Иллюстрация: Алина Печенкина

Материалдын түп нускасы Кыргызстанда инклюзивдик коомду жайылтуу боюнча InKoom долбоорунун сайтында жарыяланган.

Айнура Телеушева маданият жана искусство чөйрөсүндө инклюзия менен алектенген Love-Life коомдук фондун жетектейт.

Майыптык эч нерсеге тоскоол болгон жок

Ал бала кезинде апасы менен бирге кырсыкка учурап, майып болуп калган. Айнура омуртканын компрессиялык кысылышынан жабыркап, ал эми апасы каза болгон. Майыптык Айнурага жогорку билим алууга, ар кандай тармактарда иштөөгө, сонун бала төрөөгө, унаа айдаганды үйрөнүүгө, жада калса парламентке талапкерлигин коюуга тоскоол болгон жок.

Айнура мектепте окуган эмес – ага мугалимдер өздөрү келишкен, бирок ал КМКТАУга дизайнер-архитектор адистигине тапшырууга жетишкен.

«Мен окуш үчүн лифт иштетилген. Мен 6 жыл окудум, досторум көп болчу. Мен дизайнер болуп иштеген жокмун, анткени мүмкүнчүлүк жок экендигин түшүндүм. Дизайнер иштеп жатканда, ал курулуш аянтчасында болушу керек, жабдууларды сатып алышы керек, барып турушу керек. Бизде баары жеткиликтүү эмес. Ошондуктан мен башка нерсени издеп, социалдык жашоону таптым», – дейт Телеушева.

Каалаган жумушту табуу өтө кыйын

Телеушева ар кандай тармактарда иштөөгө жетишкен – өзгөчө муктаждыгы бар адамдар ыңгайсыздыктар менен көп кездешет. «Майыптыгы бар адамдарга иштегиси келген жумушту табуу абдан кыйын. Ооба, майыптыгы бар адамдар үчүн квоталар бар, бирок жумуш орундары ыңгайлаштырылган эмес», — деп кошумчалайт ал.

Азыр Айнура майыптыгы бар адамдардын укугун коргоо менен алектенет – ал өзгөчө муктаждыгы бар адамдарды коомго интеграциялоо боюнча долбоорду координациялайт.

«Биз мамлекеттик кызматкерлерге, медицина кызматкерлерине жана укук коргоо органдарына майыптык деген эмне экенин түшүнүш үчүн тренингдерди өткөрөбүз. Бул оору эмес, физикалык абал жана майыптыгы бар адамдар иштей алат. Майыптыгы бар адамдарды жалдоодо, аларга керектүү шарттарды түзүүдө ушул факторлорду эске алыш үчүн. Ошондой эле кантип туура мамиле кылууну үйрөтөбүз. Көптөгөн майыптыгы бар адамдар медициналык мекемелерге, укук коргоо органдарына кайрылышат – аларга орой мамиле жасалган учурлар көп болот. Өзгөчө медициналык органдарда, мамлекеттик ооруканаларда жана укук коргоо органдарында шалаакылык менен мамиле жасалып, ал тургай майыптыгы бар адамдардан арызды да кабыл алыпшпайт», — дейт Телеушева.

Көйгөйдү чечүү үчүн парламентке аттануу

Майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрүн жогорку деңгээлде чечүү үчүн Айнура Телеушева 2022-жылы парламентке талапкер болгон.

«Мен “Ынтымак” партиясынан ат салышкам, бирок жетиштүү добуш алган жокмун. Мен азыр күтүү тизмесиндемин. Квота болгондуктан, партия мага кайрылып, аял катары да, майыптыгы бар адам катары да бир нече позицияны жаптым. Алар мага талапкер болуумду сунушташты, мен макул болдум. Бул абдан кыйын болду. Мен жолугушууларга барганда адамдар мени эч нерсе кыла албаган адам катары карашканына туш болдум. Мени биринчи жолу көргөндө ошентип ойлошту. Бирок кийин мен пенсионерлер менен, майыптыгы бар адамдар менен, энелердин бакубаттуулугу үчүн, майыптыгы бар адамдар үчүн бардык шарттар жана квоталар болушу үчүн иштейм деп айта баштадым. Алар уга башташты. Мен чоң ийгиликтерге жетиштим деп эсептейм. 820 добуш алдым. Майыптыгы бар адамдарга мындай санда добуш алуу кыйынга турат», — дейт Айнура.

Телеушева кайрадан парламентке талапкерлигин коюуну пландап жатат, анткени анын пикири боюнча өкмөттө жана Жогорку Кеңеште майыптыгы бар адамдар сөзсүз түрдө болушу керек.

«Мен коом менен иштешип, майыптыгы бар адамдар бардык аярлуу темаларды билерин жана парламентте башка адамдарга караганда көп нерсе кыла аларын түшүндүрүш керек экенин түшүндүм, анткени алар дайыма көйгөйлөргө дуушар болушат» — деп ойлойт Айнура.