«Кумтөр» ишинин эки фигуранты үй камагына чыкты

«Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча кармалган эки адам үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев өзүнүн 2022-жылдагы иши тууралуу отчётун берип жатып айтты.

Зулушев мамлекетке 1 млрд 146 млн 449 миң сом өлчөмүндө келтирилген зыян боюнча төрт кылмыш иши козголгонун белгиледи.

«Бүгүнкү күнү аталган зыяндын 830 млн 826 миң сому өндүрүлдү. Камакта жаткан төрт кызматкердин экөө бүгүн үй камагына чыкты. Ал эми Тенгиз Бөлтүрүк боюнча тергөөчүлөр [аны] кайрадан суракка чакырды. Бирок ал киши мамлекетке келтирилген зыяндын ордун төлөө боюнча башынан эле тергөөдөн баш тартып келгенин билесиздер. Бүгүнкү күнү зыяндын 80%дан ашыгы өндүрүлдү. Кылмыш иштердин тергөөсү аяктап калды. Иштин созулуп жатышынын бир эле себеби — зыянды ордуна коюу боюнча гана созуктурулууда. Бирок жакынкы арада [ишти] сотко кетиребиз», — деди Зулушев.

«Кумтөр» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отчёту каралган парламенттин 16-марттагы жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева «Кумтөрдөгү» коррупция боюнча кармалгандар 642 млн сом зыянды кайтарганын билдирген.

Ошондой эле ал, кармалып жана ТИЗОдо отургандар: «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк, компаниянын каржы башкармасынын директору Рысбек Токтогулов, компаниянын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов менен Руслан Енгалычев аттуу жаран боюнча төрт кылмыш иши тергелип жатканын да айткан.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кумтөр» иши боюнча кармалгандар мамлекетке келтирген зыяндын ордун калыбына келтиргенден кийин гана соттор аларды үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасын карай алат деп билдирген.