Ишкерлер: Беларус бийлиги Кыргызстанга ташылып келе жаткан унааларды чек арадан өткөрбөй жатат

Кыргызстанга ташылып келе жаткан 500дөн ашык унаа жыл башынан бери Беларуста кармалып турат. Бул тууралуу унаа ташыган ишкелердин бири Данияр Салякаев Kaktus.media басылмасына билдирди.

Ал Беларус бажысы автоунаалар жүктөлгөн вагондорду, автотрейлерлерди да өткөрбөй жатканын белгиледи. Ишкердин айтымында, бажы кызматкерлери анын себебин түшүндүргөн эмес.

«Текшерүүнүн убактысы тууралуу да маалымат берилген эмес. Бажычылар оозеки түрдө гана документтер текшерилет дешүүдө. Бизге машинелер кармалып турган токтоочу жайлар тууралуу гана квитанция беришти. Унаа токтоочу жайдын акысы же айып пул деп, чоң суммадагы акчаны төлө деп койсо кантебиз деп чочулап жатабыз», — деди ал.

Салякаев ишкерлер мындай көйгөйгө Беларустун бардык өткөрмө бекеттеринде дуушар болуп жатканын кошумчалады. Анын айтымына, бажычылар 2020-2023-жылы чыгарылган унааларды өткөрбөй, андан эски унааларды өткөрүүгө уруксат берип жатышат. 

Ишкерлер кыргыз бийлигинен бул маселеге көңүл буруп, ЕАЭБдин экономикалык комиссиясынын кароосуна алып чыгууну өтүнүштү.

Салякаев Кыргызстандын Минскидеги элчиси Эрмек Ибраимов ишкерлердин суранычы менен Беларустун Бажы комитетинин төрагасы Владимир Орловский менен жолукканын белгиледи.

Сүйлөшүүдө беларус тарап 2022-жылдын сентябрынан тартып, кыргыз ишкерлери ЕАЭБге ташып кирип жаткан унааларга анализ жүргүзө баштаганын билдирген. Анын себебин автоунаалардын баасы документте төмөндөтүлүп көрсөтүлүп келгени менен түшүндүргөн.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы «Клоопко» бул боюнча маселени териштирген соң маалымат берүүнү убадалады.

Буга чейин, февралдын башында чет өлкөдөн унаа ташыган ишкерлер Бажы кызматынын алдына митинг уюштурушкан. Алар Кыргызстанга ташылган унаа үчүн алынчу бажы төлөмүнүн суммасы эскертүүсүз өсүп кеткенине нааразы болушкан.

Акцияга чыккандар менен бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов жолуккан. Ал бажы төлөмү үчүн 2021-жылдын сентябрында бекитилген бирдиктүү бажы тарифинин ставкалары колдонуларын айткан. Ошондой эле ал бул боюнча атайын комиссия түзүүнү убадалаган.