Ысык-Көл облусунун тургуну короосундагы түтүктөн суу алып атат. Сүрөт: Найзабек Мукамбетов / Kloop

Сиз Кыргызстандагы ири шаарлардын биринде жашап, түтүктөн дайыма таза суу агып турса — демек, абдан жолдуусуз. Өлкөдө таза сууга болгон таңкыстык дагы деле жогору бойдон калууда — канчалаган айылдарда дагы деле суу чыкпайт. Кыргызстандын ар башка аймактарынан келген жарандар ичүүчү суу жок кантип жашап жатышканын «Ашарга» айтып беришти.

Өкмөттүн 2020-жылга карата маалыматына таянсак, республиканын 448 айылы суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүүгө муктаж болсо, 715 айылда толугу менен жаңысын куруу керек. Ал эми Мамкурулуш Кыргызстанда 234 миңге жакын кишинин таза сууга жеткилиги жок экенин билдирген.

2022-жылы Kloop Media басылмасынын «Ашар» долбоору Кыргызстандын бардык облустарынан чогулган 170 тургунду онлайн-сурамжылоого алып, таза суу маселеси боюнча абалын сураган. Андан соң долбоордун кызматкерлери бир нече катышуучудан таза сууну кайдан алып ичишери боюнча маек алган. Эгерде сиз жашаган аймакта дагы таза суу көйгөйү бул окуяларга үндөшүп жатса, төмөндөгү шилтеме аркылуу кирип, чечүүнүн нускамасын көрсөңүз болот.

Айыл өкмөтү, акча кайда?

Нарын облусунун Ата-Башы районунун Ак-Жар айылынын тургуну Адилет Султановдун айтымында, ал жашаган айылда суу түтүктөрү совет мезгилинде орнотулган, андан бери оңдоп-түзөө болгон эмес. Түтүктөр эскирип, көчөдө орнотулган колонкалар качан эле жок болгон.

«Биз, мисалы сууну өзүбүз чыгарып алганбыз — төрт-алты метр тереңден — ар кимдики ар башка. Насос койдургандар бар, кээси жөнөкөй “качалка” менен. Сен бул жактан сууну сордуруп атсаң, балким ошол жерге бирөө заара кылган же жакын жерге даараткана куруп алган», — дейт ал.

Адилет ак-жарлыктар сууну ичерден мурун кайнатарын айтат, ошентсе да кермек даамы кала берет. «Башка айла жок, эмне кылмак элек», — деп кол куушурат тургун.

Анын айтымында, мындан 10 жылдай мурда айыл өкмөтү жашоочулардын суу түтүктөрүн оңдоого деп акча чогулткан.

«Укканым боюнча, чоң апам 700 сом бериптир. Ал кезде 700 сом чоң акча болчу. Ашар жолу менен суу киргизебиз дешти деген сөз болгон», — дейт Адилет, ошол бойдон эч кандай түтүк жаңылоо, суу өткөрүү болбогонун кошумчалап.

Чогулган акча кайда жумшалганын айыл тургундары билбейт. «Бири айыл өкмөтүнүн эсебинде дешет, кээси жок дешет — эч ким ачыгын айтпайт, — деп түшүндүрдү Адилет. — Мен көп эле сурап, [айыл өкмөтүнө] ушул маселе менен кайрылып көрдүм, бирок жогору жактагылар ал каражат жетишсиз, дагы чогултуш керек дешти.

Ак-Жардын жашоочусу бир-эки жыл мурун, ковид пандемиясынын учурунда айыл өкмөтүнөн суу түтүгүн киргизүүнүн жаңы сметасы түзүлгөнү тууралуу кабар келгенин эскерет — жаңы булактан алып киргизмей болушат.

«Тээ Сооронбай Шарипович Жээнбековдун учурунда эле бийлик ар бир айылга суу тартабыз деп айткан. Биз ошол программага кирдикпи же жокпу, азыркыга чейин билбейбиз, — дейт Адилет. — Эч кандай жылыш болгон жок. Бул эми жогору жактагылардын жумушу, карапайым элдики эмес».

«Ашар» Ак-Жар айыл өкмөтүнө телефон чалып, байланыша алган жок.

«Эптеп жашап атабыз»

Талас облусунун Манас районунун Покровка айылынын тургуну Адинанын* үй-бүлөсү суу көйгөйүнөн улам үй-жайын алмаштырууга аргасыз болгон. Алардын жаңы кирген үйүндө түтүктөн ысык-муздак суу бирдей агат.

*Каарманыбыз фамилиясын атабоону суранды.

Мурдагы үйүндө Адинанын жакындары таза сууну насос менен эмес, кудуктан арканга байланган чака менен тартып алышчу. Кудуктагы суу кир болгондуктан, бир нече жолу тундуруп, андан соң кайнатып гана колдонушчу. Кудуктун үстү ачык — ага жамгырдын суусу да, көчөнүн чаңы да аралашып турчу.

«Кудукту жаап деле коюшса болмок, бирок аны эч ким кылган жок. Эки-үч үй-бүлө колдончубуз, ошондуктан ага эч ким деле этият мамиле кылчу эмес», — деп түшүндүрдү Адина.

Анын айтымында, Покровканын жашоочуларынын көпчүлүгү насос орнотуп, суу масалесин өз күчү менен чечип алган. «Ашардын» кызматкерлери Покровка айыл өкмөтүнө көп жолу байланышууга аракет кылганы менен, майнап чыккан жок.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылынын тургуну Кадичанын* айтымында, абал салыштырмалуу жакшыраак — айыл тургундарынын түтүктөрүнөн суу чыгат. Бирок күнүнө 3 сааттан эле. А кышкысын таптакыр жок — анткени түтүктөр тоңуп калат, дейт Кадича.

*Каармандын суранычы менен аты өзгөртүлдү.

«Балдар чана менен өзөндөн ташып келет. Обком тарапта түтүк бар — ал жерден бала-чака бөтөлкө менен ташыйт, неберелерим алып келишет», — деп айтып берди айыл тургуну кышындагы суу жок кезди эскерип.

Суу түтүктөрүн оңдоо үчүн чогулган көпчүлүктүн акчасы дайынсыз жоголгону боюнча окуя Мырза-Акеде да кайталанды — Кадича 15 жыл мурда, ошол кездеги айыл өкмөтүнүн башчысы айыл тургундарынан суу киргизебиз деп акча жыйнаганын айтат.

«Өтө чоң сумма болчу. Биздин жамаат — 60 адам — үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнөн 250 сомдон бергенбиз. Ал кезде бул чоң эле акча болчу. Мен өзүм 1000 сом бергем, жалпы жамаат берген. Кийин акчанын дайыны чыкпай калды», — дейт ал.

Бир жолку акча чогултуу менен бул окуя бүткөн эмес дейт аял — кийин айыл башчысы чогулган акча жетишсиз экенин айтып, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнөн дагы 200 сомдон топтогон — айрымдар айлыгынын жарымын берген.

«[Айыл өкмөтүнүн башчысы] акчаны кайсы бир банкка берип, үстөк пайызын алмак имиш. Анан кийин ал банкир качып кетет окшойт. Ушул ызы-чуу көп жылдан бери уланып келе жатат. Азыр эл сурабай деле калды. Өкмөт башчы көчүп кеткен, Бишкекте жыргап-куунап жашап жүрөт. А биз дагы суудан куру калдык», — дейт Кадича.

Анын айтымында, азыр Мырза-Акенин жашоочулары айына 200 сомдон төлөшөт — анын ичинде кышкысын дагы — ал эми суу сейрек келет, тунуп тазарганча чоргону көпкө чейине агызып коюшат.

Жергиликтүү таза суу агенттигинин участка башчысы Жолдошбек Базаркулов Мырза-Акеде суу күнүнө саат 9дан тартып алты саат агат деп билдирди — жайында — жети саат. Себеби, анын айтымында, айылда суу топтолуучу резервуар жок. Андыктан күнү-түнү суу берүүгө мүмкүн эмес.

Базаркулов «мамлекеттин суусу үчүн» айыл тургундары киши башына 26 сомдон 45 сомго чейин төлөөрүн, арасында короосунда скважина казып алгандар да бар экенин айтты. Кышкысын суу чыкпай калат деген маалыматты аткаминер четке какты: «Балким аз-маз тоңгондур, негизинен суу берилип жатты. Азыр күн жылыды, баары эрип атат, суу бар».

Базаркуловдун айтымында, март айында Мырза-Акеде Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун алкагында суу түтүктөрүн жаңылоо башталат. Анын биринчи фазасы 15 айга созулат.

Сиз жашаган айылда таза суу көйгөйү курч — эмне кылса болот?

«Ашар» командасы өзү жашаган аймактын таза суу маселесин чечүүнү каалаган активисттерге колдоо көрсөтөт. Сиздерге маселени чечүүнүн жолдорун сунуштай алабыз: мамлекеттик органдарга сурам даярдоодо, видео кайрылуу жаздырууда, айыл өкмөтү менен байланышууда көмөк көрсөтөбүз. Же болбосо, маселени оң жагына чечүүгө кол сунуучу тилектештерден турган команда топтоого жардам беребиз. Аны менен катар, кеп-кеңеш айтып, зарыл болгон контакттарды издешип, колубуздан келген жардамды көрсөтүүгө даярбыз.

Бирок, биз болгону жардам беребиз, мында башкы каарман — сиз жана чөйрөңүзгө өзгөртүү киргизем деген каалооңуз. Биз биргелешип мамлекеттен тикелей функцияларын аткарууну талап кыла алабыз. Кээде, айыл өкмөтүнө тажабай улам телефон чалуу менен көп жыл чечилбеген маселени чечүүгө болот. Ушундай майда, бирок маанилүү кадамдар менен өлкөбүздө позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасасак болот.

Азыр, ушул мүнөттөрдө эмне кыла аласыз? Биздин билдирмени толтуруңуз (шилтеме төмөндө). Ага Google же Apple аккаунт аркылуу кирип, «Суу көйгөйү жөнүндө билдирүү» баскысын басып, өзүңүз жашаган аймак тууралуу маалыматты толтурасыз. Андан соң «Текшерүү» баскычын басуу менен, сиздин аймакта суу менен камсыздоо боюнча кандай долбоорлор ишке ашырылганын, пландалганын жана ушул тапта жүрүп жатканын көрүүгө болот. А балким, сиздин айыл бир дагы долбоорго кирбеген болуп жүрбөсүн?

Билдирмени толук толтуруп, бизге жөнөткөнүңүздөн кийин сиз менен байланышабыз. Байланышта болуп, долбоорго көз салып туруу үчүн телеграмдагы тайпага кошулсаңыз болот (шилтеме форманын ичинде). 

Андан тышкары, долбоордун координаторлоруна кат жолдоңуз. WhatsApp – бул жана ушул шилтеме  аркылуу. Ал эми телеграм – ушул  жана бул жерде. 

Материалды «Ашар» командасы даярдады. Бул Kloop Media фондунун «Клооптун» редакциясынан көз карандысыз долбоору.