Акыйкатчыга тоскоолдуксуз иштөөгө мүмкүндүк бергиле — Активисттер депутаттарга кайрылды

60тан ашык активист, журналист жана коомдук ишмер парламент депутаттарына кайрылуу жолдоду. Алар эл өкүлдөрүн акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кысым көрсөтүүдөн коргоого жана ишин тоскоолдуксуз улантууга мүмкүндүк берүүгө чакырышты.

Активисттер жана укук коргоочулар депутаттар Абдрахматованын 2022-жылдагы Кыргызстандагы адам укуктары жөнүндөгү баяндамасын үзгүлтүккө учуратуу менен «адам укуктарын сактоо маселесине кайдыгер мамиле кылышты» деп эсептешет.

Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында депутаттар Абдрахматованын баяндамасын аягына чейин укпай жана суроо бербей туруп, анын отчётун кабыл албоо боюнча добуш беришкен.

Анда «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Бакыт Сыдыков докладды кабыл албоону чечсе, кесиптеши Кундузбек Сулайманов Абдрахматовага карата ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү сунуштаган, бирок ал өз позициясына толук кандуу жүйө келтирген эмес.

Парламент депутаттары акыйкатчыга ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча талкууну жакынкы жыйындарда карашы керек.

«Тилекке каршы, депутаттар бул тармактагы [адам укуктары боюнча] иштерди талкуулоонун ордуна, докладга акыйкатчы кызматын аркалап жаткан алгачкы аял, алгачкы укук короочу айым менен эсептешүү үчүн курал катары мамиле кылышты», — деп айтылат активисттердин кайрылуусунда.

Алар Абдрахматова акыйкатчы болуп иштеген бир жыл ичинде «өзү жетектеген институттун ишмердүүлүгүн ага кайрылган ар бир адамдын укугун коргоого багыттаганын» белгилешти. Алар Абдрахматова «активдүү болуп, ыкчам чара көрүп жана көз карашын айтуудан коркпогонун, анын ичинде жарандардын, саясий ишмерлердин, журналисттер менен блогерлердин дагы укугу бузулганы боюнча пикир билдиргенин» айтышты.

«Жарандык жана саясий укуктар боюнча калыс позициясы, жогору жактагылардын анын ишмердүүлүгүнө нааразы болушунун негизги себеби катары кабылдадык», — деп кайрылууга кол койгондор «акыйкатчы унчукпай турбашы керек» деп белгилешти.

Кайрылууда эгер Абдрахматова мөөнөтүнөн мурда кызматтан алынса, бийлик «укуктары тебеленгендердин үнүн угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт» деп белгиленет.

«Аны кызматтан четтетүү демократияга жана кыргыз коомчулугунун эркин духуна каршы белги катары кабылданып калышы мүмкүн», — деп эсептешет активисттер менен укук коргоочулар.

Ошондой эле алар президент Садыр Жапаровго жана эл аралык уюмдарга «акыйкатчынын айланасында жаралган чукул кырдаал» боюнча пикирин билдирүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңештин тандоосу менен акыйкатчы кызматына 2022-жылдын 2-мартында дайындалган. Ага чейин ал Борбордук Шайлоо Комиссиясында төраганын орун басары болуп иштеген.