Чет өлкөдө эмгектенип жүргөндөрдүн көпчүлүгү там салып, бүлө күтүп, бутка турууга аракет кылышат. Бирок, айрым адамдар үчүн миграция — киреше булагы эмес, эркиндиктин ачкычы. Буга айрым кыргызстандык ЛГБТ-кишилери мисал.

«Эркиндикке жол» сүрөт баянында өз өлкөсүнөн качып, Москвада баш калкалаган квир* адамдардын (сексуалдык каалоосу жана гендердик иденттүүлүгү көпчүлүктөн айырмалангандардын) окуясы баяндалат. Бул ирет Сумая кыялдары менен бөлүшөт.

Сумая — 21 жашта. 2020-жылдан бери Москвада иштейт.

«Келечекте транс* депутат болом» деп чакан караңгы бөлмөдөгү диванда отурган Сумая, ачык турган терезеден жаңы гана бүчүр байлап келе жаткан сырттагы дарактарга көз чаптырды. Ал үч жылдан бери Москвада иштейт. Өзүнүн транс* кыз экенин үй-бүлөсүнө айтканда, кабыл алышкан эмес. Ошого бөтөн жерде качып жүрүүгө аргасыз.

Транс* кыз — төрөлгөндө жынысы эркек деп белгиленген, бирок өзүн кыз катары аныктаган инсан.

«Жаш кезде транс* депутат болом деп кыялданчумун. Анткени ал кезде ЛГБТга каршы көп митинг өтүп, депутат болсом ошолорду чечем деп ойлончумун. Азыр деле кыялданам. Бул менин тандоом, кичинемде эле өзүмдү эркек катары сезчү эмесмин, кыздай сезчүмүн. Көчөгө чыкканда кыздардай кийинип жүрүү жагат болчу», — деп Сумая таза абадан кере дем алды.

Балалык жана өзүңдү кабыл алуу мезгили

Терезелери караңгылатылган бөлмөгө ачык турган бир терезеден гана жарык кирип жатат. Коңшу чоңураак бөлмөдөгү телевизордон чыккан музыка Сумая отурган бөлмөгө чейин угулууда.

Ойлуу турган кыз өзүнө келе түшкөндөй чылымын түтөтүп, олуттуу жүзү менен: «Үй-бүлөм көп кыйынчылык көрсөткөнү үчүн балалыгымды эстегим келбейт. Кысым көрсөтүп баштаганда Москвага качып келдим», — деп калыбынан жазбай акырын үн катты.

«Балалык кезимде эч нерсе болгон эмес, бул менин өзүмдүн тандоом болгон — 14 жышымда өзүмдү кыз сезе баштагам. Ага чейин кыздар менен чоңоюп, кыздар менен жүрүп, мектепте баары байкашчу, бирок эч ким, эч нерсе деген эмес. Кийинчерээк классташтарым, кошуналар “кызсын, кызтекесиң” дей башташты. Мен андайга көңүл деле бурчу эмесмин», — деди ал.

Бөлмөдөгү дивандын үстүнө жабылган кызыл кездеме терезеден тийген нурдан улам бөлмөнү кызгылт түскө боёду. Жанындагы текчеде турган косметиканын күзгүсү күнгө чагылды.

«Жаңыдан кыз болуп баштаган кез өзүмө жакчу. Гормондорду ичип, кыз сезип баштагам. [...] Ата-энем “оорукчансын, ишке жарабайсың” деп психикалык ооруканага жаткырып коюшкан. Доктур менен сүйлөшүп “жинди эмесмин, бул жолду өзүм тандадым” десем, ал “түшүндүм, үй-бүлөңдү ойлошуң керек” деп көп нерселерди айткан. Ооруканада 10 күн байлап жаткызышты. Кийин 20 күн эч жакка чыгарбай үйдө кармашты. 18 жашымда Москвага качып келе бергем», — деп ал ошол учурду эстегиси келбегендей терс бурулду.

Москвага келе жатканда Сумаяны чек арадан «жөн өткөрүшкөн» эмес. Анын айтымында, Москвадагы чек арачылар анын паспортун көрүп, ишенбей бөлмөгө киргизип, жылаңачтап текшеришкен. Себеби, Сумаянын паспортунда ал эркек деп көрсөтүлгөн.

Москвадагы күндөр

Азыркы тапта Сумая эки бөлмөлүү батирде төрт курбусу менен жашайт. Баары Кыргызстандан келген. Алар бирге тамактанып, бирге иштеп, чогуу көчөгө сейилдегени чыгышат.

«Интимдик кызмат көрсөтүү транс* кыздар үчүн эң ынгайлуу жана коопсуз» деген Сумая, бул иш анын негизги киреше булагы экенин белгилейт. Анын айтымында, документиндеги гендердик белгисинин өзгөртүлбөгөнү башка жумушка кирүүсүнө мүмкүндүк бербейт.

«Интимдик кызмат көрсөткөн трансгендер адамдардын атайын сайты бар. Ошол жерден анкета ачып, реклама аркылуу кардарларды алам. Үч жылдан бери иштеп келе жатам. Дискриминация, расизм деген нерсе жок, кардарларым ишин бүтүрүп эле кетишет», — деп Сумая сейилдеп келүү үчүн кийинип, бир аз боёнду.

Сумая трансгендер адамдар көбүнчө батир табууда кыйналышат деп белгилейт. Анын айтымында, батир берген күндө да, кожоюндар билип калса, айып пул төлөтүп же үйдөн кубалап салган учурлар да болот.

Сумая батирден чыгып келе жатып «өткөндө эле полиция тарабынан кысым болду» деп, күндөн коргоочу көз айнегин тагынды. Курбулары менен имараттан чыгып, сейил бакты көздөй басты.

«ЛГБТны пропаганда кылып жатасыңар деп 5000 рубль айып салып, Москвадан чыгып кет дешти. Аны төлөбөйм дагы, чыгып дагы кетпейм. 2-3 күн кармашты. Полиция кызматкерлери бизди мазактап күлүштү. Алардын антүүгө акылары жок, “биз, транстар деле адамбыз” деп жообун бердим», — деп жолун улады ал.

Сумая трансгендер адамдарга полициядан тышкары, мекендеш мигранттар тарабынан дагы кысым болорун белгилейт. Анын айтымында, кээде транс* кыздарды кыргыз, тажик же өзбек улутундагы кишилер сабап кеткен учурлар болот.

«Бул жакта мен үчүн эч кандай коркунуч жок. Эч нерседен коркпойм, Москвадан чыгып да кетпейм. Калам деп чечтим. Жаңы иштеп баштаганда уруп-сабап кетпесин деп коркчумун. Бирок азыр көнүп калдым», — дейт ал.

Сумая курбусу менен тамашалашып жатып, элдин аны кабыл албай, ишенбей, акаарат айтканына маани бербей, башкалардын оюна көңүл бурбай калганын белгиледи.

«Кыргызда “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” деген макал бар го. Ошол сыяктуу жаман көргөндөр иттей үрүп ушактай берсин, мен өзүм каалагандай жүрө берем. Башкалардын сыны, сөз кылганы тескерисинче мага күч болот», — деп балалык кыялын эстегендей Сумая суунун аркы өйүзүнө көз чаптырды.

Сүрөт баян Unit журналисттер жана активисттер коомунун колдоосу менен даярдалды.

Материалдын автору: Маматказы Расул уулу.

Редактору: Найзабек Мукамбетов.