Видео: Депутат айыл чарба министринин орун басарына эки деген баа коюп, күндөлүк тапшырды

Депутат Акбөкөн Таштанбеков парламенттин тармактык комитетинин жыйынында айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматовду сындап, кийинкиде «ата-энең менен кел» деп ага эки деген баа койду.

Таштанбеков чиновникке эки деген бааны эл өкүлүнүн суроосуна жооп бере албагы үчүн койду. Чиновниктин ордуна Айыл чарба министрлигинин башка кызматкери сөз алганда эл экүлү ага да күндөлүк тапшырып, үч деген баа коюп койгонун айтты.

«Мен күндөлүк алып келдим. Үч деген бааны койдум. Эми бул күндөлүккө президент менен премьер-министр жалаң гана беш деген баа коюп турсун», — деди Таштанбеков.