Жалал-Абад: Мыйзамсыз иштеген медресе аныкталып, айып пул салынды

Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан медресе аныкталып, айып пул салынды. Бул тууралуу 18-апрелде Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери мыйзамсыз иштеген медресени аныктап, териштирүү башталган. Иликтөө иштеринин натыйжасында, милиционерлер үйүндө «Илим-Хумар» аттуу окуу борборун уруксат кагаздары жок иштетип жаткан жаранды аныкташкан.

Ага «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу» беренесинин негизинде 5 500 сом айып пул салынды.

11-мартта ушул эле облустун Сузак районунда мыйзамсыз иштеп жаткан медресе аныкталган. Ага да 5 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Авторлору: Нураида Рахманова, Айгерим Ыстамаматова