«Кирешеси аз, таза суу жок». Акыйкатчы бийликти памирлик кыргыздарга көңүл бурууга чакырды

Акыйкатчы институнун кызматкерлери Памирден көчүп келген кыргыздар жашаган Оштун Алай районундагы Талды-Суу айылына барышты. Бул тууралуу 30-мартта институттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айылда 87 кишиден турган 16 памирлик үй-бүлө жашайт. Алардын 45инде гана кыргыз паспорту бар — калгандары Ооганстандын паспорту менен күн кечиришүүдө.

Акыйкатчы институтунун жарандык-саясат бөлүмүнүн кызматкери Акжол Абдукеримов памирлик кыргыздар паспорттун жоктугунан «чектөөлөргө кабылып жатканын» билдирди.

«Ооганстанда төрөлүп, паспорт алууга жашы жете элек балдар ооган документтери менен жашап жатышат. Медициналык мекемелерде дарылануу зарылдыгы келип чыкса, дарыгерлер кыргыз үлгүсүндөгү туулгандыгы тууралуу күбөлүктү талап кылышат. Маселе жаралбашы үчүн алар айыл өкмөттөн алдын ала маалымкат алышы керек болот», — деди ал.

Абдукеримов памирлик кыргыздардын арасында жумушсуздук маселеси бар экенин билдирди. Ал эми балдарга төлөнчү жөлөкпул алардын күнүмдүк турмушуна жетпейт — ал айрым үй-бүлөнүн жалгыз кирешеси.

«Айыл чарба иштерин кылууга жер бөлүнүп берилген, бирок сугат суунун жоктугунан колдонулбай келет. Жергиликтүү карьерден көмүр казуу мезгилинде алар ар түрдүү жумуштарда иштешет», — деп белгилешти мекемеден.

Аны менен катар, памирлик кыргыздар тыгыз отурукташкан аймакта ичүүчү таза суу жок, мындан улам алар сууну башка жактан ташып келүүгө аргасыз.

Памирлик кыргыздардын көйгөйү тууралуу Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине Талды-Суу айылынын башчысы Турусбек Таев да айтып берди. Ал алгач ар бир үй-бүлөгө 10 баш кой-эчки, бирден уй жана жылкы берилгенин, азыркы тапта айрымдарынын малы көбөйгөнүн белгиледи.

«Көчүп келгендерге жыл сайын азык-түлүк, кийим-кече, көмүр жана башка гуманитардык жардам берилет. Бирок акыркы жылы гуманитардык жардам азайган, ошентсе да көмүр менен камсыздоо улантылууда», — деди ал.

Таев мектептерде памирлик эркектер жана аялдар үчүн сабатсыздыкты жоюу боюнча курстар уюштурулганын кошумчалады. Ал памирлик балдар жергиликтүү өспүрүмдөр менен бирге билим алып жатканын айтты.

«Медициналык көмөк көрсөтүлүүдө, алар тез жардам кызматын дагы колдонушууда. Жергиликтүү калк менен маселе жаралган эмес, конфликттер келип чыккан жок», — деди айыл башчы.

Ал эми акыйкатчы Атыр Абрахматова маниторингдин жыйынтыгына таянып, бийликти памирлик кыргыздардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга чакырды.

Ал памирликтерди бир жерге чогуу жайгаштыруу алардын жергиликтүү элге аралашып, көнүп кетүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүк бербей жатканын белгиледи.

«Алар өздөрүнүн ички чектелген тобунда жашап жатышат жана өзгөрүп турчу жагдайларга ыңгайлашууда кыйынчылык пайда кылган социалдык ык-жөндөмдөрүн сактап калууну улантышууда» — деди ал.