Токтогулдагы жол кырсыгы: Абалы оор делип жаткан эки мугалимдин бири өзүнө келди

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсыгына кабылып, акыбалы оор делип жаткан эки мугалимдин биринин абалы жакшы. Экинчиси дагы эле көзүн ача элек. Бул тууралуу 16-апрелде «Клоопко» райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Зулпукарова билдирди.

Анын айтымында, ооруканага жалпы төрт мугалим жана айдоочу жаткырылган. Оор абалдагы эки мугалимдин бири көзүн ачып, палатага которулду. Экинчисинин абалы оор бойдон калууда. Ал эми бир мугалим үйүнө чыгарылды.

14-апрелде Токтогул районунун Көтөрмө айылындагы Кубат Чокоев атындагы орто мектебинин мугалимдери жол кырсыгына кабылып, математика мугалими, 44 жаштагы Сүйүнбү Момунбаева каза болгон.

Зулпукарова кырсык аталган мектептин мугалимдери жыл сайын өткөрүлүүчү «Жыл мугалими» сынагынан аймактык баскычынан келе жатканда болгонун билдирди.

«Сынак Бел-Алды айыл аймагында өткөн. Чокоев мектебинин атынан катышып жаткан мугалимди башка мугалимдер коштоп барышкан. Ал мугалим биринчи орунду ээлеп, калгандары кубанып бара жатышкан экен», — деди билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Зулпукарова айдоочу унаанын алдына чыга калган малды сүзүп албайын деп, жолдон чыгып кетип кырсыкка кабылганын кошумчалады.

Ал каза болгон мугалим 26 жылдан бери математика сабагынан билим берип, тажрыйбалуу мугалим болгонун белгиледи. Маркумдун артында төрт баласы калды.