2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 80ден ашуун кишинин өмүрүн алган кандуу окуялар болгон. Анда бийликке нааразы болгон эл президент Курманбек Бакиевди тактан кулатуу үчүн чыккан.

Бакиевдин беш жылдык бийлиги өлкөдө коррупция, адам өлтүрүү жана үй-бүлөлүк башкаруу менен белгилүү болгон. Бул кылмыштар үчүн бозгун президент жана анын үй-бүлөсү сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, бирок алар азыркы күнгө чейин эркиндикте жүрүшөт. Бакиев жана анын үй-бүлөсү учурда кандай шарттарда жашап жатканын ушул видеодон көрүңүз.