси. Кыргызстанда селитра чыкпайт — Казакстандан, Орусиядан, арзанына карап көбүнчө Өзбекстандан алып келишет.

Былтыр март айында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков өлкөгө 150 миң тонна азот жер семирткичи керек экенин билдирип, селитра тартыш болуп атканын моюндаган.

«Бүгүн иш жүзүндө азот жер семирткичинин 13,3 миң тоннасы бар, ал камсыздоонун 9%ын түзөт», — деген ошол убакта Жаныбеков.

Ички рынокто селитранын тартыштыгын толтуруу үчүн министрлер кабинети жер семирткичтерди алып келүүгө салыкты азайткан. Ал эми негиздөөчүлөрү жеке ишкерлер болгон Кыргызстандын минералдык жер семирткичтерди ташуучуларынын ассоциациясы (КАПУ) 80 миң тонна түрдүү айыл чарба аралашмаларын сатып алууга келишим түзгөн.

Кабыл алынган чаралар натыйжалуу болгон: марттын аягында айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев өлкөдө жер семирткичтин тартыштыгы жоктугун билдирген. Бирок ал өндүрүштө колдонулган газдын дүйнөлүк баасы өскөндүктөн кымбаттап кеткен.

Мукашев ошол учурда дыйкандарга селитраны КАПУдан түз сатып алууну сунуштап, аны үнөмдөөгө чакырган. Мындан сырткары, минкаб Мамрезервге селитра сатып алуу үчүн дээрлик миллиард сом бөлгөн.

Аталган чаранын баары дыйкандардын жер семирткичтерге болгон жылдык муктаждыгынын чоң бөлүгүн жаап, бааларды арзандатышы керек эле. Бирок дыйкандар мамлекеттин арзан селитрасын ала да албай калышкан.

Доллардын курсу өсүп турганда

Аткаминерлердин планы боюнча, Мамлекттик материалдык резервдер фонду Өзбекстандан селитра сатып алып, өлкөгө алып келип, дыйкандарга сатышы керек болчу. Ал эми андан түшкөн каражатты 2022-жылдын июлуна чейин мамлекттик бюджетке кайтарышы керек эле. Бирок план ишке ашкан эмес.

Биринчиден, бюджеттеги бир миллиард сом 20 миң тонна гана жер семирткич сатып алууга жеткен — бул пландалган көлөмдүн үчтөн бири гана. 917,3 млн сом (8,74 млн доллар) суммадагы келишим «Узкимёимпэкс» мамлекттик корпорациясы менен түзүлгөн.

Келишим качан жетишилгени белгисиз: Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен Айыл чарба министрлиги бул маселе боюнча «Клооптун» суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышты. Бирок келишим боюнча эсеп 2022-жылдын 17-мартында жүргүзүлгөн, ал эми келишимге дээрлик бир ай өткөндөн кийин, 11-апрелде кол коюлган.

Биринчи караганда таң калыштуу деле эч нерсе жоктой. Экономист, PEAK Bishkek бизнес-инновациялык борборунун өкүлү Искендер Шаршеев бул аванстык төлөм болушу мүмкүн деп боолголоду — анда сатып алуучу товар толугу менен түшүрүлгөнгө чейин эле сатуучуга акысын төлөп берет.

«Бул ыкма көбүнесе сатып алуучу сатуучунун товарды жеткирип берүүсүнө жана мунун тобокелдиктери аздыгына ынанган учурда пайдаланылат», — деп түшүндүрдү ал.

Бирок март айынын ортосунда доллардын курсу эң жогорку чекке жеткен: ошол тушта бир доллар 105 сом болуп калган. Ал эми 11-апрелде, келишимге кол коюлган күнү курс 92,7 сомду түзгөн.

Селитраны эки эсе кымбат сатып алышканбы?

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун маалыматына ылайык, бир тонна аммиак селитрасын Кыргызстан 437$ долларга сатып алган. Бул Айыл чарба министрлиги пландаган баага дал келет. Ошол эле маалда, Өзбекстандын өзүндө өзбек республикалык чийки товар биржасынын жумалыгынын маалыматы боюнча, А классына кирген, капка салынган эң кымбат селитранын тоннасы 179 долларды түзгөн.

Баага эл аралык жеткирип берүү да камтылган болушу да мүмкүн. Бирок бул тууралуу кыргыз чиновниктеринен маалымат алууга мүмкүн болгон жок — «Клооптун» бааларга байланышкан бардык суроолору жоопсуз калды.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун берген жообунан «Узкимёимпекс» менен Өзбекстандын аймагындагы Киргили жана Боз-Су станциялары аркылуу товарды өз алдынча жеткирүү шарты камтылган келишимге кол коюлган.

Толугу менен төлөп, төрттөн бирин гана алышкан

Бирок бул келишимдин эң таң калыштуу жери башка. Кыргызстан өнөктөштөрдөн акчасы төлөнгөн товарды албай калган. Өзбекстандын «Узкимёимпэкс» компаниясынын экспорт бөлүмүнөн «Клоопко» селитра жеткирүү 2022-жылдын 30-мартынан 3-апрелине чейин ишке ашканыын — бул аралыкта 5 миң тоннадан аз селитра жеткирилгенин билдиришти. Эмне үчүн мындай болгонун журналисттерге Айыл чарба министрлигинен да, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан да түшүндүрүшкөн жок. Бирок Кыргызстанга акысы төлөнгөн жер семирткичтин төрттөн бир бөлүгү гана келип түшкөнүн ырасташты.

«Узкимёимпэкс» компаниясы менен сүйлөшкөндөн кийин гана маселе бир аз да болсо ачыкталгансыды.

«Алар [Кыргызстандын Мамлекеттик материалдык резервдер фонду] бизден калган акчаны кайтарып берүүнү сурашты, биз кайтарып бердик, — деди “Клоопко” өзбек компаниясынын өкүлү. — Алар [акчаны] абдан узак убакытта алышты. 30-марттан 3-апрелге чейин товарды алып кетишти. Андан кийин тынчып калышты. Ал эми 2022-жылдын ноябрында бизде калган бардык акчаны [жеткирилип берилген 5 миң тонна менен 20 миң тоннанын баасынын айырмасын] кайтарып бердик».

Кызыгы, жазында, минкаб аммиак селитрасын сатып алуу боюнча токтом чыгарганда, анда акысы төлөнгөн көлөмдүн баары жеткирилип берилбесе, акча кайтарылып берилет деген талап коюлган эмес. 2022-жылдын ноябрында «Клооп» Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна сурам кат жибергенде гана минкаб документке өлкөгө алып келинбей калган слитра үчүн 6,5 млн долларды сөзсүз кайтарып берүү пунктун киргизген. Сатып алынган күндөгү курс боюнча 680 млн сом болгон.

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду дагы, Айыл чарба министрлиги да Кыргызстан канча суммадагы акчаны кайсы курс менен артка кайтарып алганын түшүндүрүүдөн баш тартышты. Бирок, кандай болгон күндө да, чет өлкөлүк компания мамлекеттик каражатты жети ай бою акысыз пайдаланган болуп жатпайбы?!

Бул акчаны артка алууда доллардын курсундагы алмашуудан эле бюджет 100 млн сомдон ашык чыгым тартты.

Мөөнөтү өтүп кеткен селитра өзүнүн баасынан да арзан сатылган

Дыйкандардын айтымында, 2022-жылы жазында Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин райондук башкармалыктары дыйкандарга Мамлекеттик материалдык резервдин кампалары селитраны жеке соодагерлерге караганда арзан сатат деп жарыялаган. Бирок дыйкандар мамлекеттен арзан жер семирткичтерди алган жок.

Март-апрелде алынып келинген 5 миң тонна аммиак селитрасын Мамлекеттик матрезерв килограммын 46,7 сомдон сатканга аракет кылган. Ошол эле учурда жер семирткичтердин баасы берүүчүлөр ассоциациясында ал учурда төмөн болгон. «Март-апрелде биз килограммга 40 сом деп баа койгонбуз» — деп «Клоопко» КАПУнун башчысы Эрлист Акунбеков билдирди.

«Клоопко» Айыл чарба министрлигинен билдиргендей, 2022-жылы декабрга чейин Мамлекеттик матрезерв араң 38 тонна аммиак селитрасын сатканы таң калыштуу деле эмес — ал Өзбекстандан алынып келинген көлөмдүн 1%нан да аз. Ошол эле кезде мамлекет жер семирткич сатып жатканы тууралуу бир дагы ЖМКда, социалдык тармактарда чыккан эмес. Маалымат бир гана Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун сайтында болгон.

2022-жылдын октябрь айына карата селитраны жарым жылдык сактоо мөөнөтү өтүп кеткенин Айыл чарба министрлиги да тастыктайт. Ноябрда лабораториялык кароо өткөрүлгөндөн кийин, «сактоо эрежелери жок болгон кампалардын» айынан селитранын эффективдүүлүгү төмөндөп кеткен. Бул өтө кооптуу: анткени селитра узак сакталса жарылуу коркунучу жогорулайт. Селитра жарыла турган болсо кыйроосу оңбогондой болушу мүмкүн. 2020-жылы Бейрут портунда 2700 тонна селитра жарылып, 190 адам каза табып, 6000 киши жарадар болгон.

Айыл чарба министрлиги селитраны алты айдан кийин деле колдонсо болот, бирок бул үчүн анын чыгым ченемин көбөйтү керек деп айтууда. Демек анда, дыйкандар Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун товары мөөнөтүнөн өтүп кетпесин деп көп өлчөмдө селитра алып, ошого жараша көп каражат төлөшү керекпи?

Бирок матрезерв фонду кампадагы эскирип бараткан селитрадан кутулуш үчүн баасын төмөндөтүп, 2023-жылы мартта аммиак селитрасы толук сатылып бүткөнүн билдирген.

Бирок «Клооп» кампаларга телефон чалып сураштырганда, жер семирткич Балыкчыдагы кампаларды калып калганын аныктаган. Калганы [кампалар] чын эле бош экен, негизги көлөмдү алар килограммын 30 сомдон сатышкан – бул биринчи коюлган баадан 35%га арзан.

Ошондо баанын айырмачылыгынан эле Кыргызстан 80 млн сомдон ашык акча жоготуп жатат.

P.S.

Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) адиси Аяз Жаркынбаевдин изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда азоттук жер семирткичтерди (анын ичинде аммиак селитрасын) пайдаланууда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жогорулаганы байкалбайт.

«Башка өлкөлөрдө жер семирткич пайдаланылса, түшүм да, эмгек өндүрүмдүүлүгү да өсөт. Бизде болсо мындай түз байланыш жок», — деди ал.

Ошондой эле эксперт, өлкөгө колдонулгандан да ашыкча жер семирткич алып келинет деп эсептейт. Ашыкчасы кайда жумшалары белгисиз, бирок ЖМКда жер семирткичтерди Кыргызтандан Тажикстанга аткезчилик жолу менен чыгарып кетүүгө аракет кылгандар кармалганы тууралуу жаңылыктар байма-бай жарыяланып турат.


Авторлор: Арууке Солтоной, Екатерина Резникова, Виктор Мухин