Видео: Кара-Сууда жергиликтүү тургун орто кылымдарга таандык кумура таап алды

Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургуну Даңги суусунун жээгинен орто кылымдарга таандык кумура таап алды. Бул тууралуу 14-апрелде «Сулайман-Тоо» музей комплексинен маалымдашты.

«Жергиликтүү тургун мал айдап жүргөн учурда жердин астында кумура бар экенин байкап калган. Жамгырдан улам суунун жээгиндеги топурак урап түшүп, кумура көрүнүп калганда ал өз алдынча казып көргөн», — деп белгишети музейден.

Кумуранын бийиктиги 1,20 — 1,30 сантиметр болсо, диаметри 80 — 85 сантиметрди түзөт. Мындай кумураларга дан сакталып келгени айтылууда.

Ал аймактан башка дагы кумуралардын сыныктары табылган. Изилдөөчүлөр кезинде ал жер устакана болсо керек деп божомолдошууда.

Табылга Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» музей комплексине алынып келине турган болду.