Ошто сейил бакка келген тургундарды коркутуп тоноп жүргөн киши кармалды

Ош шаарында тоноого шектелип 23 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу 19-апрелде Ош ШИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү шаардагы Навои паркына келген жарандардын телефондорун коркутуп тартып алып жүргөн. Анын үстүнөн 5 арыз түшкөн.

Буга байланыштуу «Тоноо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү эки айга камакка алынды.