Материалдын түп нускасы «Азаттыктын» сайтында жарык көргөн. Автору Кундуз Кызылжарова.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте көп кабаттуу үй куруп берүүнү убадалап, бирок дольщиктердин алдында милдетин аткарбай койгон ондон ашык курулуш компаниясын «кара тизмесин» түздү.
Мындан улам эл өкүлү жарандарды имараттын курулушу баштала элек жатып батир сатып алууда этият болууга чакырды.
Айрым курулуш компаниялары Бекешевдин айткандарын төгүндөп, сотко кайрыла турганын билдирип жатат.
Бирок бүгүнкү күндө баш калаада ондогон үй-бүлө тапкан акчасын салып алган үйлөрүнө документ берилбей, тийиштүү коммуналдык тармактарга кошула албай убара тартууда.
Парламент депутаты Дастан Бекешев Фейсбуктагы баракчасына 10дон ашуун курулуш компаниянын атын тизмектеп жазып, ар биринин тушуна алар бүтүрбөй койгон үйлөрдү дареги менен көрсөткөн.
Эл өкүлү мамлекеттик органдардын жоопкерчиликсиз мамилесинен улам ушундай көйгөйлөр жаралганын айтып, эми маселеге президент Жапаровдун кийлигишүүсү зарыл деп эсептейт.
«Парламентте курулушка тиешеси бар депутаттар абдан көп. Эгер президент катуу тапшырма берсе, депутаттар каршы болгонуна карабай мыйзам долбоорун колдоп берет. Жарандардын укугу бизнестен жогору турат. Милдетин аткарбаганы үчүн лицензияларын алып коюш керек. Ар бир курулуш компаниянын ишин өзүнчө карап, ошого жараша мыйзам жазып чыгуу зарылдыгы келип чыкты. Алардын жоопкерчилигин катаалдаштыралы. Курулуш баштардын алдында кепилдик каражатын көрсөтүп же камсыздандыруусу абзел. Бул компаниялардын көйгөйүн өкмөт кийлигишмейинче, биз чече албайбыз» - деди Бекешев.
Депутат элди батир алууда алды-артын карап, жаңы гана башталган үйлөрдөн үй-жай сатып алууда этият болууга кеңеш берет. Эгер кардар болбой эле ишенип, курулуш компаниясына акчасын карматып койсо, ал кандай тобокелдик турганын түшүнүшү керек. Бекешев мыйзамдын бир топ нормалары кардардын укуктарын коргой албайт деген пикирде.
Жыл башында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курулуш компаниялардын ишин жөндөгөн мыйзам долбоорун жазып, депутаттарга алып келерин да айткан.
Тогуз жылда бүтпөгөн үй: Арыздан пайда чыккан жок
Бишкектин тургуну Гүлжан Акмежанова Калык Акиев жана Жоомарт Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «На западе» деп аталган көп кабаттуу үйдөн батир алам деп акча берген.
Үлүшчүлөр аларды ара жолдо калтырган "Феркас стройдун" ээси, түрк жараны Ахмет Кушту таба албай жатканын айтышат.
«Үйдүн ээси жок. Ал Кыргызстандабы же башка мамлекеттеби белгисиз. Батир алгандар кыйналдык. Эми дагы чоң акча чогултуп алып, үйдү бүтүрүү аракетин көрүп атабыз. Лифт иштебейт, техникалык шарттары жок. Электр жарыгын жана сууну өзүбүз киргиздик, андан башкасы жок. Жашаган жери жоктор шарты болбосо да ушу жерде башкалкалаганга аргасыз. Курулуш 2014-жылы башталган, 2016-жылдары токтоп калган, ошондон бери арыз жазып эле келатабыз, жыйынтык чыкпады».
Түркиянын жараны Ахмет Куш «Феркас строй» компаниясын Юстиция министрлигинин каттоосунан 2014-жылы өткөргөн. Ошол жылы 16-июлда Бишкек архитектурасы анын курулушу мыйзамсыз деп маалымат тараткан. Себеби компаниянын уруксат кагаздары толук эмес экени аныкталган.
Касира Мамбетакунова да дал ушул үйдөн батир алган экен:
«Үй курулган жерди Ахмет Куш ээлеринен сатып алыптыр, мурда жер тамдар болчу. Бизге документи туура деп, камтама болууга негиз жок экенин айткан. Курулуш токтогондо гана көйгөй бар экенин билдик. Ахмет Куш үйдүн курулушун бүтүрүп берсин же жоопкерчиликке тартылсын. Азыр документибиз да жок, ремонту да жок. Ушул жерден батир алабыз деп банктан насыя алып алгандар бар. Эми аны төлөй албай, убара тартып жаткандар толтура.
Эч шарты жок жерде кантип жашайсың? Президентке кайрылабыз, маселебизди чечип бериңиз. Ахмед Кушту бир нече жолу арыз жазып, милицияга карматканбыз. Бирок ал кандайдыр бир жолдорун таап, чыгып кеткен. Арыздарыбыз Ленин райондук милициясында да турат, бирок андан пайда чыккан жок».
Милиция «Феркас строй» курулуш компаниясы боюнча комментарий бере элек. «Азаттык» компаниянын өкүлдөрү менен байланыша албаганын эскертебиз.
«Биздин документтердин баары жайында»
Депутаттын «кара тизмесинде» көп кабат үй салган «Аалам Строй» курулуш компаниясы да бар. Бул компаниянын Тыналиев көчөсүндөгү «Жал-Ордо» турак жай комплекси 2016-жылдары курулган, бирок расмий түрдө эксплуатацияга бериле элек.
Тургундар келишимде көрсөтүлгөн газ качан кирилет деп дагы эле күтүп келет. Жылуулук былтыр декабрь-январь айларында эки айга берилип, кайра токтогон. Айнура аттуу жашоочу курулуштун сапатына нааразы экенин билдирди:
«Менин колумда турган келишимге ылайык, 2017-жылдын 31-майында курулуш иштери бүтүп, 60 күндүн ичинде эксплуатацияга берилиши керек болчу. Батирлерди алдык, бирок бул келишимде көрсөтүлгөн газ, жылуулук берилген жок. Убадасын аткарсын. Мисалы, жылуулук жок кышы бою электр энергиясын колдонуп, ар бир бөлмөгө жылыткыч сайдык. Айына 3,5-4 миң сомдон чыгып жатты. Күрөшүп жүрүп, былтыр күзүндө борборлоштурулган жылуулукка коштурганбыз. Бирок анын баасы бир бөлмөлүү батир үчүн айына 6-7 миң сомдон чыкты. Өтө кымбат. Эми ошол кымбат жылуулук да жок отурабыз».
«Азаттык» сөз болгон «Аалам строй» компаниясы менен байланышканда өзүн Тилек деп тааныштырган кызматкер компаниянын дарегине айтылган сынды четке какты:
«Бизди эмне себептен бул тизмеге кошуп койгонун түшүнбөй турабыз. Себеби биздин документтердин баары жайында, бүт объектилерибиз курулуп бүтүп, эл жакшынакай эле жашап атат. Атыбызды булгаган Бекешевди сотко берели деп атабыз. Бир гана "Жал-Ордо" комплексинин жери талаш болуп аткан. Аны Жогорку Сотто далилдеп, жер саткандар бизди алдап кеткени ачыкка чыкты. Үйлөргө жылуулук да берилген, бизде юиридикалык жактан баары туура».
«Биз кийлигише албайбыз»
Мамлекеттик архитектура, курулуш департаментинин директору Талантбек Иманакун бардык жоопкерчиликти үй салган курулуш компанияларына жүктөдү.
«Курулуш компаниялардын баары курулушту мыйзамдын негизинде баштаган, болгону үйлөр эксплуатацияга бериле элек. Бул маселенин бизге тиешеси жок, аны компаниялар өзү чечет. Кээ бир компаниялардын өкүлдөрү алдамчылык кылып качып кеткен, айрымдары бири-бири менен урушуп кеткен, бул жарандык тартипте каралчу маселе болгондуктан, биз кийлигише албайбыз. Биздин реестрде курулуп аткан объект катары каттоодо турат, бирок бир да жерде "мынчанчы жылы, баланчанчы күнү эксплуатацияга берилиши керек" деп жазылган эмес. Курулуш 10-15 жыл жүрүшү мүмкүн».
Мамлекеттик архитектура, курулуш департаменти быйылкы жылдын башында Бишкек шаары боюнча жалпы 30дан ашык көп кабаттуу үйдүн курулушун мыйзамсыз деп тапкан.
Калаада курулушу бүтпөй токтоп турган көп кабат үйлөрдүн так саны белгисиз.Өткөн аптада Көк-Жар конушунда 2019-жылдан бери, Октябрь районуна караштуу Каралаев жана Шопен көчөлөрүнүн кесилишинде 2017-жылдан бери курулушу бүтпөй турган турак жайлардын үлүшчүлөрү да бийликке кайрылып, маселени чечип берүүнү сураган. Алар менен депутат Бекешев жолугушкан.