Найзабек Мукамбетов — «Клооптун» журналисти, фотосүрөтчү.

Кичинекей кезимде бардыгы башкача сезилчү. Тушоо той бала кубанычына толгон чыныгы майрам эле, үлпөт болсо ыйык каада болчу, ал эми тажияда биринчи жолу уккан кошок өмүр бою эсимен кетпейт. Бул байыркы үрп-адаттар адам жарык дүйнөгө келип, о дүйнөгө сапар алгыча коштоп жүрөт экен.

Менин сүрөттөрүм дал ушул адамдын басып өткөн өмүр жолун чагылдырып калуу аракети.


I Бөлүм: Төрөлүү

Үй-бүлөдө баланын төрөлүшү эзелтен эле чоң кубаныч болгон жана боло да берет. Мурда көчмөн кыргыздар үчүн бул бир жагынан санааркоонун да белгиси эле, себеби ал убактарда ымыркайлардын өлүмү көп болчу. Дал ушул себептен кош бойлуу аялдарды ар тараптан коруп, кам көрүп, бала жарык дүйнөгө келгенде аны ар кандай ырым-жырымдар менен оору-сыркоо жана көз тийүүдөн сактап калууга аракет кылышчу.

Бала чоңоюп, каз-каз туруп, биринчи кадамын аттайын деп калганда «тушоо той» болот. Бул ала жипти кесүү ырымы. Ал мындайча: Баланын эки бутуна койдун ак-кара жүнүнөн эшилген жип байланып, тойго ата-энеси менен келген балдар жарышып чуркашат. Бөбөктүн бутундагы жипти биринчи келгени кесет. Бул кааданы той ээлери баласынын өмүр жолу шыдыр болсун деген тилекте жасашат.

«Бул каада бөбөк социумга кошулганын билдирет жана баары аны жашоодогу жолун баштап жаткан инсан катары кабыл алышат. Тушоо тойго келгендин баары бала ушул күндөн тартып чалынбай, бутуна бекем турат деп ишенишет, ал эми ишеним бала үчүн абдан маанилүү», — дейт долбоордун автору.

II Бөлүм: Үлпөт


Адамдын жашоосундагы кийинки маанилүү учур деп үлпөт тойду айтса болот, аны менен бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн каада-салт жана үрп-адаттар байланышкан. Мисалы, «кыз узатуу» жана «сөйкө салуу» салты, мында кыздын болочок жарынын энеси кызга сөйкө салат. Бул үрп-адаттардын ар биринин ыйык мааниси бар — кызды энеси турмуш жолуна узатат, ал эми баланын энеси аны үй-бүлөнүн жаңы мүчөсү катары кабыл алат. Бул сүртүмдөр бир четинен толкундануу, кубанычтан чыккан көз жаш же шаң менен, бир четинен кызын турмушка узатып жаткан ата-энеге аянычтуу өтөт.

III Бөлүм: Кырсык

Жашоонун нугу жалаң эле кубаныч же жакшы үмүт менен өтпөйт. Турмуштун кээ бир учуру өкүнүч да, өчпөгөн да так калтырат. 2022-жылдын сентябрында Баткенде болгон окуялар дал ушундай сезимдерди сүрөттөйт. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарына жакын жерлеринде куралдуу кагылыш чыгып, ондогон адам набыт болуп, жүздөгөнү үй-жайсыз калып, келечекке үмүтүнөн айрылган.

Фотосүрөтчү Гүлиза Урустамбек кызы Баткенге барып, адамдардын тагдырын сүрөткө түшүрүп келген.

Гулиза Урустамбек кызы.

«Баткенде чек ара чырынан жабыркаган айылдыктар менен баарлашып, аларды сүрөткө тартып, баш-аягы 8 күн жүрдүм. Бир окуя абдан жүрөгүмө тийди. Капчыгай деген кыштакта бир кишинин үйү толугу менен күйүп кетип, үйүнүн урандыларынын үстүндө отурган экен. Биз ага барып, учурашкандан кийин бир нерсени издеп кетти. Башында түшүнгөн жокмун. Көрсө, ал урандыдан чайнек издеп, бизге чай кайнатып бергиси келген экен», — дейт Гүлиза.


IV Бөлүм: Өлүм

Биздин коом адатта өлүмдү көп деле эскербейт, бирок ал эртели-кеч ар бир адамдын башына түшөт. Бул кайгылуу окуянын биринчи белгиси — үйдүн короосундагы боз үй. Маркумдун сөөгү бир нече күн дал ошол боз үйдө болот, аны менен коштошуш үчүн. Боз үйдүн ичинде кошок айтылат — аза күтүү ыры десе болот.

«Кичине кезимде өлгөнгө барып калганда баары ыйлап, кошок кошушканда бүткөн боюм дүркүрөп кеткени эсимде. Ал кез бүгүнкү күнгө чейин көз алдымда. Адамдын бүткүл өмүрү бир ырга батып айтылганы таң калычтуу», — дейт Найзабек.

Найзабек Мукамбетов менен Гүлиза Урустамбек кызынын сүрөт долбоорлору «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен IDEA CA тарабынан ишке ашырылган MediaJasa долбоорунун алкагында даярдалган. Алардын эмгектери Бишкекте Гапар Айтиев атындагы музейге коюлган.