Sky Industrial Group компаниясынын лифт чыгарган бөлүмү Sky Elevators деп аталат. Бирок компаниянын өдүрүштүк цехи бир эле учурда бир нече түрдөгү продукцияны чыгарат. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop

Рахат Жунушбаева 10 жыл бою Кыргызстанга Кореядан лифт ташып иштеген, былтыр болсо аларды өзү чыгара баштаган. Лифт эле эмес, анын Sky Industrial Group компаниясы өлкө аймагынан алыскы мамлекеттерде жогору суроо-талапка ээ темир эшиктерди, локалдык тазалоочу жабдыктарды, чаң жана мунай тосуучу жабдыктарды жасайт. Корей тилинен котормочу мекенинде кантип лифт чыгарган жалгыз өндүрүүчү боло алганын, өндүрүшү токтоп калган республикада технологиялык бизнес баштоодо эмнелерге туш болгонун жана эмне үчүн жаңыдан иш баштагандар бизнес-планынан бир да кадам артка чегинбеши керектигин айтып берди «Клоопко» курган маегинде.

Бул интервью — «Клооптун» Made in KG рубрикасынын алкагында жарыялануучу макалалар сериясынын бир бөлүгү. Анын максаты — ишкердикке жаңы кадам таштаган кыргыз ишкерлерине баалуу кеңештерди берип, бутуна бекем туруп, өндүрүштү жолго салган компаниялардын башынан өткөргөн окуяларын айтуу менен аларга дем берүү. Биз бул долбоорду Германиянын Фридрих Науман фондунун колдоосу менен жасап баштадык.

— Мен билгенден, сиздин карьераңыз бир башкача башталган: сиз корей тилинен котормочу болчусуз. Гуманитардык тармактан технологиялык тармакка өтүү оор болгон жокпу?

— Ооба, Бишкек Гуманитардык университетин аяктагам, бирок экономикалык билим алдым: эл аралык экономикалык мамилелер, Корея экономикасы. Албетте, оор болду. Жакында эле мектептеги кезимде физиканы жактырбаганымды эстедим, азыр болсо ишимдин баары — өндүрүш, монтаж, сервистик тейлөө — баары дал ошол физика менен байланыштуу. Лифттин түзүлү кандай болорун, ал кантип иштейт, алардын коопсуздугун эмне камсыздайт экенин билүү үчүн анын баарын эки жыл окуп, үйрөндүм.

Албетте, которуу процессинде мага өнөктөштөрүм жардам берип жатышты. Котормочулук кесиби өзү мындай экен да, кимдир бирөөгө кандайдыр бир билимди которуп берип жатканда өзүң да алат экенсиң ошол билимди.

— Ал эми күнүмдүк жашоодо ошол техникалык билимдердин кандайдыр пайдасы тийдиби?

— Мен эми техникадан өтө деле алыс болчумун дей албайм. Мисалы, үйдө электр узарткычын, лампанын патрондорун оңдоп коё алчумун. Азыр болсо унаамдын үнүнөн кайсы жери бузулганын аныктай алам же үйдө тиричилик техника бузулганда, мисалы, электрде чыңалуу түшүп кеткендигинен улам да болушу мүмкүн экенин түшүнүп калдым.

— Өндүрүштүк бизнесиңиз лифтке чейин эле башталганбы же баары бир убакта башталганбы?

— Өндүрүшкө 2022-жылдан тартып кириштик. Ага чейин камсыздоо кызматын гана көрсөтчүбүз — башка өлкөлөрдөн жабдууларды алып келип, аларды бул жерден чогултуп, тейлечүбүз. Тагыраагы, өндүрүш баштаганыбызга бир эле жыл болду.

Продукциянын бардык түрүн бир эле учурда чыгара баштадык. Лифт чыгарабыз деп даярдана баштаганда заводду көп тармактуу кылыш үчүн дароо эле универсалдуу жабдыктарды орнотконбуз.

Sky Industrial Group лифт чыгаруу менен гана чектелбейт. Компаниянын кеңсесиндеги шоурум анын продукцияларынын ар кандай түрүн көрсөтүп турат. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop

— Негизи, Кыргызстанда кандайдыр бир татаал техниканы өндүргөн компанияларды табуу кыйын. Кимдир бирөөнө чалсаң бизнеси токтоп калганын айтат. Учурда, өндүрүш башталган күндөн бир жыл өткөн соң бул пайдалуу ишкана болду деп айта аласызбы?

— Бул долбоордун үстүнөн үч жыл мурда иштеп баштагам, дайым күмөн саноолор болду. Ал бүгүн деле бар. Мисалы, мындай ишкананы курулуш рыногу кенен, лифтке суроо-талап кыйла күчтүү, мындай бизнеске мамлекеттик колдоо бар болгон өлкөдө ачсам кандай болмок деген ойлор басат. Балким, ошондо ал пайдалуулак болмоктур.

Бирок, биз Кыргызстандын ички рыногуна эмес, экспортко багыт алганбыз. Албетте, бул көп убакытты, оор эмгекти талап кылган жол: жаңы технологияларды киргизүү, адистерди, инженерлерди окутуп даярдоо. Бирок, ишканабыздын келечеги бар деп ойлойм.

— Лифт өндүрүшү тууралуу кененирээк айтып бере аласызбы? Алардын кайсы бөлүктөрү четтен келет, Кыргызстанда эмнеси чыгарылат?

— Лифттин кабинасын өйдө-ылдый түшүрүп-чыгаруучу кыймылдаткычтарын жана тарткычтарды, трос жана «мээлерин», башкача айтканда, башкаруу станцияларын четтен алып келебиз. Бул жерде кабинанын өзүн, рамасын, эшигин, лифт шахтасынын жабдыктарын жасайбыз — машина бөлүгүнө тиешелүүнүн баарын. Узак мөөнөттүү келечекте азыр четтен алдырып жаткандын баарын чет-четинен өзүбүздө чыгаруу ишин жолго коюу планы бар. Балким, кийинки жылы, айрым бөлүктөрүн өзүбүз чыгарып калышыбыз мүмкүн. Бизде андай мүмкүнчүлүк бар, анан калса ал кыйла пайдалуу болмок.

Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop

— Сиздер азыр четтен импорттоп алып келип жаткан компоненттерди бул жерде өндүрүүнүн негизги кыйынчылыгы эмнеде? Адистер же жабуулар жетишсизби?

— Адамдар боюнча маселе жок: бизде, Кыргызстанда элибиз жаңыны бат сиңирет, жаңы технологияны тез эле өздөштүрүп алат. Бирок импорттун ордун басуу үчүн жаңы орун жай камдап, жаңы жабдууларды алып келүү зарыл, ал үчүн белгилүү бир финансы каражаты керек.

— Бүгүнкү күндө айына канча лифт өндүрүлөт?

— Учурда бизде лифт ар бир буюртмачыга жекече түрдө чогултулат. Албетте, биринин артынан бирин, дүң чыгарган пайдалуу, бирок Кыргызстанда курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр көп деле эмес. Бул жерде бир эле убакта бир же эки үй курулат, а бул эки же төрт лифт дегендик. Ошондуктан лифттерди ар бир шахтага өз-өзүнчө курайбыз. Учурда айына 10 чакты лифт чыгарабыз, бирок бул башталышы гана. Жыл аягына чейин өндүрүштү кеминде үч-төрт эсе көбөйтүүнү пландап жатабыз.

— Жогоруда экспортко көбүрөөк ыктайбыз дедиңиз. Ички жана тышкы буйрутмалардын катышы, айырмасы кандай?

— Учурда буйрутмалардын 90%ы ички рыноктон. Бирок лифттердин 70%ын экспортко чыгаруу планы бар.

— Ишкана үчүн Орусиядан кардар табылды деген жаңылык болду эле. Экспорт азыр ошол жакка элеби же башка дагы өлкөлөр барбы?

— Биз иштеп баштаганыбызга бир эле жыл болду, ошондуктан [быйыл] коммерциялык бөлүм, жарнама жана маркетинг ички базарга гана багытталган. Өзбекстан жана Казакстандын рыногуна азырынча чыга элекпиз, бул өлкөлөрдө кеңири жарнама жүргүзө элекпиз, бирок ал жактардан [лифт] алып келип бергиле деген суроо-талаптар түшүп жатат, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Орусия боюнча дистрибьюторубуз бар, алар дагы азырынча [жарнаманы] жигердүү башташа элек, алар алгач биздин биринчи жеткирүүбүздү, лифттердин өзүн, монтаж кандай өтөрүн, андан ары тейлөө кандай болорун бир аз көргүлөрү келип жатат.

— Борбор Азиянын рыногунда аймактагы лифт өндүрүүчүлөрдүн арасында атаандаштык барбы? Же чет элдик продукция менен гана атаандашууга туура келеби?

— Өзбекстан менен Казакстанда лифт өндүрүшү бар. Орусияда да өндүрүүчүлөр жетиштүү. Ошондуктан ооба, албетте, атаандаштык бар. Бирок рынок жетишерлик чоң, менимче, баарыбызга орун табылат.

— Былтыр соода жүргтүмү кандай болду, жок дегенде болжоп айта аласызбы?

— Мында акча деп айтпай эле коёюн, бирок өтө деле чоң эмес. Ишкана жаш, инвестиция жетишерлик көп салынды, ал эми сатык анчалык деле көп эмес, Кыргызстандын рыногу чоң эместигин эске алганда жүгүртүм деле ошондой.

— Лифт өндүрүп баштаганга чейин сиздер аны дээрлик он жыл чет жактан алып келип жаткансыздар. Кыргызстанда бизнес 2010-жылдан бери кандай өзгөрдү? Же өзгөрүү жокпу?

— Негизи, бизнесте өзүм 2006-жылдан бери жүрөм. Албетте, өзгөрүүлөр бар, бийлик алмашкан сайын анын өзүнүн өзгөчөлүгү болот. Эл аралык саясаттагы өзгөрүүлөр дагы өлкөдөгү бизнеске таасир этет. Азыр, менин байкоомдо, Кыргызстанда бизнести өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу учурлардын бири болуп турат.

Биринчиден, биздин ишкананын мисалында айтсам: Министрлер кабинети тарабынан ишкерлерге карата ачыктык бар. Кайсы бир суроо-талап же сунуш менен барсак, бизге мүмкүн болушунча жардам бергенге аракет кылышат. Айрыкча, эгер өндүрүш рынокко жаңы технологиялар менен кирип жатканын байкашса. Балким бул мурда биз жалаң гана сатуу менен иштеп жүргөндүктөн болуп, бизге көп деле көңүл бурулбай келген болушу мүмкүн.

Эң башында, бизнеске жаңы келгенде текшерүү көп болуп, кыйын эле болчу. Дүкөнүңдүн алдынан өтүп бараткан кайсы гана [аткаминер] болбосун, эч бир негизсиз жана тескемесиз кирип текшере берчү. Акыркы беш-алты жылда бул жагы иретке келип калды. Эгер текшерүү келсе — дароо тескемеси менен, конкреттүү позициялар боюнча өтөт.

Азыр бийликтин иерархиясы иштеп жатат. Буга чейин жергиликтүү органдар жогору жактан түшкөн тапшырмага реакция кылбай коё алышкан болсо, азыр андай эмес, иштеп калды. Соода-өнөр жай палатасынын иши дагы жанданды. Алар бизнести активдүү түрдө тармак-тармагы жана аймагы менен бириктирип, бизге тышкы рынокко чыгууга жардам берип жатат. Көптөгөн фонддор ачылды: кыргыз-өзбек, кыргыз-венгер, кыргыз-орус фонддору. Алар дагы бизнеске жардам көрсөтүүгө, каржы жактан, чет өлкөдөн өнөктөштөрдү табышууга аракет кылып жатышат.

Компьютердик башкаруу менен иштеген плазмакескич. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop

— Ишкерлер адатта жетишкендиктерин көп айтышат. Ал эми сиз бизнес жолуңузда кетирип, бирок эсте калган катачылыктар, андан чыгарган кандайдыр бир тыянактар жөнүндө айтып бере аласызбы?

— Албетте, катачылыктар да, кемчиликтер да, кулап кайра көтөрүлгөн учурлар да болду, андай учурлар көп эле болду. Башкысы андан тыянак чыгаруу керек. Кайсы бизнесимде ийгиликсиздик болгонуна токтолбой эле коёюн. Бирок жаңыдан иш баштагандарга, айрыкча стартаптагыларга кеңеш бергим келет.

Биринчиден: кандай гана бизнес болбосун, эгер ал тармакта тажрыйбаңар жетишсиз болсо иш баштабагыла. Ийгиликке жетиш үчүн алгач аны изилдеп чыгуу кажет.

Экинчиден: Кыргызстанда бизнес-план менен иштеген ишкерлер аз. Так жазылган бизнес-план болушу керек. Аны бизнестин ээси өзү жазышы керек, «Ме, мага бир айда жазып бере кал» деп бирөөгө берип койбой. Баштан-аяк, каржысынан маркетингге чейин, андан соң өндүрүштүн өзүн, кантип сатыкка чыгарарынан бери өзү жазышы керек. Албетте, бухгалтер, маркетолог, инженерлерди тартуу керек, бирок — өзүңүз. Андан кийин команданы бизнес план менен тааныштырып, аны так аткаруу зарыл. Кайсы бир ишти бизнес-планы жок баштоо — бул аңга карай жол.

Үчүнчүдөн: чөкпөгүлө. Мен дагы бир ишти баштап, биринчи кыйынчылык чыкканда ошол замат баарын таштап, башкасына өтүп, үчүнчүсүнө секирип кеткен учурлар болгон. Ооба, баштап, аракет кылып көрүш керек. Бирок сиз тек гана арыз иштеп долбооруңузду ишке ашырууга болгон күчүңүздү жумшашыңыз керек. Ийгилик жараткан бир долбоор артынан экинчисин алып келет. Долбоорду ийгиликке жетгирген соң гана алдыга карай жылуу үчүн ишенимге ээ болосуз. Ал эми орто жолдогу оош-кыйыштар артка гана тартат.

Жеке өндүрүштөн чыккан лифти бар тунук шахта — Sky Industrial Group’тун имаратынын башкы элементи. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop

— Жогоруда стартап деп калдыңыз. Стартап үчүн азыр Кыргызстанда кайсыл багыттардын келечеги бар?

— Биз Кыргызстандын эле рыногун карап отурбашыбыз керек. Эгер канат-кулач жайгыбыз келсе, анда да алыс карашыбыз керек: Борбор Азиянын, КМШнын рыногу. Бош багыттар абдан көп. Эгер Европада, Америкада, ошол эле Кореяда же Кытайда ар бир тармактын өзүнүн гиганттары же алар менен атаандаша албагыдай бекем отуруп калган компаниялар бар болсо, Кыргызстанда ээн турган багыттар абдан көп. Ошондуктан стартапчыларга кайсы бир долбоорун өнүккөн өлкөлөрдөн эмес, бул жерде ишке ашырганы оңой деп эсептейм.

Бул жакта кайсы бир батыгатта иштеген компаниялар бар болгон күндө деле алар менен алардыкынан дагы жакшы бир нерсени сунуштап атаандашып, өз ордуңду тапсаң болот. Менимче, жакынкы беш-алты жылды көптөгөн долбоорду ийгиликтүү иш жүзүнө ашырса болот. Бизде кайсы гана тармакты караба сунуш жетишсиз.

— Лифтти дүкөндөн сатып ала албайсың. Дистрибуцияны кантип түзүп, кантип кардар издейсиз?

— Ооба, бизде негизинен B2B-сатуулар. Кыргызстанда курулуш рыногу чакан, баарын, прорабынан баштап кожоюндарына чейин жеке тааныйбыз. Бизде өлкө ичинде жалаң гана түз сатуулар.

Мындан тышкары, азыркы тапта биз Бишкектеги лифттерди модернизациялоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырып жатабыз. Мен аны мурда эле мэрияга сунуштагам, зовод ачылып жатканда дагы сунуштагам. Мына азыр шаарга [Чыгыш-5 кичи районунда] бир лифт орнотуп бердик, [баары жакшы иштеп атканын] өздөрү көрүп, ынанышсын.

Даяр продукцияны таңгактоо. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop

— Кыргызстанда силерден башка эч ким лифт чыгарбайт. Өндүрүшкө кызматкерлерди кантип таптыңыздар?

— Бул эң эле оорчунду маселе. Кыргызстанда акыркы 30 жылда жаңы өндүрүш болгон эмес, ошондуктан техникалык кесиптер боюнча кадр жетишсиздиги абдан чоң. Мурда совет убагында Политех биздикиндей тармактар үчүн тар чөйрөнүн адистерин даярдап келген болсо, кийин аларды даярдаган кафедралар, факультеттер толугу менен жоюлуп кеткен. Бизде биздикиндей өндүрүшкө керектүү конструктор, инженерлерди даярдабай калышкан. Инженер, электрик, механиктерди аз-маз талап менен алып, кайра окутуп чыкканга туура келип жатат.

— Аларды бир жакка окууга жөнөтүлөбү же бул жакка мугалим, устаттарды чакырасыздарбы?

— Эң башында бизге окутуу үчүн Казакстандан жана Кореядан адистер келип жүрдү. Акыркы өндүрүшүбүзгө эл аралык юумдарда биздин багыт боюнча иштеген орусиялык адистерди чыкырдык. Азыр биздин өндүрүштө чет элдик адистер жүрөт. Онлайн-окутуу, онлайн-консультациялар болууда.

Ошондой эле өндүрүш учурунда устат-шакиртти коюп, иш процессинде үйрөтөбүз.

Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop

— Бизнес социалдык жоопкерчиликтүү болушу керек деген идеяга көз карашыңыз кандай? Өз бизнесиңизди социалдык жоопкерчиликтүү деп эсептейсизби, эгер ошондой болсо, ал эмнеден билинет?

— Бул бир гана бизнесмендин эмес, ар бир адамдын атуулдук парзы. Мисалы, биз Ысык-Көлдө тигүү фабрикасын ачтык. Бул жактан ачсак деле болмок, Бишкекте — жерибиз жетиштүү, бул жакта логистика жана кадрлар жакшырак. Бирок ансыз да баары тең шаарга жаңталашат, ал эми аймактарда — дыйканчылык, мал чарбачылык, соода-сатык жана муниципалдык кызматтар эле бар. Анан калса аялдардын арасында жумушсуздук көп. Ошондуктан фабриканы ошол жактан ачтык. Ал 200 иш ордуна ылайыкталган, азырынча 150сү иштеп жатат. Фабрика кирешелүү деле эмес, бирок жумуш орундарын берип жатат.

Биз жумушчуларды окутабыз, иштин жүрүшү оор. Совет доорунда баары жумушка жоопкерчилик менен мамиле кылышкан, ишканын, экономиканын жетишүүсү ар бир жумушчудан көз каранды экенин түшүнүшчү. Бирок эгемендик алгандан бери өндүрүш маданиятын жоготуп алдык. Айрыкча аймактарда. Бүгүн жумушка чыкса, эртеси тойго кетет. Анын эртеси [жумушка] чыгат, кайра дагы бир жакка кетип калат. Бир гана тигип, үтүктөгөндү эле эмес, технологдорду үйрөткөнгө, тренинг өтүп, жумушка кирген соң жоопкерчиликтүү болуш керектигин да үйрөтүүгө туура келет.

Кайрымдуулук дагы кылабыз, лифтти бекер орнотуп берген долбоорлорубуз бар.

— Маяна жагы кандай? Республика боюнча орточо көрсөткүчтөн жогорубу же төмөнбү?

— Төмөн эмес деп айта алам. Баалуу тар кесип ээлери орточо айлыктан жогору алышат, ал эми катардагы кызматкерлер рынок боюнча орточо эсептен төмөн алышпайт.

— Кандай гана өндүрүш болбосун айлана чөйрөгө кандайдыр бир зыян тийгизет. Аны жокко эсе деңгээлге түшүрүш үчүн эмне кыласыздар?

— Биздики калдык чыгарбаган өндүрүш деп айтса болот. Айлана-чөйрөгө зыйн келтирбейбиз. Ага кошумча тазалоочу курулмаларды өндүрө баштадык, абаны тазалаш үчүн чаң тоскучтарды, унаа жуучу жайлар үчүн мунай тоскучтарды жасап жатабыз, алар сууну түз эле шаардык канализацияга куйбасын деп.

Заводтогу жабдыктардын дээрлик бардыгы — Кытайдыкы. Бирок Союздан калгандары дагы бар. Мисалы, бул темир-токардык машина. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop

— Унаа жуучу жайларга токтолсок, жергиликтүү рынокко дагы багыт алып жатасыздарбы?

— Жок. Жергиликтүү рынокту дагы камсыздап туруш керек, биринчи кезекте. Бирок бизде Ысык-Көлдө иштеген бардык ишканалар үчүн саркынды сууларды тазалоо үчүн быйыл гана катаал эрежелер кирди. Бул [өлкө боюнча] унаа жуучу жайларга тиешелүү боло элек, бирок мен бул биздин өкмөткө узатылчу суроо деп ойлойм, аларды текшерип башташы үчүн. Себеби мунай продукциясынын зыяны кадимки тиричилик саркындысына караганда көбүрөөк.

А бирок биз тазалоочу курулмаларыбыз менен бүткүл Борбор Азиянын рыногуна чыксак деп үмүттөнөбүз.

— Кыргыз ишкерлерине кеңеш берсеңиз, алар кантип тышкы рынокко чыкса болот?

— Тышкы рынок түрдүү да. Мисалы, Орусиянын рыногу Кыргызстандыкынан аябай айырмаланат. Бир тилде сүйлөп, ЕАЭБ боюнча стандарттар бир болгону менен Кыргызстандын рыногунда иштеген кыйла жеңил. Бул жакта кардарлар эгер сен кайсы бир ченемдерди, стандарттарды, сертификацияларды карманбасаң түшүнүү менен кабыл алат. Орусия менен Казакстанда мындайга талап катуу. Тышкы рынокко чыгуу үчүн сен бардыгын талапка ылайык келтирип, сертификациялап, системалаштырып, сапаттуу продукция беришиң керек. Аны ички рынокто сынап, текшерип, баамдап, андан кийин гана тышкы рынокко бет алсаң болот.

Дагы окууңуз: